Айбат » БШКга Башкы прокуратура тарабынан К.Самаков, И.Чудинов жана И.Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү сунушталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БШКга Башкы прокуратура тарабынан К.Самаков, И.Чудинов жана И.Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүү сунушталды

Игорь ЧудиновБашкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, парламенттик шайлоого катышып жаткан Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковду, мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновду жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүндү. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда Самаковдун жерине байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча башка адамдар да жоопко тартылып жатат. Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүндөгү Биримдик-Кут конушунун тургундары алар жашаган тилкеге карата киргизилген чектөөлөрдү алып салууну суранып кечээ Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн.  2008-жылы Чудинов башында турган өкмөт Самаковго тиешелүү 262 гектар айыл чарба жерин турак жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Трансформациядан кийин ал жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, жеке турак жайлар курулган. 2014-жылы Башкы прокуратура жерди камакка алып, мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен депутатка быйыл 14-майда коррупция боюнча кылмыш иш козголгон. 17-майда сот аны тергөө бүткөнчө үй камагына чыгарган. 3-сентябрда өкмөт 2008-жылдагы токтомун жокко чыгарган. Ал эми мындай жерди мыйзамсыз трансформациялоого уруксат бергендердин анабашында турган Игорь Чудинов “Бир Бол” партиясынын тизмесинде үчүнчү, Карганбек Самаков “Кыргызстан элдеринин конгрессинде” бешинчи, Искендербек Айдаралиев “Замандаш” аркылуу он төртүнчү орунда талапкер катары баратышат. Эгерде мына ушундай мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарды кайрадан бийликке алып келип алсак, анда жакынкы беш жылда таптакыр айдоо жери жок калып калбайбызбы?

Бир бол

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru