Айбат » Ак шумкар учту чегеден, эми туулбайт сендей энеден…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Ак шумкар учту чегеден, эми туулбайт сендей энеден…

Турдакун Усубалиевдин сөөгү желек алдында

Советтер Союзунун 73 жылдык чоң тарыхы азыркы жаштардын эсинде да бар. Ал кезде Кыргызстандын жашоо шарты, маданияты, шаарыбыздын көркүн биздин ата-энелерибиз мактап калышканын баарыбыз билебиз. Ошол кезде биздин өлкөнү татыктуу башкарып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген Турдакун Усубалиев атабыз болгон.

2015-жылдын 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түн кыргыз эли өзүнүн улуу шумкары, улуу адамы, улуу инсаны болгон Турдакун Усубалиевден айрылды. Турдакун атабыз кыргыз элинин жүрөгүндө ар дайым сакталып жана жашай бермекчи. Биздин “Айбат” газетасынын жалпы жамааты Турдакун Усубалиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкордо туулуп, 1941-жылы – дал согуш башталган жылы – Фрунзедеги мугалимдер институтун аяктаган. Ошол жылы партиялык  карьерасын баштаган Турдакун ага согуш бүтөөр жылы Москвага, КПСС Борбордук комитетине инструктор болуп барган. Ошондон кийин болочоктогу кыргыз лидеринин саясаттагы турмушу тепкичтен тепкичке өйдөлөп, жыйырмага жетпеген жылдын ичинде “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакторунан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысына чейин көтөрүлгөн. Ал эми Турдакун Усубалиев Кыргызстандын партиялык жетекчиси болгон жыл – 1961-жыл эле.

Турдакун Усубалиев Кыргызстанды ошол 1961-жылдан 1985-жылга чейин, башкача айтканда, дээрлик чейрек кылым башкарды. Бул чейрек кылым СССРдин экономикалык жактан да, саясий жаткан да эң бир гүлдөгөн доору эле. Бул доорду, айрыкча 60-жылдарды, азыр тарыхчылар Советтик империянын жеткен чеги, дүйнөнү солкулдатып турган таасирдүү учуру деп мүнөздөп, ал эми 80-жылдарды “сенек доор” (застой) деп да атап жүрүшөт.

1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп. 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жасалган. Токтогул ж. б. ГЭСтери, лампа, цемент заводдору курулуп, 1970–80-жылдары республикада 7 эт комбинаты иштеген жана жылына 25 миң тонна жогорку сапаттагы эт даярдалган жана койдун башы 12 млн жетип, өндүрүлгөн 40 миң тонна меринос жүнү союздук башка республикаларга жөнөтүлүп турган. Булардан тышкары азыркы Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын имараты, Өкмөт үйү, Борбордук китепкана, цирк, бир нече кичи райондор, «Манас» аэропорту сыяктуу ири курулуштар ишке киргизилген.

Усубалиев Турдакун Усубалиевич (06. 11. 1919 – 07.09.2015) – мамлекеттик, партиялык саясий ишмер. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары (1961.09.05 – 1985. 02.11)

Усубалиев 24 жыл, 5 ай, 24 күн Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча Бүткүл союздук рекорд койгон.

2014-жылы коомдук ишмердин 95 жылдык маарекеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.

 

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын Баатыры (1999)

«Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Достук (РФ), 1-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

 

Билими жана илимий ишмердиги

  • 1919-ж. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган.
  • 1938-1941-жж. Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары
  • 1941-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн
  • 1945-ж. ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин бүтүргөн
  • 1965-ж. Москвадагы В. И. Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.
  • 1977-ж. Тарых илимдеринин кандидаты
  • 2009-ж. Кыргызстан УИАсынын ардактуу академиги
  • 2013-ж. КУУ жана БГУнун ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доктору.

 

Саясый ишмердиги

1941-ж. партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары

  • 1941-1945-жж. Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору
  • 1945-1955 КПСС БКнын инструктору
  • 1955-1956-жж. Республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору
  • 1956–1958-жж. Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы
  • 1958-1961-ж. Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары.
  • 1961.09.05 – 1985. 02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.
  • 1985-ж. тартып пенсионер
  • 1961-ж. тартып КПССтин мүчөсү. 1985-ж. кызматынан кыянат пайдаланган деген дооматтар менен 1985-ж. партиядан чыгарылган. 1986-ж. Усубалиевдин арызы каралып, коюлган күнөөлөрдөн толук акталып,партиянын мүчөлүгү калыбына келтирилген.
  • СССР Жогорку Кеңешинин 6-11 чакырылыштарын депутаты.
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынын депутаты, депутаттардын ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы

 

Нурдин Мотуев, тележурналист:

Т. Усубалиев бүтүндөй бир муундун калыптанышында орду бар инсан

 Кемчиликтерин да айтып жүрүшөт, бирок,  “өткөн адам тууралуу  же жакшы кеп, же эчнерсе” демекчи жакшы жагына басым койгонубуз туураго. Борборубуздун заманбап курулушу, республика боюнча стратегиялык мааниси бар ондогон курулуштар ушул аксакалдын дооруна тура келет.  Т. Усубалиевдин көзү өтүшү менен жаратман инсандардын акыркы өкүлү кеткендигин эске ала жүрсөк. Кийинки муундар менчиктештирүүнүн каармандары сыяктуу образда калышты Кыргыз тарыхында. Тилеккекаршы, Коомдук телеканал маалымат көрсөтүүсүнөн учкай айтканы болбосо башка ТВлар сыяктуу аксакалды эскерү көрсөтүүсүн даярдоого шаасы жетпегени өкүндүрөт. Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек замбирек менен тосуп алаарын азыркы жубарымбектер эске алаар түрү жок.

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru