Айбат » “Бир болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар, ушундайлардан Кудай сактасын

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Бир болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар, ушундайлардан Кудай сактасын

Марат Султанов, Жаныш Бакиев2010-жылы “Ата-Журттан”, быйыл болсо “Бир Болдон” депутаттыкка талпынып жаткан Марат Султанов деген “кыйын” жигит бар. Акаев, Бакиев доорунда дал ушул киши  өлкөнүн каржы тармагын каалагандай калчаган. Айрым маалыматтарга караганда Марат мырзанын байлыктары Швейцарияда катылып жатыптыр. Анын канча миллион доллары чет элдик банктарда жатканын бир өзү билбесе айтыш кыйын. Эми дал ушул Султанов кайра эле бийликке умтулуп, депутат болом деп туру. Кызыгы Марат мырза бул жолу мурдагы санаалаштары эсептелген Келдибеков, Ормонов, Ташиев, Садыр Жапаров сыяктуулардан оолак болууда. Кызматта турганда Чүйдүн жерлерин кескилеп сатып, андан миллиондорду сугунган бул эрендин “жомогуна” эл ишенер бекен? Же пулун алып шайлай береби? Султановго окшогондор айланып эле бийликке келе берсе оңбойбуз го. Ушундайлардан Кудай сактасын.

Бир бол

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru