Айбат » Гумандуулук жарашпайт!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Гумандуулук жарашпайт!

пьероУлутуна, курагына карабай,
Кызды кыздай, баланы да баладай,
Сабап, мууздап, зордуктап да жатпайбы.
Наристелер болмокчубу таламай.

Кылгылыкты кылышууда наалаттар!
Коргоочулар, коомчулук каякта!
Жаш муундарды жаштайынан жайлатып,
Таштайбызбы? Малып шорго, азапка!

Жатабы адамдардан жылан туулуп?
Такыр жат мусулмандык-ыймандуулук.
Кетсинчи Кудай согуп, Куран уруп!
Жарашпайт эч бирине гумандуулук.

Жүрөктүү адам-пенде чыдап түткүс,
Зулумдук “Гүлдөп” барат… “Жыргап” бүттүк.
Мыйзамдын бийлигинин үстөмдүгү,
Билемби ушунчалык алсыз-күзсүз.

Зөөкүрлөр бул кылмыш кылып көрүнөө,
Ууз сезимдер жем болобу бирөөгө?
Ажо, Премьер, укукчулар, фемида,
Милдеттүүбү? Кескин чара көрүүдө.

Кудайсыз булар улуу Алланы укпайт,
Колубуздан жасап-түзө, адам чыкпайт.
Оозунан күркүрөтө мүрөк суу куй,
Оозуңдан айланышсын! Ыйман жукпайт.

Аяп ачуу айбандарга жаратпайт!
Биз аясак, алар бизди карактайт.
Атуу керек камап, бычып отурбай,
Адилеттик эч таламын талашпайт.

Балта чаап жатса муундун тамырына,
Биз эмне? Тийишпизби таңкалууга.
Тартынбай ташташ керек кабырына,
Сызгырылсын тозоктун жалынына.

Үлгү болбойт коңшу Кытай эмне үчүн?!
Алар чындап иштеп жатат эли үчүн.
Кылмышкердин коет көзүн тазалап,
Так түшүнүп маселесин негизин.

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru