Айбат » Ак мээнеттин акыбети таттуу, же «Датка-Кемин» долбоорун жүзөгө ашыргандар сыйланды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак мээнеттин акыбети таттуу, же «Датка-Кемин» долбоорун жүзөгө ашыргандар сыйланды

Алмазбек Атамбаев, Датка-КеминЭлибизде «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» деген кеп бар. Бул кептин ырастыгы далай жолу тастыкталган. Бул ирээт дагы тастыкталып отурат. 2010-жылдан кийин келген жаңы кыргыз бийлиги Кыргызстанды энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жеткирүү максатын койгон эле. Албетте, бул багыттагы долбоорлор жаңыдан иштелип чыгып, коомчулукка тааныштырыла баштаганда түрдүү сын-пикирлер, ал тургай ачык эле каршы айтылган да пикирлер орун алган. Бирок максат бийик болсо жана ага карата жасалган кадамдар ишенимдүү жана пландуу болсо толук түрдө аткарыла тургандыгы жакында эле далилденди. Ачыктап айтсак Кыргызстан энергетикалык жактан коңшулаш өлкөлөргө болуп келген көз карандылыктан толук кутулду. Мындай көз карандысыздыкка «Датка-Кемин» подстанцияларынын толук курулуп бүтүшү өбөлгө болду. Бул албетте эгемендүү Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калуучу зор окуя. Жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев мына ушул долбоорду жүзөгө ашырууга зор салымын кошкон жергиликтүү энергетика жаатындагы адистерди жана кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоо багытында иш алып барышкан Кытай эл республикасынын тиешелүү жетекчиликтерин мамлекеттик деңгээлдеги сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык «Улуттук электр тармагы» ААКсынын башкы директору Медетбек Айткулов 3-даражадагы «Манас» ордени, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана коммерция министри Гао Хучен кыргыз-кытай кызматташтыгына салым кошкону үчүн «Данакер» ордени менен сыйланышты. Мындан өндүрүштөгү жогорку жетишкендиктери үчүн «Улуттук электр тармагы» ишканасынын электромонтеру Казыбек Көбөнбаев жана “TBEA” компаниясынын президенти Джан Син экөө «Даңк» медалы менен сыйланышты. «Датка-Кемин» долбоорун жүзөгө ашырууга салымын кошкон дагы бир топ энергетиктер Ардак грамота менен сыйланышты. Бул долбоор Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн гана эмес, анын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө багытында да чоң салым кошо аларын эске алып коюубуз керек. Долбоор аягына чыкканда кыргыз энергетиктери «бул биз үчүн чоң майрам» дешип кубанычтары көкүрөктөрүнө батпай тургандарын жашыра алышкан эмес. Демек, биз курулай убада берүүлөрдөн, курулай кыйкырыктардан иштермандыкка, куруучулукка, түзүүчүлүккө, эмгекчидикке кадам таштай баштадык десек туура болот. Ал эми мамлекет башчысынын иштерман энергетиктерди, мекендештерибизди, кытайлык шериктештерди жасаган эмгектери үчүн көңүл буруп сыйлык ыйгарганы алардын демине дем, күчүнө күч кошот деп ишенебиз.

Айбат гезити №146




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru