Айбат » Кубатбек Осмонов: “Азыркы учурда Текебаев ар кандай саясий сойкулукка барууда”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кубатбек Осмонов: “Азыркы учурда Текебаев ар кандай саясий сойкулукка барууда”

Садык Шер-Нияз- “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Ысык-Көл облусунда шайлоочулар менен жолугуп жатып Садык Шер-Ниязды көкөлөтө мактады. Анын аракети менен Кыргызстандын кино тармагында 60-жылдары болгон “кыргыз керемети” кайрадан жанданып атат деп билдирди. Чын эле азыркы учурда “кыргыз керемети” жанданган заманда жашап жатабызбы?

– Азыркы учурда Текебаев ар кандай саясий сойкулукка барууда. Эгер добуш алып берем деп бирөө айтса, ошонун итинин көчүгүн жалоого даяр. Жогорудагы сөздөрү Садык Шерге кошомат кылып айтып жаткан кербези го. Тилекке каршы кинонун баркын түшүрүштү. “Курманжан Датка” тасмасын тартуу учурунда акча толук пайдаланылбай, маанисин туура эмес тарткан. Мисалы, Камчыбекти дарга асып салганда, Курманжан энебиз арабага салып алып кеткен эмес. Ушул сыяктуу мүчүлүштүктөрдү көп кетирген.

- Кыргызстандын маданий саясатын Садык Шер-Нияз гана жүргүзүш керек дегенге кошуласызбы?

– Эч кандай алып кете албайт. “Курманжан Датка” тасмасын өз деңгээлине жеткире тарта албаган неме маданий саясатты жүргүзө алмак беле? Эч качан кошула албайм. Муну Садык Шер моюнуна деле алган да.

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru