Айбат » Фатима Султанова, ырчы: “Өкмөт тарабынан мыйзам бузгандарды катуу тартиптин негизинде жазалаш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Фатима Султанова, ырчы: “Өкмөт тарабынан мыйзам бузгандарды катуу тартиптин негизинде жазалаш керек”

Фатима Султанова- Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоодо айрым партиялар добуштарды акчага сатып алууну пландап жатыптыр. Жарандар өз добушун акчага сатса мамлекеттин келечеги кандай болот?

–  Эл өз аң сезиминин деңгээлине жараша партияны тандап алат. Биз канча аракет жасабайлы өзгөртө албайбыз. Ошондуктан актанба, арызданба, күнөөлөбө деген мыйзам менен жашашыбыз керек болуп калды. Жашоонун деңгээлин көтөрүү үчүн ар бир атуул, өз аң-сезим, дүйнө таанымын көтөрүп жашоону үйрөнүүсү керек. Качан гана ар бир инсан оюна, сөзүнө, ишине жоопкерчилик алганда гана бизге ошондой Эл башчылары, уулдары пайда болот. Биз азыр ошол мезгилди башыбыздан өткөрүп жатабыз. Азыркы шайлоо болорунча болот, бирок биз мында чын эле эл кызыкчылыгын ойлогон адамдарды шайлообуз учурдун зарыл талабы.

 – Негизи мыйзам боюнча добуш сатып алууга тыюу салынат. Мындай көрүнүштөр катталса кандай чара көрүш керек?

– Азыр бул ачык эле пикирлер айтылып жатат. Ар бир добуш миң сомдон сатылаары анык болуп калды. Өкмөт тарабынан мыйзам бузгандарды катуу тартиптин негизинде жазалаш керек. Ошентип биз шайлоонун сапатын жылдан жылга жогорулата алабыз.

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru