Айбат » Турсунбек Акун, коомдук ишмер: “Каражаттын күчү менен келген партия кетирген акчасын актоого аракет кылат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Турсунбек Акун, коомдук ишмер: “Каражаттын күчү менен келген партия кетирген акчасын актоого аракет кылат”

акун- Күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоодо айрым партиялар добуштарды акчага сатып алууну пландап жатыптыр. Сиз мындай көрүнүштү байкадыңызбы?  

– Биз азыр 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого атайын изилдөө жүргүзүп, байкоого алуу үчүн Улуттук кеңеш түзүп жатабыз. Анын жетекчиси болуп мен шайландым. Азырынча кандайдыр бир партия добуштарды сатып алууга болгон аракети байкалган жок. Бирок, буга чейинки практикада шайлоочуларды акчага азгырган көрүнүштөр болуп келген. Ошондуктан мындай көрүнүшкө жол бербеш керек.

- Добуштарды сатып алып парламентке келген партиялар эл кызыкчылыгы үчүн иштейт деп ойлойсузбу?

– Каражаттын күчү менен келген партия же саясатчылар сөзсүз түрдө кетирген акчасын актоого аракет кылат. Андыктан шайлоочулар да ушул маселени эске алып, өз келечегин сатпашы керек. Бирок, азырынча кайсы партия мындай аракеттерге барып жатканын айта албайбыз. Биз Улуттук кеңеш менен дал ушул маселени изилдеп силерге да маалымдап турабыз.

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru