Айбат » Мекенчил кытайлык кыргыздар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мекенчил кытайлык кыргыздар

2013-жылы Кытай Шинжаң педагогикалык университеттин ректору, профессор Вали Барат менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин ошол кездеги ректору, профессор Искендер Исамидиновдун эки мамлекеттин студенттери, профессор-окутуучулары өз ара маданий саякат, кесиптик практика өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимге ылайык 2015-жылы 21-31-июль күндөрү кыргыз филология факультетинин деканы, профессор Турусбек Маразыков жана доценттер Назгүл Турдубаева, Айгүл Табалдиева, Майрам Жаңыбева жана 12 студент болуп, Кытай мамлекетиндеги Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу областына караштуу жашаган кыргыздарга сапарга аттандык. Бул салттуу түрүндө кабыл алынып калган сапарды КУУнун ректору Чынара Адамкулова да колдоп, жол кире маянабызды төлөп берүүгө университеттин каражатынан акча бөлүштүрүп бергенине ыраазы болдук. «Өзүңөрдүн эсебиңерден баргыла»,-деп койсо, кандай кылат элек. Жаңы шайланган ректор Чынара Адамкуловага студенттердин атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!!!

Манас, Кытай

Бизди Торугарт чек арасынан Кытайлык кыргыз Шинжаң педагогикалык университетинин «Манас таануу» бөлүмүнүн мүдүрү, эң алгач профессор Мамбеттурду Мамбетакун агай жана Улуучат ооданынын кадрлар бөлүмүнүн секретары, жазуучу Толкун Ады жылуу кабыл алып, Кытай жергесине болгон сапарыбызды андан-ары коштоп алып жөнөдү. Алгачкы тан калдырган, бир чети кубандырганы, Жуңго кыргыздарынын чек арасынан биринчи аттаганда эле Тоюн аттуу айылга туш келдик. Тоюн айылдын дүкөндөрүнө кирсе дубалдарына кыргыз элинин Токтогул Сатылганов баштаган улуу ырчылардан тартып, бүгүнкү күндүн заманбап ырчылары Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Урмат Усенов ж.б сүрөттөрүн катар-катар илип, кыргыз ырларын жаңыртып койгону болду. Мындайды күтпөгөнгө, алардын элибизге болгон сый-урматы жүрөгүбүздү жылытып, аларга болгон туугандык сезимибиз ойгонуп, андан ары жол тарттык.

Кытай

Улуучат оодонына келгенде, бизди кечки тамактанууну учурунда аким Сыяр Кален агай менен жүз көрүштүк, бизге кыргыз элинин ырларын сыймыктануу менен ырдап көңүлүбүздү көтөрүштү. Аким Сыяр Календин  патриоттуулугу менен дүйнөдөгү эң чоң боз үйүн курдуруптур.  Ошондой эле  Манас айылынын бакчасына комузду орнотуптур.

Комуз, монументБир бетинен караса комуз экинчи бетинен караса ачкыч көрүнөт экен. Ачкыч болуп көрүнгөн бетинде ачкычтын ортосуна Мамлекетибиздин Улуу Жуңго коммунисттик партиясынын картасы түшүрүлүптүр. Сыяр Кален агай комузду дайым үйүндө жөлөп койчу экен анан бир күнү уктап кетип көзүн ачса көзүнө ачкыч көрүнөт жакшылап караса комуз. Ошентип алты ай дегенде бул көрүнүштү ишке ашырган экен. Ал эми дагы ушундай эле өзгөчөлөнгөн  ооз комузду  орнотуп, Ошондой эле Кыргызстанда жок бир канча Манас баатырга арналган көлөмдүү эстеликтерге күбө болдук. Көчөлөрүндөгү элдер отурчу отургучту кадимки ата-бабаларыбыз ордо, упай оюндарын ойноп келген чүкөлөрдүн формасында кылып ар түскө боёп отургуч жасатып коюптур. Ал өз сөзүндө «Отургучту башкача деле кылып жазап койсок болмок, бирок чүкө кылып жазатып койгонубуздун себеби, жаш муундарыбыз улуттук оюн катары ордо, упай ойнолуп келген чүкөнү көрүп таанып, билип өсүшсүн»,-деп бизди таң калтырган жооп айтты.

музей, Жусуп МамайАндан соң  «Ажайыпкана» деген музейге бардык. Аты айтып тургандай чынында эле ажайып кана экен.  Анткени, бул жерден кыргыз элине таандык баардык тиричилик да, аялзаттын да ж.б көптөгөн ата-бабалардан бери сакталып келе жаткан буюмдарды жолуктура алат экенбиз. Ошодой эле, кыргыздын жашоо тиричилигине байланыштуу көрүнүштөрдү чагылдырган. Мисалы, шырдак жазап жаткан аял-заты, жайлоонун көрүнүшүн ж.б кыргыз жашоосун чагылдырган көрүнүштөрдү көрө алдык. Ошону менен бирге жайлоо, анда төрт түлүк кыргыз малын жайлатып, жанына топозду абышкага карматып койгон көрүнүштү  аким Сыяр Кален: «Жаштардын жалкоо болуп, бардык жумушту карылар аткарып жаткандыгын тарбия болсун. Алар ойлонсун деп топозду абышкага башкартып койдук» деп түшүндүрдү. Биз бул жерден Манас ата анын чоролорунун да айкелдерин көрдүк.

001Ушул жерден Сыяр Кален кыргыздын маданиятына, Манасына ылайык келбеген көрүнүш бар деп сөз баштады «Ал кайсы корунуш десеңер, биз 2011-жылы «Манас эл-аралык саясат майрамын өткөргөнбүз. Ал жерде миң адам Манас айтты, миң адам комуз чертти, миң адам ооз комузда ойноду эле. Кийин Кыргызстандан келген кээ бир адамдар «Манасты миң адам айтпайт, бир адам айтат» дешиптир. Кийин мен ал адамдарга кайрылдым. Бизге андай мамиле жасабаңыздар. Биз келечекте билбей калыштан коркуп, миң адам биригип сендей адамга айтып жатыппыз дедим. Мурда бир адам айтып миң адам боз үйгө батпай кийизин чечип салып угушса мындай заманда миң адам айтып бир адам угуп жатса Манасты билбейт экен дегендик эмес туурабы?» деп таарынычын ортого салды. Чынында угуп алып уялып, «бир казан майды бир кумалак чиритет» деген кыргыздын макалын эстедим. Акимдин жаштардын келечеги үчүн жасаган иштерине, патриоттук сезимине ыраазы болуп андан ары жөнөдүк. Сапарыбыз каарып улуу манасчы Жусуп Мамайдын ашына туш келгенибиз биз үчүн чоң ийгилик болду. Ашта улуттук кийимдерди кийишип баардыгы баштарында кыргыздын калпагын кийишип, аялдары улуттук саймаланган кийимдерин кийип жүргөндүгү кубандырды. Боз үйлөргө киргенде боз үйдүн улуттук жасалгаларына суктанып эле тура бергин келет экен. Бул да болсо кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн сакталып келгендигин айгинелейт. Кытайлык боордош кыргыз туугандарыбыздын  жан-дүйнөлөрү да «кыргызбыз» деп согуп турат экен. Алар менен маектешкенде ар бир адамдын жүрөгүндө Кыргызстанды тирүүмдө көрсөм экен деген тилеги турса, көздөрүнөн алар «бейиш» деп атаган кыргыз жерине болгон сагынычы байкалып турду. Биз Кыргызстанда жашабасак дагы ар дайым ал жакта болгон жаңылыктар менен кабардар болуп, кубанса кубанабыз, кайгырсак кайгырабыз деп мекен, сагыныч ырларын ырдашканда көзүбүзгө жаш тегеренип кетти. Бизге бул сапар Кытайлык кыргыздардын элдик фольклорун гана изилдеп чогултуп келүү менен чектелбей бизге чоң өзгөрүү жаратты. Мунун баарына күбө болуп туруп биздин жүрөгүбүздөгү мекенге болгон сүйүү дагы да күчөп, « Эмнеге Кыргызстанда жашап туруп жерибиздин ыйыктыгын баалуулугун мынчалык билбегем?» -деген суроо туулду. Биз чынында жерибиздин тунук кашка суусун ичип, жерин тепсеп, абасынан дем алып туруп Кытайдагы кыргыздардай даңазалай, барктай албайбыз? Суусу тунук, абасы таза, чөптөрү даары, жери кенен, таштары алтын болгон чынында эле Кыргызстан бейиш экендигин жаштарга айтуу менен бирге аны коргоого, улуттук каада-салттарыбызды сактоого патриоттуулукка чакырар элем.

Жусуп Мамайдын ашы

Жусуп Баласагын  атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинин 3-курсунун студенти
Анарбек кызы Салтанат

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru