Айбат » Бийликке келбей жатып уурулук кылган партиялар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бийликке келбей жатып уурулук кылган партиялар

шайлооПарламенттик шайлоого карата үгүт иштерине старт берилери менен саясый партиялар тарабынан убадалар суудай эле ага баштады. 10дык ипотекадан тарта «илбирс секирик» жасай коюп Айды алып келип колуңузга карматабыз дегенге чейин барып атышат. Баса, дал ушул парламентти көздөй  илбирсче секиргиси келген партиянын катарында жалаң Акаев менен Бакиевдин доорунда үлкөн кызматтарда отуруп, мамлекеттин казынасы каңгырап калышына зор «салым» кошкондор жүрөт. Болгондо да алдыңкы сабында. Анан дагы ошол мамлекетибизди сүлүк курттай соргондор «Бир бололу» деп турушса төбө чачың тик турат экен. Буларың дагы биригип алып, мамлекеттин биротоло мүлжүп коелу деп келишти деп. Дагы бир партия жүрөт, мурда бири-бирин поктоп келгендердин башын бириктирген. 2010-жылдагы эл алдында берген убадаларын бир аз жаңылап алышып кыйкырып атышса, «бу бакыраң көз чунак бала тубаса көз боемочу окшойт. Мурда калп айтып алып, анысы үчүн уялып калгандын ордуна азыр деле «10ка ипотека берем» деп кыйкырып атат го» деп жакасын кармангандар андан көп. «Электр энергиясын өз баасында беребиз деп келишти эле, же ал убадасынан дайын жок, кыязы биз мурда электр энергиясын өз баасынан 3 эсе арзан колдонуп келген окшойбуз го» деп түшүнбөй тургандар да бар. Байлыкка мас болуп, алагүү болгондордон куралган дагы бир партия жүрөт жар салып. Эмнеге алар алагүү болуп алышкан десе, көрсө партиясынын анабашчысы арак заводдун директору экен да. “Кыргызстандын экономикасын өнөр жай гана көтөрө алат, биз 100 завод курабыз” дешсе айрым мекендештерибиз ишенип-ишене албай аларды жалдырап карап турат. Булардын катарында убагында завод-фабрикаларды дүңүнөн менчигине басып, темирин темирдей, башкасын башкадай саткандар жүрөт. Анан алар кайсыл заводду иштетебиз деп туру, ыя? Түшүнгөн, билген адам жок. Бир билгенибиз гана бар карапайым адамдардын. Ал – президент тарабынан демилгеленип Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиялык программасында камтылган, ишке ашып аткан долбоорлорду да бул партиялар менчиктештирип алып, эл алдында убада кылып аткандары да. Анан ушулардан эмне жакшылык күтсөк болот? Бийликке келгенче идея, анан ишке ашып аткан маселелерди уурдашса, бийликке келген соң эмнелерди гана уурдоолору мүмкүн?.. Чоң суроо.

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru