Айбат » Таштап кеткен баламды таба аламбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Таштап кеткен баламды таба аламбы?

терезеде отурган балакайМен баян кыла турган бул кеп мени менен кете турган сыр эле. Бирок акыркы кезде ойлонуп аны чечүү керек деген жыйынтыкка келдим. Андан улам ата-энем, бир туугандарым, жадагалса койнумда жаткан күйөөм да билбеген бул ишти сиздер менен бөлүшүп, кеп-кеңештериңиздерди угуу менен жүрөк ооруткан санаадан кутулаттырмын деген ойдомун.

Жашым 29да, Бишкектин тургунумун. 9-классты аяктаган соң шаарга келип өзүм каалаган ашпозчулуктун окуусуна тапшырдым. Окуу мен үчүн жеңил эле туюлду, анткени каалаган тамагымды ойлогондой кылып жасоого кенедейимден шыктуу элем. Шаарда атамдын бир тууган карындашыныкында жүрчүмүн. Абдан бардаштуу, алыш-катыштары жакшы адамдар эле. Келгени конокторуна дасторконду мен жасалгалап, алардын досторуна, аяштарына көрүнүп калгам. Кимиси келсе да сөзсүз “аныма алып берем, мунума алып берем” дей беришчү. Бир-эки ай окуган соң кошумча иштеп каражат табууну чечтим. Бир күнү эжеме жумуш табышым керек болуп жаткандыгын айтсам, “Зарина жумушка чыгып балдарына бала багуучу таппай жаткан. Бала карап иштей аласыңбы? – деди. Зарина эже-жездемдин аяштарынын эң шайыры. Качан болсо жаркылдап күлүп жүрөт. Эжем да ушул курбусуна жакын. Андан улам кылчактап олтурбай жумуш табылып калганына кубанып макул болдум. Ошол эле күнү эртең ишке чыга турганым белгилүү болду.

Зарина эженин үйүнө барган ошол күн али да эсимде. Чакырылган дарек менен барып чоң дарбазанын баскычына боюм жетпей буйдалып калдым (мен кыска бойлуу, толук жанмын). Бутумдун учуна туруп “чыңк” эткизе бир басканга жетишем, же анымды угушпайт. Аңгыча мен турган үйдүн алдына бир машине келип токтоду да, ичинен узун бойлуу, кычырап кийинген шаардык жигит түштү. Анын турпатынан абдан сүрдөп, өзүмчө эле уялып кеттим. Ал менден эч нерсе деп сурабастан эшикти ачып киргизди. Бул Зарина эженин кайниси Руслан экен. Эже беш жана үч жаштагы эки уулу, аларды кароонун шарттары менен тааныштырып өзү ишке кетти. Жеңеси кетери менен ал мени суракка алып болгон кызыккандарын сурап чыкты. Мен жемимди жедирбейин дегенден бетер анын менден 2-3 жашка улуу экендигин билип турсам да сенсиреп ар бир айтканына тыкылдап жооп кайтардым.

Алгачкы көрүшүүдө таптакыр жакпаган Руслан убакыттын өтүшү менен көзүмө жакшы көрүнүп, аны менен тамашалашууга көнүп калдым. Келген сайын бөбөктөрүнө кошуп мага да таттууларды, балмуздак ала келет. Ал болсо менин Русланга тартылуума себеп болду. Бат эле аны жактырып калдым. Бирок мендеги “ал биринчи кадам таштасын” деген намысчыл ой аны жактырып калганымды жашырып жүрүүгө жардам берди. Анан ага жагып калуунун кылдат амалдарын кылып мурдагыдай аны менен куушуп ойноп, дайны жок тамашалашпай калдым. Таң менен жумушума эмес, Русланды көрүүгө ашыгып келем.

Бул үйгө көнүп калганы ар кандай шарттардан улам кээде түнөп калчумун. Ал күнү эжелер конокко кетишкендиктен дагы калганмын. Күн сайын түшкө жетпей келип калчу Руслан ал күнү кечке маал чоң кызуу болуп келди. Абдан таң калдым. Буга чейин андай жаман адаттарын байкаган эмесмин. Канчалык жагымсыз болгону менен каршы эч нерсе айта алган жокмун. Эмне дейт элем, жигитим да, жакыным да эмес. Болгону мен иштеген үйдүн бир тууганы. Киргизип бир бөлмөгө жаткырып койдум. Мен болсо тынчтык бербеген сезимдер менен алпурушуп ар кандай кыялдарга батам. Бир маалда коңшу бөлмөдө жаткан Руслан мени чакырып суу сурады. Барсам кызуусу дале тарай элек. Ичип болду да:

– Айнура, чыныңды айтчы, мени канчадан бери сүйөсүң? Мени канчалык жакшы көрөсүң? – деди чулдурап. Аялуу, баалуу нерсемди бирөө булгап салгандан бетер анын бул суроолоруна тим эле теригип, ачуум келди.

– Ар кайсыны сүйлөбөчү. Ким айтты сага “Айнура Русланды сүйөт экен” деп, – дедим куру намыска.

Ал ийнинен түшүрбөй асынып жүрчү борсеткасынан менин кичинекей кооз дептерчемди алып чыкты. Ыңгайсыз болуп кеттим. Мен ага жакындан бери Русланга болгон сезимдерди баяндап жазып, ар кандай сүрөттөрдү тартып жүргөн болчумун. Аны эки-үч күндөн бери таппай катуу убараланып издеп жаткам.

– Булчу?

– Алып кел.

– Айтсаң, чын эле мени сүйөсүңбү?

Колунан дептерди жулуп алып тура жөнөдүм. Мен босогого жеткенче Руслан жаныма жетип келди да: – Жакшы жазыптырсың. Мен аябай кубанычтамын, – деп келип кучактап өбүүгө аракет кылды. Анын аракетинде “мени сүйгөн неме кандай десем да мага макул болот” деген ой бар эле. Арзуумду ушундай абалда кабыл алып мындай мамиле кылганына абдан жиним келип турса да, анын мендеги сезимдерден кабардар болуп, ал тууралуу айтып турганына ичимден кубандым. Мындан башка аракетти күтпөгөн элем. Бирок эң ач көз напси эркектики болот окшобойбу, айрыкча ичинде жинди суу бар кезде. Башынан көздөгөнү ушул беле же мастыгы менен ушул ишке бардыбы, билбейм, ал мени менен эсептешпей эле кучактап кумарлана өөп, билгенин кыла баштады. Бул маалда бир туруп баарына макул болгум келсе, бир туруп эртеңким кандай болот деп акыл менен сезимдин ортосунда эзилип турдум. Сезим баарын жеңди, баары бүттү.

Бат эле таң агарды. Руслан максатына жеткен соң биз тууралуу эч кандай кеп козгобостон кетүүгө камынды. Бул мени абдан ыза кылды. Эми эмне болорун сурагым келгени менен андан озунуп кеп баштоодон намыстанып, үнсүз ыйлап кала бердим. Зарина эжелер абдан чарчап, ала күү келип, жатып уктап калышты. Мен кайра эле балдар менен алекмин. Түштө уйкусун кандырып турган эже менин шишиген көздөрүмдү көрүп чочуп кетти:

– Ай, эмне болду сага? Түндө корктуңбу? Ыйладыңбы?

Мен токтоно албай ыйлап, болгонун болгондой айтып бердим. Эже алапайын таппай калды. Мени сооротуп, Русланды жер-жеберине жеткирип тилдеп жатты.

– Сен эми бул тууралуу эч кимге айтпай тур. Эсебин табабыз. Азыр эжеңдикине барбай эле мында болуп турчу. Коркпо, сени өзүм карайм, – деп мени жоошутуп койду. Өз ара кандай сүйлөшүшкөнүн билбейм, үч күндөн соң үйдө эч ким жок маалда Руслан келип калды.

– Эмне эле ызы-чуу кылып атасың? Айта койбосоң, экөөбүз эле чечип коймокпуз? – дейт. Унчукпадым. Акыры байке менен эженин кийлигишүүсү менен биз баш кошо турган болдук. Каршы болууга аргам жок эле. Той күзгө белгиленди. Бирок мен тараптагылардан уялып аларга чукулдаганда гана билдирүүлөрүн сурандым. Мындай жыйынтыкка келгенибизден кийин мен эмнегедир Русланга мурдагыдай тартылбай калдым. Ал болсо мурда кандай болсо, ошондой. Бир айырма – келген сайын “акыры үйлөнө турган болдук” деп мени менен болуп кетип жүрдү. Ошентип жүрүп мен кош бойлуу болуп калыптырмын. Анымды ичимдегиге эки айдай болуп калганда араң билдим. Руслан: “Боюмда бар” деп эч кимге ооз ачпа, эки айдан соң баш кошобуз да, элге үйлөндүк деп айтып коёбуз. Андан кийин эч ким эч нерсе дей албай калат”, – деди. Кантип өз абийиримди ачмак элем, анысын акыл дегем. Бирок мен ага бекер ишенген экенмин. Көрсө, Руслан бул амалды менден тынч кутулуп кетүү үчүн ойлоп таап, бул аралыкта Орусияга кеткенге тымызын камыныптыр. Бир айдан кийин эч кандай үйлөнбөй турганын, Орусиядан жакында келбестигин катка жазып таптырбай кетти.

Мага сырдаш, муңдаш Зарина эже гана болду. Качкын эркектин артынан түшпөй өз айламды табуум керек эле. Эже менен кеңешип анын колдоосу менен батирге чыгып алдым. Эжемдерге “башка жакшы жумуш таптым” деп койдум. Көз ачып жумганча алты ай өтүп көз жарчу маалым келди. Ал эми буга чейинки тааныштардан качып, жашырынып, кезигип калгандарыма жок ооруну айтып “ден соолугум начарлап толуп атам” деп калпычы болгон күндөрүмдү айтпай эле коёюн. Аларды эстегим да келбейт. Русланга болгон жек көрүүм ушунчалык эле, андан улам жатынымда жаткан баланы да жакшы көрө албай койдум. Эптеп убактысы келип төрөп, андан кутулсам деп жашадым. Толгоом башталганда эле Зарина эже табыштаган төрөт үйүнө бардым. Аман-эсен уул төрөдүм. Мойнунда атасыныкына окшогон калы бар экен. Буга чейин уккандарым боюнча баланы эмизген жокмун. Оюмдун баары эми бул жерден чыгып кетүү болду. Кечке чейин айласын таппай жатып “эшик бекилет” дегенди уккан маалда баланы бир карап алдым да, иши бар кишиче сыртка чыгып, андан ары качып кеттим. Бир ай бекинип жаттым. Жыйырмага чыкпай жатып ушундай укмуш тагдырга ээ болгонумду ойлоп башым катат. Күчүмдү ыйдан чыгарам.

Убакыт өтүп баары унутулгандай болду. Чынын айтайын, наристелерди көргөндө ичим ачышып кеткени менен андан тез кутулуп, баягы таштап кеткен баламды унутуп калганча шашып кетчүмүн. Аны ойлогум да, сагынгым да келчү эмес. Бир чети анда жаш болчу экенмин. Абдан жаш. Азыр болсо үч баланын энесимин. Ал окуядан 3 жыл өткөндөн кийин мен эмес, мени сүйгөн адамга турмушка чыккам. Анын мага болгон кечиримине ыраазымын. Зордуктап кеткен дегениме ишенген жана ал тууралуу бирге жашаган он жыл ичинде бир ооз да кеп кылган эмес. Мендеги азыркы дарт болсо бул никемдеги тун уулумду төрөгөндө башталды. Аны колума алган күндөн баштап бала туруп тапкан балама кандай ырайымсыз, кечиримсиз иш кылганымды билдим. Ал уулум азыр 13 жашка келип калды. Мен анын аман-эсен экендигин туям. Ал турсун, мага жакын, ушул эле шаардын бир четинде жүрөт деп ишенимдүү ойлой берем. Акыркы кезде аны таап, андан кечирим суроом керек деген жыйынтыкка келдим. Бул каалоомдун күчү менен күйөөмө тартынбай баарын айтып берүүгө качан болсо даярмын. Бирок маселе – мен баламды кантип табам? Кимдердин колунда, аты ким, кимге окшош болуп чоңойду экен? Мунун баары мага табышмак. Бир болсо атасыныкына окшош калын тааныйм, ошондон улам табар бекем деген үмүтүм бар. Мен эми бул иштин аягына чыкпасам, тынч ала алчудай эмесмин.

Айбат гезити №145



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru