Айбат » Россиядагы мигранттарыбызга тартип жеңилдеди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Россиядагы мигранттарыбызга тартип жеңилдеди

мигрантБишкек шаарында биргелешкен Кыргыз-Орус жумушчу тобунун онунчу отуруму болуп өттү, ал отурумда 2015-жылдын 19-июнда Санк-Петербург шаарында КР президенти А.А. Шаршенкулович менен РФнын Миграция кызматынын директору К.О. Ромоданов жолугушуп, Кыргыз жарандарына болгон миграциялык тартипти жеңилдетүү, жана башта Орус тарапка кирүү эрежелерин бузгандар үчүн болгон макулдашууларды иш жүзүнө ашыруунун практикалык жагы каралды.

Орус тараптын берген маалыматы боюнча 49 миң Кыргыз жаранына Россияга кирүүгө  3-жылга укугунан ажыраган. Жарандарыбыз Россияга кирүү укугунан ажыраган убактан тартып 1,5 жыл өттү. Алардын 16 миңине Россияга кирүүгө жол ачылды. Кийинки кезекте Кыргыз Республикасынын жарандарына болгон кирүү үчүн чектөөлөрүн алат, Россияга кирүү үчүн коюлган чектөөлөрдүн калган 1,5 жылы бүтөрү менен.

Андан сырткары, Кыргыз жарандары «тобокелчилик» менен Орусиянын аймагына, миграция мыйзамын бузуп киргендердин саны 54 миң адамды  түзөт. Аларга башта эскертилгендей, эч кандай административдик чара колдонбой Орусиядан чыгып, кайра кирүүсүнө 2015-жылдын 1-ноябрына чейин жеңилдик берилди. Башта, ушул жылдын июль айында, Орус тарап «тобокелчилик» менен жүргөн жарандардын санын 180 миңден ашуун деп белгилеген. Россияга кирүү укугуна ээлеген Кыргызстандыктардын саны 120 миң кишиге кыскартылды. ЕАЭСтин эрежесине ылайык орус өкүлчүлүгү тарабы азыркы учурда Орусиянын ФМСи Кыргыз жарандарды эмгек келишимдерди Орусиянын жумуш берүүчүлөрү менен түзүсүн талап кылууда.

Кыргыз-Орус жумушчу тобунун миграция отурумунда, башка дагы көйгөйлөр каралды. Алар миграция жана макулдашуу долбоорлору, эки тараптын миграция тармагы, жарандарды ишке орноштуруу.

Айбат гезити №146




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru