Айбат » Кайсы партиянын зоболосу өсөт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кайсы партиянын зоболосу өсөт?

шайлооАвгуст айынын аягында ЕСА (“Борбор Азия эксперттери”) консалтиң компаниясы кыргызстандыктардын шайлоодо кимдерге жан тартаарын иликтеп чыкты. ЕСА компаниясынын уруксаты менен биз ошол иликтөө жыйынтыгын акысыз жарыялап жатабыз. Ошону менен бирге бул маалыматтарга өз ой-пикирин билдирүүнү өтүнүп, ЕСА компаниясынын директору Талантбек Сакишевге кайрылдык

-  Бул иликтөө канчалык кеңири болгон?

– Башынан эле айта кетейин: бул биз өткөргөн биринчи эле өлчөп-ченөө эмес. Дегеле шайлоочулардын маанай-мамилесин ушул жылдын жаз айларында эле баштаганбыз. Бул сан-сапат жагынан өлчөп-ченөө да, бир катар фокус-топторду өткөрүү десек болот. Ошондуктан, соңку айларда  саясий күчтөрдүн салмагы кантип өзгөрүп турганы жөнүндө так маалыматыбыз бар. Ирети боюнча акыркы өлчөп-ченөө иш чарасын «Эл Пикир» эркин социологиялык кызматы менен бирге ишке ашырганбыз. Мында «Эл Пикир» сурап билүүнү түздөн-түз өткөрүп, биз болсо талдоочулук милдетти аткардык.

Бүт өлкө боюнча сурап билүүгө 3500 киши тартылган, «ылгап алуунун жаңылыштыгы 1,8дан ашпайт», бул болсо маалыматтар өтө так дегендикке жатат. Сурап билүүнүн ыкмасы – жекече маектешүү.

- Демек, азыр бардыгын саясий күчтөрдүн орду жана салмагы кандай экендиги кызыктырып жатат да?

– Биз респонденттерге берилчү суроону мындай деп түздүк: «Эгерде шайлоо бүгүн өтсө, сиз кайсы партияга добуш берет элеңиз?» Бүгүнгө карата кыскача корутундулап айтсак, коомдук пикирде партияларга көз караш кескин өзгөрдү. Эгер үч ай мурда көпчүлүк “Республика – Ата Журтту” тандаса, учурда, биздин оюбузча, бул Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы.

- Ал партия канчалык озду?

– Айырмасы орчундуу: СДПК тарапкерлери 21,4ды түзсө, “Республика – Ата Журт” пикирлештери болжолдуу 17,8ды түзөт. Аталган партиялардын биринчиси адамдар менен тикелей иш жүргүзүүгө басым кылат. Экинчиси болсо, балким, карапайым калк менен тыгыз алака-катнаштарды түзүүнүн ордуна жайында түштүктөгү жамаат башчылары менен өз ара иш-аракетке басым жасап, тарапкерлердин бир нече пайызынан айрылып калган да, эми жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ордун толтурууга ашыгууда. Анын натыйжасы кандай болоорун көрө жатарбыз. Бирок мен бир жагдайды анык айта аламын: кайсы гана партия болбосун, анын ийгилиги өз жетекчилерине гана эмес, ал өлкө чөлкөмдөрүн канчалык кучагына алганына жана жергиликтүү калк арасында жүргүзгөн ишине да көз каранды. Мында орчундуу дагы бир жагдай – “партия башчылары” атыккандар жасаган иш-аракеттердин канчалык даражада ырааттуу болгондугу да маанилүү. Тилекке каршы, башчылардын бардыгы эле ырааттуу кыймыл-аракеттерге жөндөмдүү боло бербейт. Партиялардын биригиши, алардын айрым мүчөлөрүнүн башка партияларга өтүп кетиши жана партиялардын өздөрүндө күчтөрдү кайрадан топтоштуруу сыяктуу көрүнүштөр буга далил. Ал эми карапайым шайлоочулар баарын байкап, өз алдынча жыйынтык чыгарып жатат.

- Демек, жарыш башталды. Эгер туура түшүнсөм, кырдаал толугу менен өзгөрүп  кетиши мүмкүн экен да?

– Иш жүзүндө жарыш башталган күн – 4-сентябрь эмес, муну баары эле түшүнөт. Мисалы, бул өнөктүккө СДПК эң кийинкилерден болуп киришти – чоң партиянын кыймылы жай, бирок зор болот эмеспи, ал күүлөнүп алгандан кийин…

Биздин талдоо көрсөтүп жаткандай, бул партиялардын аброю дале болсо өсө бериши ыктымал. Алдыдагы эки партиянын жарышы – кызыктуу жараян. Туруктуу үчүнчү орунду ээлеген “Ата Мекен” партиясы дээрлик 15га ээ, бул көрсөткүч жарандардын шайлоого кызыгуусу арткан сайын улам өсүп барууда, бирок аталган партия алдыда озуп бараткан эки атаандашынан артта калып жатат. Аталган партияларда болсо, ар бир партиянын ичинде жана анын мүчөлөрүнүн арасында  эмне болуп жатканына карабай, жылдан-жылга өз партиясы үчүн гана добуш берип жүргөн туруктуу шайлоочулар тобу бар. Балким, бул көрүнүш Орусияда Жириновский үчүн добуш бергендердин кулк-мүнөзүнө окшоп кетиши ыктымал. Бирок парламенттик шайлоо өнөктүгүндө алар жарышта алдыңкылардан болуп кетиши арсар.

- Жакында «Республика – Ата Журт» партиясынын башчысы билдиргендей, алардын максаты – парламентте 65 орундарга ээ болуу. Ушундай болушу мүмкүнбү?

– Менимче, депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болуу мүмкүн эмес. Мандаттардын басымдуу көпчүлүгүн, балким, бийлик партиясы гана ыйгарып алышы ыктымал, бирок ошондо да Конституция жол берген 65 орундардын баарын олжо кылышы күмөн. Анткени бул партиянын иш жүзүндө жасаган аракеттеринин өзү эле жетиштүү да. Албетте, бул иш-аракеттер президенттин өзүнө тыгыз байланыштуу болгондуктан, алар бийликтин ажырагыс бөлүгү катары кабыл алынат.

- Сиз СДПК жөнүндө кеп кылып жатасыз. Башка партияларчы, аларды калк кандай кабыл алып жатат?

– Кыргызстанда партия башчысынын мааниси өтө эле бийик бааланат. Кээде ал күйүп бүткөн күлдү тартып бараткан локомотив сыяктуу. Болгондо да, лидердин ажары, сүрү отун катары пайдаланат. Натыйжада жетекчиеме эмне айтканы, эмне жасап, убадаларды бергени, өз тегерегине кимдерди топтогону мааниге ээ болбой калат. Ошондуктан акыры барып шайлоочулар ал кишиден ирээнжип калары да туурулуу иш. Анткени, сиз билген бир кишиге эле добуш бергенсиз да, парламентке болсо сиз шайлабаган бир нече киши өтүп кетип жатпайбы.

- Деги канча партия ЖКга өтөт?

– Статистикалык маалыматтарга таянып, парламенттин азыркы курамынан үч партия 7дык босогодон ишенимдүү өтөт деп айта аламын: бул СДПК, «Ата Мекен» жана бириккен «Республика – Ата Журт». «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын да ийгиликке жетишүү үчүн эң жакшы шарты бар. Бирок кантсе да, «Өнүгүү-Прогресстин» өсүш кудурети чегине жетип бүттү, бул партия аталган босогодон өтүп эле кетсе, парламентте аларга тийиштүү 12-14 орундарга ээ болот. Башка партиялар да өсүүдө, алар баштаган төмөнкү деңгээл – 0дан 1,5га жетүү анча кыйын эмес, бирок 13дан 15га жетүү алда канча оор.

Мына ушул төрт партия азырынча туруктуу абалда.

- Демек, сиздин божомол төрт партия экен да?

– Шайлоо жарышы эми гана башталды, алдыңкылар дагы озушу мүмкүн. Бирок эскерте кетейин: шайлоо таза өтсө гана, 7дык босогодон аша албай жаткан партиялар шайлоочулардын добуштарын сатып албаганда гана, божомол жогоруда айтылгандай болот. Ал эми шайлоочулар добуштарын берсе, андай партиялар ал добуштарды сатып аларында шек жок. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, өлкөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө добуштардын “баасы” да түрдүү болот. Биздин пикирибизче, көп кишилер сунуш кылынган акчаны алып, бирок өздөрү каалагандай добуш берүү ниети бар. Бирок бул куру сөз. Анткени адамда абийир, ыйман да бар эмеспи. Ошондуктан көп кишилер акчаны алган соң, алардын добуштарын сатып алган «эргул саясатчыларды” алдагысы да келбеши ыктымал. Ошондуктан коом бул тууралу ачык айтып, сатып алгандын да, сатылгандын да мындай жоругу жаман, керек болсо ыплас экени тууралу эскертүүгө тийиш. Азгыргандар, алдагандар болот – мына ушунун өзү кабатыр кылат.

Которгон Адилет Молдобаев

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru