Айбат » Үн кошом жана колдойм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Үн кошом жана колдойм

Султан Абрахманов, СССР журналистер союзунун мүчөсү жана Эмгек ардагерлеринин төш белгиси жана медалдын ээси“Айбат” коомдук саясий гезитинин 12-Июнь, 2015-жылдагы №132-саны колума кокусунан тийип калды. Биринчи жолу көрүп отурган бул басылманы адатым боюнча ыйык курандай көрүп, аягынан (16- беттен) карай баштадым. Кыз, жигиттин сүрөтү жана “Күчтүү үй-бүлөө- күчтүү мамлекет” деген бадырайган тема  дароо көзүмө чалдыкты.  “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматовдун “бүгүн педофилия көйгөйү” жөнүндө айткандарын окуп, анда 2010-жылдан, 2014-жылга чейинки зордуктоолор жаатында келтирилген цифра фактылары төбө чачымды тик тургузду, ал гана эмес башым чымырап, өзүмчө жинденип жаттым. Ооба, бул эмне деген айбанчылык, жапайы жырткычтык жана ыймансыздык?! 900 жүздүн артында 900 тил калган адам-пенде чыдагыс тагдыр жатканын элестетүүнүн өзү эле кандай оор, кандай трагедия!

Жеңиш Молдокматов“Калыс” саясий кыймылынын активисттеринин депутаттардын конституцияга педофилия үчүн өлүм жазасын киргизүүнү суратууга мажбур болуп жаткандары азыркы учур үчүн гана эмес, келечекте да жалпы элдик мажбурлук жана актуалдуулук нерсе деп баса-баса айтаар элем.  Анткени, адамдардан ыйман кетип, баладан чоңго чейин агрессивдүүлүк, көралбастык  жана ичи тардык, алдым-жуттумдук, зордук-зомбулук.. гүлдөп жатканда бул маселе кырынан да тигинен да туруп, айрыкча өспүрүм эркек балдарыбыз менен кыздарыбызды сактап-коргоп калуудан коңгуроосун тынымсыз кагып турганы турган. Бул тууралу урматтуу Президентибиз да, өкмөт да, бардык күч структуралары, куралдуу күчтөрүбүз да кыскасы бүтүндөй эл массасы көтөрүлүп, педофил зордукчуларга кескин, кайра кайткыс чечкиндүү чара көрүп, өлүм жазасын тартынбай, кылчактабай эле киргизиш керек. Бирөөлөрдүкүн мындай эле коелук, өзүмдүкү, урук-тууган, жолдош-жоролорум жаш наристелерди зордуктап жаткандарга, аларды жыныстык жан ырахатынын материалына айландырып тамырларын шылый кесип, кыркып жаткандарга кандай гуманисттик мамилени кантип жасай алмакчыбыз? Кыскасы баш мыйзамыбызга өлүм  жазасын тартынбай , аны жети ченеп убакытты резинадай созо бербей эле киргизүү бүгүнкү күндүн да, келечектин да зарыл талабы болмокчу.

Султан Абрахманов, СССР журналистер союзунун мүчөсү жана “Эмгек” ардагерлеринин төш белгиси жана медалдын ээси

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru