Айбат » Текебаев Жанна Д’Арк менен мамлекет кызыкчылыгынан күйөөсүнүн кызыкчылыгын өйдө койгондордун айырмасын билбейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаев Жанна Д’Арк менен мамлекет кызыкчылыгынан күйөөсүнүн кызыкчылыгын өйдө койгондордун айырмасын билбейби?

Текебаев2«Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн жасаган кадамдары менен акыркы айларда коомчулукту катуу таң калтырып келет. Айбанаттардын ашынган куусу түлкү болсо, адамзатынын ашынган куусу Өмүкебиз болуп калды өңдөнөт. Бал тилин чачыратып өзүнүн катарына кошуп алгандарды асман айга жеткире мактап отурса аларды угуу үчүн келген адамдар жөн эле таң калгандарынан, Текебаевдин өзгөрүлмөлүгүнө, актерлук чеберчилигине кол чаап отурушчу болду. Маселен, ал жакында эле эл менен жолугушууларынын биринде мурдагы баш прокурор Аида Салянованы Жанна Д’Арк менен теңештирип жиберди. Тарыхта өзүнүн өчпөс изин салган француз айымынын жасаган эмгегинин жүздөн бир бөлүгүн жасай эле Салянованы кыязы Текебаев мактап атып жардан алыс кулатайын деп туру окшойт. Болбосо Аида айым Кыргызстандын тарыхында мамлекет кызыкчылыгынан күйөөсүнүн кызыкчылыгын жогору койгон айым катары гана калышы мүмкүн. Андан ашкан деле эрдик жасай алган жок. Албетте коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдө салымын кошо алды. Бирок ал күрөш күйөөсүнө келгенде «тормозу» кармап калып, бардык жасаган иштеринин ойронун чыгарганы калппы? Анан ошондой айымды Текебаевдин мактап турганын кандай түшүнсөк болот? Же каргы салып жетелеп алыш үчүн адегенде макташ керекпи Чиркешович?!

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru