Айбат » Максим Бакиевдин «шакирти» Абдимуктар Маматов баскынчылыгы менен «Ата мекенден» ардактуу ордун тапканбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Максим Бакиевдин «шакирти» Абдимуктар Маматов баскынчылыгы менен «Ата мекенден» ардактуу ордун тапканбы?

Абдимуктар МаматовСаясаттын чордонунда кайнай турганын алдын-ала билген адам өзүнүн ишмердүүлүгүндө алды-артын байкап, колунан келишинче таза жүрүүгө, акыйкат болууга тырышышы керек. Себеби эртеңки күнү анын коомчулук алдында жүзү жарык болот. Эч бир жан анын баскан изинен «баткак» таба албай калмак. Тилекке каршы биздин саясат айдыңыбыз үч уктаса да түшүнө саясат айдыңы кирбегендер менен көбүрөөк толукталып атканы кызык болуп турат. Алды-артын карабай, ач көздүк менен байып алуунун амалын кылып жүрүп эле парламентке келип калгандар аз эмес. Мына ошондойлордун катарын «Ата-Мекен» партиясы менен парламентке келген Абдимуктар Маматов да толуктап тураары белгилүү болду. Бул «эренге» депутаттык мандат жаккан белем, 4-октябрдагы шайлоого дагы «Ата мекендин» тизмесинде 15-болуп аттанды. Биздин каармандын өткөнүнө саресеп салсак, кадимки экс-ханзаада Максим Бакиев менен байланышы калкып чыгып, баскынчылык менен шугулданганы ашкере болуп атпайбы!

Абдимуктар мырза убагында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып таптакыр эле башка адамдар түптөгөн «Мунайзат» ЖЧКсынын акционерлеринин үлүштөрүн өзүм билемдик менен тартып алган экен. Бул тууралуу коомчулукка июль айынын орто чендеринде Бишкек шаарынын тургуну Таабалды Каратаев жарыя кылган эле. Окуяны башынан баяндап берели.

Тээ эгемендикке жаңыдан ээ болгон жылдары, тагыраак айтсак 1993-жылы Таабалды Каратаев, Рашид Бостонов, Равшан Бостонов, Турдухан Абилова (А. Маматовдун аялы), Алишер Базаркулов, Таалай Сартпаевдер биригип калкты нефти продукциясы менен камсыз кылуу максатында «Мунайзат» ЖЧКсын (учурдагы «Петрол Груп») түзүшөт. Бул ЖЧК түзүлгөндө бардыгынан үлүшү көбү Таабалды Каратаевдики болгон. Анын үлүшү -28, Р. Бостонов менен Т. Абилованыкы 27дан, А. Базаркулова менен Т. Сартбаеваныкы 6дан болуп бөлүнгөн. Таабалды мырзанын үлүшү көбүрөөк болгондуктан көбүрөөк жоопкерчилик анын мойнуна илинип, «Мунайзатты» бутунан тургузуу үчүн колунан келишинче катуу аракетин жасаган. Анын аракетинин акыбети кайтып Россия Федерациясынан күйүүчү майды 4700 тонна өлчөмүндө алып келүүгө жетишет. Бул албетте ошол убактагы чоң жетишкендери болгон. Себеби ошол ийгиликтен кийин алардын бизнесине даңгыр жол ачылып, «Мунайзаттын» бюджети бир нече жүздөгөн миллион сомго көтөрүлөт. Анан анын акционерлери компанияны ирилештирүү максатында арадан беш жыл өткөн соң 1998-жылы ишкананы кайрадан каттоого алышып «Мунайзат» ЖАКсын түзүшөт. Компания кайрадан катталгандан кийин эле таптакыр түшүнүксүз кырдаалдар жасала баштайт. Маселен, кайрадан каттоодо эч кандай себептери жок эле негиздөөчүлөрдүн катарынан Равшан Бостонов, Турдухан Абилова, Алишер Базаркулов, Таалай Сартбаевдер чыгып калган. Булардын бардыгынын ордуна ошол убакта Жалал-Абад нефти ишканасынын башкы директорлугун ээлеп турган, азыркы тап «Ата-Мекендин» атынан бакыйган депутат Абдимуктар Маматов катталып, асмандан түшкөндөй болгон 64 акциянын ээси болуп чыга келет. Баарынан кызыгы мурда бардыгынан үлүшү көп болгон Таабалды Каратаевдин 28ы өзүнөн-өзү эле 20 болуп кичирейген. Ал эми Рашид Бостоновдун 27ы 16 болуп калган. Бул цифраларды далилдей турган документтер бар. Абдимуктар мырзанын рейдерлик басып алуусу ушуну менен токтоп калбай, андан ары «аппетити» катуу ачылып, мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жасоосун уланта берген. Мисал керекпи? Андай болсо келтирели, 2009-жылы ал жасалма протоколдун жардамы менен компаниянын кошумча акцияларын чыгарган. Ал эми компаниянын Уставы боюнча мындай кошумча акцияларды чыгаруу үчүн анын акционерлеринин үчтөн эки бөлүгүнүн макулдугу керек эле. Башкалардын пикири менен эсептешкиси келбеген Маматов ошол убактагы бийликтеги ишенген кожолорунун арты менен «Мунайзатты» толук ээлеп калуунун аракетин андан ары күчтөнткөн. Өздөрүнүн үлүштөрүн тарттырып аткандары аз келгенсип, башында компанияда аты-жыты жок адамдын келип алып өз бийлигин мыйзамсыз жүргүзүүгө жасаган далалатына нааразы болгондор укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, «Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн» демекчи ошол убакта «ити чөп жет аткан» Маматовдун мыйзамсыз аракеттери тиешелүү мамлекеттик органдардын көз жаздымында калган. Анан андан ары Абдимуктар мырза өзүнүн үлүшүн эч кимден сурабай туруп 73,18ка көтөргөн. Р. Бостоновдун үлүшү 11,92ка, Т. Каратаевдики 14,9ка «арыктаган». Эмнеге? Эч кандай жооп жок. Жадакалса Маматов «Силердин үлүшүңөр ушундай болуп азайды» деп эскертип да койбогон. Жөн гана өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, компаниянын толук кандуу кожоюну болуп чыга келген. Бул жерде да Устав бузулганын эскерте кетели. Себеби мындай чечимди кабыл алууга да акционерлердин үчтөн экисинин макулдугу керек болчу. Ачкөздүктүн «тормозу» кармабай калганда жаман болот тура? Ошентип өзүн-өзү компанияга «хан» шайлап алган Абдимуктар мырза ЭЧКнын мүлктөрүн өзү каалагандай баада жакын туугандарына сата баштаган. Конкреттештирип айталы, «Мунайзатттын» карамагындагы нефтебазаны 1 гектар жери менен кошо 950 миң сомго сатат. Анын ошол кездеги чыныгы базар баасы бир миллион долларга бааланмак. Демек канча эсеге арзан сатылып кеткенин эсептей бериңиз? Бир миллион доллар эмес, бир миллион сомго да бааланбай калып атпайбы? Эми аны кимдерге сатканын тактап көрбөйлүбү? Өзүнүн көрөөр көзү болгон жубайы Т. Абиловага таандык «ТОРУ» ишканасы менен уулу Акылбек Маматовго таандык «Баткен Петрол» ЖЧКсы Абдимуктар мырзанын негизги сатып алуучулары болгон. Бир тууган кайнагасы А. Абиловду директорлор кеңешине мүчө кылып дайындаган. Мына ушундай акыйкатсыздыктарга карабастан Таабалды Каратаев 1993-жылдан тарта 2010-жылга чейин «Мунайзат» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген. Ошол убакта компаниянын негизги каражаты 640 миллион сомго бааланып келген. Акыры акыйкатсыздыкка чыдабаган Каратаев 2010-жылы кызматтан кетип, эки жыл чет өлкөлөрдүн биринде жашоого мажбур болот. Баарынан кызыгы кайра келгенде болуп атпайбы? Ал кайрылып келсе, «Мунайзаттагы» ансыз да «арыктап» бүткөн акциясы таптакыр жок болуп, абага «сиңип» кеткен болот. Аныкы менен кошо Бостонов да эч кандай үлүшү жок калган. Мына ушундайча «Мунайзатты» түптөгөн чыныгы ээлерин көчөдө калтырган Абдимуктар мырза азыркы тапта да парламентте былк этпей отурат. Алдыдагы шайлоого да баруу камын көрүүдө. Бирок акыйкаттык деген кайда? Биз коррупция менен күрөшүп жатканыбыз менен Маматовго анын тиешеси жокпу? Же Текебаевдин «колтугу» мыйзам жоопкерчилигинен качкандардын ордосу болуп калдыбы?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru