Айбат » «Кыргызстанда жашаганча Америкада жашаган «лафа» да» деп жүргөндөр мамлекет тагдырына күйөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Кыргызстанда жашаганча Америкада жашаган «лафа» да» деп жүргөндөр мамлекет тагдырына күйөбү?

Америка«Жаштар биздин келечегибиз, өлкө келечеги» деп көп айтабыз. Албетте, туура сөз. Бирок, кеп кандай жаштарда экендигинде. Иши кылса эле жаш курагы жаш болсо болду деген бүтүмгө келүү калпыстык болуп калат. Ой-жүгүртүүсү жаш, иштермандыгы бар, интеллектуалдык деңгээли бийик, билими терең, анан дагы эң башкысы ыймандуу, калп айтпаган жаштар керек. Ал эми элдин алдында башкача сүйлөп, нары карагандан кийин башкача «жашаган» жаштар бизге керекпи? Анда азыркы саясаттагы карт карышкырлардан алардын кандай айырмасы болот? Бизге коррупционер, же калпычы, саткынчы саясатчылардын канча жашта экендиги кызыктырабы? Албетте кызыктырбашы керек. Андыктан биз саясатка жаш болбосо да, таза, тажрыйбалуу, арты булганбаган кадрларды гана алып келишибиз керек. Бул эми албетте өзүнчө маселе. Биздин айталы дегенибиз өзүн жаш саясатчы катары таанытууга аракет жасап жүргөн журналист чалыш Дайыр Орунбеков аттуу жигит тууралуу болмокчу. Кыргызда жакшы сөз бар: «Атың чыкпаса жер өрттө» деген. Дайырбек жигит мына ушул принципти бекем карманып алып саясый айдыңдын каалгасын каккылап туру. Бүгүнкү күнгө чейин элге жасаган жарытылуу деле эмгеги жок. Таптакыр жок. Болгону өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөө жагынан азыркы карт саясатчылардан да ашып түшкөн. Ар кайсыл коррупцияга малынган саясатчыга карата кылмыш иши козголсо эле, аны коргоп аткан журналист болуп чыга келет дагы ошол коррупционердин «чөнтөгүнө» кирип алып «жашай» берет. Иштебей, башты оорутпай, кыйналбай эле байбачадай жашоонун жолун мыкты өздөштүргөн. Мына ушул жигит кече жакында өзүнө тиешелүү маалымат булактарынын бирине өзүнөн – өзү интервью алып туруп жарыя кылыптыр (өзүнөн-өзү албаса журналистикада аты-жыты жок бир айымдын аты-жөнүн жазып коймок беле?). Бул өзүнөн-өзү алган маегинде Дайырбек Орунбеков учурдагы бийликти адатынча жалпы сөздөр менен «катыра» сындап, өзүн эр көрсөтүп, эрдемсинип алыптыр. Баарынан дагы ал шайлоону таза өткөрүү үчүн жасалып аткан биометрикалык каттоого алуу аракетин «биздин укугубузду сөөмөйүбүзгө байлап койду» деп баалаптыр. Анын ою боюнча биометрикалык каттоого алуу, ошонун негизинде шайлоого катышуу тартиби адамдардын укугун бузат экен. Ушул эле оюна кошумчалай ал «биометрикалык каттоо дешип дүйнөдө жок нерсени ойлоп табышты» дегенин кандай түшүнсө болот? Биометрикалык маалымат менен шайлоого катышуу практикасы буга чейин өнүккөн өлкөлөрдө орун алып келгенин кыязы ал билбейт окшобойбу? Эгерде билбесе анда неге билген кишидей болуп «дүйнөдө жок жосун» деп сүйлөп атат. Көрдүңүзбү, өзүнүн деңгээлинин пастыгынан улам ар бир жасалып аткан иштердин жакшы жактарын көрө албай, жалаң эле терс жактарын аңдып отурган жаштардын сүйлөп атканын. Мына ушулар эртең парламентке келсе анда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт деп ишенүүгө болобу? Албетте болбойт. Себеби жеке кызыкчылыгы үчүн ар кимдин чөнтөгүнө түшө калып «жашап» көнгөн мындай эргулдар эртең АКШ арбыныраак акча сунуштап жиберсе, парламентте отуруп алып Кыргызстанды дүңүнөн деле сатып жибериши мүмкүн. «Кыргызстанда жашаганча Америкада жашаган жыргал да, туурабы?» деп жүргөндөрдөн ушундан башка кадамдарды күтүүгө болобу?..

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru