Айбат » Президенттин Аппараты: “Ташиев от менен ойнобосун”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Президенттин Аппараты: “Ташиев от менен ойнобосун”

Камчыбек Ташиев“Республика Ата Журт” партиясынан 41-тизме менен шайлоого аттанган Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда аймактык ажырымды козуткан билдирүүсү коомчулукта катуу сынга алынууда. Ал “президент өз кичи мекенине  кошумча шайлоо участокторун ачып шайлоону бурмалоого аракет кылып жатат” деп балп эттирген экен. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылда туулганын эске алганда, аталган райондо бир да кошумча участок ачылбай турганы маалым. БШК ички миграцияны эске алуу менен Ош жана Бишкек шаарларында кошумча участокторду ачарын жарыялаган. Камчыбек мырза дал ушул маалыматты туура эмес угуп алган же, атайын жердештеринин алдында аймактык кызыкчылыкты колдонуп добуш алгысы келип жатат.

Ал эми дүйшөмбү күнү Президенттин аппараты бул боюнча атайын билдирүү таратты. Анда Аламүдүн районунда эч кандай шайлоо участогу ачылбай турганы айтылып, Ташиевдин айткандары регионалдык араздашууга түрткү болору белгиленген. “К.Ташиевдин провокациялык ой-жоруму коомчулукта кайсы бир «бийликтин партиясынын» электоратын көбөйтүү максатында  «Президенттин туулган жери болгон» атайын бир райондордо жаңы шайлоо участоктору түзүлүүдө деген ойду жаратууга багытталгандыгы анык. Бул билдирүүдө региондор аралык маселеге да басым жасалгандыгы сезилет. Бирок, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын маалыматына таянсак, кошумча шайлоо участоктору Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларында эле түзүлгөн. Чүй облусттук аймактык шайлоо комиссиясы боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлгөн эмес”, – деп айтылат аталган билдирүүдө.

Андан сырткары Президенттик аппарат бардык партияларга кайрылып Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген билдирүүдөн алыс болуп от менен ойнобоого чакырган. “Саясатчынын мындай ыплас ой-жоруму анын буга чейинки алган жаракатынын кесепети болушу мүмкүн экендигин түшүнөбүз, бирок бул дагы анын шайлоо учурунда болсо да акылга сыйбас жоругун актай албайт. Анын үстүнө, учурда Мамлекет башчысынын атын өз мүдөөсү үчүн пайдаланып, региондор аралык араздашууну тутантуу аракети тууралуу кеп болууда.Мамлекет башчысынын Кыргызстандын баардык аймагындагы  кадыр-баркы жалпы элдик шайлоо менен бекемделген жана шайлоо участокторунун  санына, алар жайгашкан орунга көз каранды эмес. «Республика-Ата-Журт» саясий партиясына жана башка бир катар саясий партияларга саясий күрөштүн ыплас ыкмаларын  пайдаланбоону, курулай каралоо жана популисттик бет тырмалыкка жол бербөөнү, этникалар жана региондор аралык мамилелерде от менен ойнобоону, шайлоо алдындагы үгүт ишин мыйзамга ылайык  таза өткөрүүнү сунуштайбыз”, – деп айтылат аталган Президенттин аппараты тараткан билдирүүдө.

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru