Айбат » БШК кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу талапкерлердин тагдырын жакын арада чечет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БШК кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу талапкерлердин тагдырын жакын арада чечет

Игорь ЧудиновБашкы прокуратура депутаттык талапкерлердин тизмесиндеги Карганбек Самаковду, мурунку премьер-министр Игорь Чудиновду жана мурунку вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон талапкерлердин тагдырын жакынкы күндөрү чече турганын БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.

Депутаттыкка аттанган талапкерлердин 252синин артында калбыры бар

Башкы прокуратура БШКдан ЖК депутаты Карганбек Самаковду, экс-премьер-министр Игорь Чудиновду жана мурунку биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүүсүн өтүнөт. Тергөө башкармалыгы мурунку атка минерлерди Аламүдүн районундагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш жообуна тартууга ниеттенүүдө.

Канатбек Азиздин айтымында, “Шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, БШК кылмыш иши козголгон жарандардын талапкер катары катталуусуна тыюу салууга укугу жок.

“БШК жыйын өткөрүп, аталган талапкерлерди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү жамааттык түрдө чечилет. Комиссия макулдук бериши да, андан баш тартууга да укуктуу”, — деди БШК мүчөсү.

Канатбек Азиз БШК кылмыш ишин козгоого макулдук берүүсү аталган жарандардын талапкер катары каттоодон алууга негиз болуп бербей турганын эскертти.

Бир бол

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru