Айбат » Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров башынан эле биргелешип коррупциялык иштерди жасашчу беле, ыя?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров башынан эле биргелешип коррупциялык иштерди жасашчу беле, ыя?

Акылбек ЖапаровПарламентти көздөй «илбирс секирик» жасайбыз деп чамынып турган «Бир бол» партиясы жалаң Акаев менен Бакиевден «тарбияланып», көрүнөө да, көмүскө да жолдор менен байып алгандарга толуп алганын азыр ачык эле көрүп турубуз. Баарынан да кызыгы башынан эле бир «табактан» «аш жеп» калгандар кайрадан биригип алып атышпайбы? Маселен, Акылбек Жапаров менен Игорь Чудинов. Өзүн өтө акылдуу, терең билимдүү экономист эсептеген Акылбек Жапаров убагында басылмаларга маек куруп: «Мен бирөөгө пара берип да, алып да көргөн эмесмин» деп аябай актанып чыкканы бар эле. Эми мунусунун чын-бышыгын колунан кармап албагандан кийин билбейт экенбиз, бир Кудай өзү тараза болсун. Макул ал пара алып да, берип да көрбөгөн жан болсун дейли, бирок ал Бакиевдин доорунда биринчи-вице-премьерлик кызматты аркалап турганда, тагыраак айтсак 2007-2008-жылдары Бишкек шаарынын четиндеги Көк-Жар айылынан айыл-чарба багытындагы 28,1 гектар жерди менчигине басып алганын кайда жашырабыз? Болгондо бир сотых жерди болгону 100 долларга баалаган экен. Албетте бул жер тилкесин ал өзүнө эмес, ишенимдүү кишилерине каттаган. Анан 2009-жылы азыркы партиялашы Игорь Чудиновдун колу менен «Калктуу пункттар» категориясына киргизип, анан бир сотых жерин 5000 доллардан сата баштаган. Ошондо ар бир сотыхдан 4900 доллардан пайда тапкан болобу. 28,1 гектар жерден оңбогондой акча түшүп атпайбы? Демек, ал эч кимден пара албай, пара бербей иштегени менен минтип мамлекеттин жерин текейден арзан баада алып, кайра жүз эселеп кымбатка сатып байыган болобу? Бул кылганы үчүн Чудинов менен Жапаровго мыйзам иштебейби? Эл өкүлү Карганбек Самаковго дал ушундай иши үчүн кылмыш иши козголуп, сот процесси жүрүп атат го? Же «бирболчулар»үчүн мыйзам иштебейби?

Бир бол

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru