Айбат » Азамат Канагатов, энергетика адиси: “Президенттин сыйлык тапшырганы мактоого гана татыйт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азамат Канагатов, энергетика адиси: “Президенттин сыйлык тапшырганы мактоого гана татыйт”

Датка-Кемин

-  “Датка-Кемин” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган Кыргызстандын энергетиктерине жана кытайлык өнөктөштөргө мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча Президент Алмазбек Атамбаев жарлыкка кол койду. Өлкө башчысынын мындай чечими эл арасында жакшы бааланары бышык. Бул чоң энергетикалык жетишкендиктен кийин бул тармакты андан ары өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек?

– Кыргызстандын өлкө болуп жаралган жаңы тарыхындагы эң орчундуу энергетикалык  ийгиликтер азыркы президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан ишке ашырылып, мамлекетибиз энергетикалык жактан толук көз карандысыз болду. Албетте бул ийгиликке жетүүгө салым кошушкан катардагы энергетиктердин мээнети зор экенин билебиз. Ошондуктан президенттин сыйлык тапшырганы мактоого гана татыйт. Эми мындан ары бул тармакты өнүктүрүү үчүн Нарын суусун бойлоп курулуп жаткан ГЭСтер толук бүткөрүлүшү керек. Биздин энергетика тармагында толук жетишкендикти камсыздап аны менен чоң ийгиликтер жараларына ишенем.

- Президент Алмазбек Атамбаев жарлыкка кол койду. Өлкө башчысынын мындай чечими эл арасында жакшы бааланары бышык. Бул чоң энергетикалык жетишкендиктен кийин бул тармакты андан ары өнүктүрүүгө кандай аракеттер керек?

– Элде да, мекемелерде да энергетиканын кадырын билип уурдаганга чек койгон бир катар иш чаралар аткарылышы керек. Бул боюнча ага бөгөт коюу чаралары иштелип чыкты. Бул жол менен да биз энергетика тармагында чоң жетишкендиктерге жеттик десек болот. Өлкөдөгү энергетиканын ички сатуу саясаты абдан коррупциялашкан тармакка айланганы жаңылык деле эмес. Биз биргеликте баарыбыз бир эле энергетика тармагында эмес, баардык тармактарга коррупцияны токтотушубуз керек. Өлкөгө 4 башка ишкана эмес Малайзиядагы система сыяктуу бирдиктүү энергетикалык холдинг керек. Ошондо президентибиздин баштаган иши өз жемишин берет деп ишенем.

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru