Айбат » Бийлик эмес партиялар ыплас шайлоого багыт алууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бийлик эмес партиялар ыплас шайлоого багыт алууда

шайлооМурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин тушунда бийлик шайлоолорду ар кандай жолдор менен бурмалап, каршылаштарын өткөрбөөнүн түрдүү амалдарын кылып келген. Ал эми азыркы бийлик тушунда таза шайлоолорго жол ачылганы айныгыс чындык. 4-октябрдагы парламенттик шайлоону да президент баш болуп акыйкат өткөрүүгө кызыктар болуп жатат. Тилекке каршы, айрым партиялар буга ачык эле тоскоол болуп жатканы маалым болду.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 17-сентябрда журналисттер менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, айрым партиянын өкүлдөрү шайлоочулардын биометрикалык маалымат тапшырган кагазын, паспортунун көчүрмөсүн чогултуп атыптыр. “Алар неге чогултуп атканы белгисиз. Мындай ыкма аларга жардам бербейт. Чек шайлоо күнү таптакыр башка үлгүдө болот. Алар өткөн режимдегидей элестетип атышса керек”, — дейт Т.Сарпашев.

Ошондой эле Сарпашев айрым партиялар шайлоочуларды коркутуп, анын купуялуулугуна шек келтирип жатканын билдирди. “Айрым партиянын өкүлдөрү шайлоочуларды кайсы партияга добуш берерин билерин айтып коркутуп атыптыр. Шайлоо процессинин фундаменталдык негизи – шайлоонун купуялуулугу. Биз аны камсыз кылышыбыз керек” , – деди ал.

Чындыгында айрым партиялар катарына жалаў мамлекетти тоногон экс-чиновниктери кошуп алып, акчанын күчү менен парламентке келебиз деп аракет кылып жатат. Жарандар да бийликтин таза шайлоо өткөрүү аракетин колдоп добуш берүүнү бурмалоого жол бербеши керек.

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru