Айбат » Бир мектепке 80-90 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бир мектепке 80-90 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт

сомБишкек шаарындагы мектептердин администрациясы жөнү жок ата-энелерден акча сурабайт. Мектепте атайын ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн фонддор болот. Анын иш-аракетин ата-энелер өздөрү көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын окуу-тарбия иштери боюнча башкы адиси Нурланбек Момункулов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары боюнча 94 мектеп бар. Республикалык бюджеттен жыл сайын ар бир мектепке 80-90 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бирок, ал каражаттардын көпчүлүгү накталай акча түрүндө эмес, материалдык түрдө каржыланат. Ал каражат чындыгында мектепти толук оңдоп-түзөө иштерине жетпейт.

“Мектептин администрациясы мыйзамсыз ар бир окуучудан белгилүү бир суммадагы акчаны талап кылбайт. Ата-энелердин кеңеши болот. Алар өздөрү чогулуп, маселени талкуулап белгилүү бир сумманы аныкташат. Ошого жараша мектеп окуучулары ал каражатты төлөшөт.  Ар бир мектеп ал каражатты ар кандай жумшайт. Айрымдары ремонт иштерине жумшаса, айрым мектептердин жетекчилиги мугалимдин айлыгына кошумча берет.  Ал эми коррупциялык жол менен жашыруун талап кылган жетекчилер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек.  Ал башка маселе”,-дейт Н.Момункулов.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым маалымат сайттарында КРнын Акыйкатчылыгынын пресс-кызматы тарабынан Бишкек шаарындагы мектептердин администрациясы окуучулардан мектеп төлөмүнө 5000 сомдон кем эмес акча талап кылгандыгы тууралуу жарыяланган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Айбат гезити №145




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru