Айбат » Биометрикалык каттоонун кереги барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Биометрикалык каттоонун кереги барбы?

Күз айында өтүүчү парламенттик шайлоого быйылкы жылы жаңылык катары биометрикалык каттоо кызматы ишке кирди. Дал ушул биомаалымат тууралуу коомчулук ар кандай пикирде. Айрымдары биометрикага Кыргызстан азыр даяр эмес дешсе, ал эми көпчүлүгү биомаалымат аркылуу таза шайлоо өткөрсө болоорун айтышат. Андыктан мына ушуну эске алуу менен бүгүн биз коомдогу айрым өкүлдөргө “Биометрика таза шайлоо өткөрүүгө өбөлгө болобу?”деген суроо узатып, оюн билдик.

биометрика

 

- Биометрика таза шайлоо өткөрүүгө өбөлгө болобу?

 

Айнуру Алтыбаева, депутат:

“Биометрикада “бир шайлоочу-бир добуш” принциби так иштелип, ашыкча добуш берилбейт”

– Биометрика биздин турмушта ар кандай тармакта керек. Өнүккөн мамлекеттерде биометрика менен үйдө отуруп эле ар кандай жарандык келишимдерди  жүргүзүүгө болот. Мисалы, автоунааларды сатуу, батирлерди документтештирүү, ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү жана башкалар. Мындан сырткары шайлоодо дагы биометриканы пайдаланышат. Негизинен биометрикада “бир шайлоочу-бир добуш” принциби так иштелип, ашыкча  добуш берилбейт.

 

Эрнис Балбаков, “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору:

“Биометрика – бул таза шайлоо үчүн эле керек эмес”

– Дүйнө жүзү биометрикалык паспорт менен жашап жатканына көп болду. Таза шайлоого албетте эң жакшы шарт түзүп берет. Чынында калкыбызды биометрикалык паспорт менен камсыз кылуу менен тарыхыбызда жаңы барак ачылганы турат. Биометрика – бул таза шайлоо үчүн эле керек эмес. Бул калктын так санын алып, “өлүү жандардын” эсебинен жыл сайын эбегейсиз акчаны сол чөнтөккө солоп келгендер үчүн да катуу сокку урулат.

 

Чолпон Осмонова, “Замандаш” саясий партиясынын мүчөсү:

“Электрондук болуп таза өтөт деген терең ишеничим бар”

– Ооба боло алат. Себеби, ар ким өзү шайлайт, баягыдай бирөөнүн ордуна бирөө салбайт, электрондук болуп таза өтөт деген терең ишеничим бар.

 

Улан Эгизбаев, журналист:

“Кыргызстан биометрикалык маалыматка даяр эмес”

– Менимче Кыргызстан биометрикалык маалыматка даяр эмес. Негизи биомаалыматтын максаты туура. Анткени шайлоону таза өткөрүүнү, шайлоочулардын санын тактоону көздөйт. Бирок бизде биомаалымат топтоодо көп каталар кетип жатат. Маалыматтардын коопсуздугуна кепилдик жок. Жетиштүү корголгон эмес. Айрым аймактарда биомаалымат сакталган компьютерлер жоголду. Мунун баары даярдыктын жоктугунан кабар берет. Дагы бир коркунуч бийлик биомаалыматтарды кыянаттык менен пайдаланып коюшу да мүмкүн.

 

Кыялбек Тойчиев, коомдук ишмер:

“Биометрика аркылуу шайлоонун өтүшү бул эртеби кечпи боло турган иш”

– Биометрика аркылуу шайлоонун өтүшү бул эртеби кечпи боло турган иш. Себеби, келечекте биз баары бир замандын талабына ылайык технологияларды колдонууга аргасыз болобуз. Биометрика аркылуу шайлоо эл аралык деңгээлде ачык өтө турган болсо анда парламентке чыныгы эл колдогон депутаттар келиши мүмкүн. Себеби, мурдагыдай бир эле киши беш он жолудан кайра кайра кирип шайлай албай калат.

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru