Айбат » Жазгүл Беккелдиева, визажист: “Өзүнө кам көрүү ар бир айымдын милдети”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жазгүл Беккелдиева, визажист: “Өзүнө кам көрүү ар бир айымдын милдети”

Жазгүл Беккелдиева, визажист- Алгач кепти бул кесипке кандайча ээ болуп калгансыз, ошол туурасында баштасак?

– Бул кесипке кызыгуумдун күчү менен келдим десем болот, анткени кичинекей чакта эле боекко кызыгып, негедир бирөөнү боентууну каалачумун. Башында бул кесипке ээ болуш үчүн окуу жайы бар экенин билчү эмесмин, сулуулук салонунда администратор катары иштеп жүрүп, ошол жактан визажист деген кесипти окууга болоорун билгем.

- Мындай жумуштан чарчабай эле эргүү алсаңыз керек?

– Ооба, туура айтасыз, мисалы мен бул жумушка майрамга келе жаткандай эле кубануу менен келип, чарчагандын ордуна кайра күч топтоп алам. Негизи эле адамдын жүзүн боёдон ырахат алам десем болот.

- Мыкты визажист болуу үчүн эмне керек жана эмне жок визажист боло албайт?

– Бардык кесипте эле мыктынын мыктысы болуш үчүн албетте бир пайыз талант жана 99 пайыз эмгек, күч-аракет керек. А таланты жана аракети жок эч качан визажист боло албайсың. Бардык нерсеге эле адамдын биринчи таланты болуш керек го, анан эмгектин артында мыкты боло аласың.

- «Капризный» айымдар менен кантип тил табышып, кантип аларга жаккандай макияж коесуз?

– Негизи эле бул жумушта түркүн адамдар менен иштешкендиктен, ар бир адамдын жүзүнөн жана сүйлөгөнүнөн эле анын кандай экенин билип кое аласың, башкача айтканда психолог болуп каласың. Ар бир адамга өзүнчө өзгөчө мамиле кылуу менен алардын тилин оңой таба алам.

- Визажистке мырзалар да кайрылабы?

–  Албетте, кайрылат, көбүнчө эл алдында жүргөн жигиттер келет. Аларды эми айымдардай боебойбуз да, болгону сулуулар коебуз.

макияж- Идеалдуу макияж кандай болушу керек?

– Менин оюмча идеалдуу макияж эмес туура  коюлган макияж деген болот. Ал эми туура коюлган макияж болсо адамдын жүзүндөгү кемчиликтерин жашырып, жакшы жагын өзгөчө белгилөө болуп саналат.

- Туура коюлган макияж жашоону өзгөртө алабы?

– Бул суроого жооп берүүдөн мурда аялдардын өзүнө болгон кам көрүүсүн айта кетүү керек, бизде көбүнчө аялдар үйдө ким карамак эле деген ой менен үйдө  боенушпайт, өзүнө кам көрүшпөйт, а өзүнө кам көрүү бул ар бир аялдын милдети. Макияж айымдын жүзүнө өзгөчө бир аруулукту тартуулап турат, ал эми туура коюлган макияж жашоону өзгөртө алабы же жокпу бул ар бир айымдын өзүнөн көз каранды.

- Учурда окутуу курстары, өзгөчө бир айда эле окутуп диплом берип койгондор көбөйдү?

– Туура айтасыз, бир айда эле профессионалдуу визажисти чыгарабыз дегендер көп, мен буга кошулбайм, бирок чыныгы мыкты, таланттуу окутуучу болсо үйрөтүп койсо болот, бирок ал профессионал  боло албайт,  бир айда профессионал мастер чыгат деген бул жомок.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru