Айбат » 3-4 айда 3-4 партияга “тийип чыккан”, К.Бакиевдин доорунда кылмыш ишин тымызын «жоготкон» , А.Акаевдин басма-сөз катчысы Каныбек Иманалиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » 3-4 айда 3-4 партияга “тийип чыккан”, К.Бакиевдин доорунда кылмыш ишин тымызын «жоготкон» , А.Акаевдин басма-сөз катчысы Каныбек Иманалиев

Каныбек ИманалиевКыргызстандагы “Ата мекен” партиясы бу жолку шайлоонун алдында ар түркүн позициядагы, принциптеги саясатчылар менен толукталганын көп эле басылмалар жазышты. Коррупционер менен коррупцияга каршы күрөшүүчү, улутчул менен интернационалдар, кылмыш ичи ачылгандар. Айтор түрдүү саясатчылар. Арасында туруксуздугу жагынан Кыргызстандагы №1 саясатчы болуп саналган Каныбек Иманалиев дагы бар. Бул жолку кептин төркүнү дал ушул интриган саясатчы тууралуу болмокчу.

Капаш аксакалдын уулу Каныбектин саясый карьерасы туңгуч качкын президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон күндөн тартып башталган. Ага чейин маркум Мелис Эшимкановдун “Асаба” гезитинде катардагы кабарчы болуп эле эмгектенип келген. Мына ошол күндөн тартып ал өзүнүн мурдагы шефи Мелис Эшимкановдун бутасына илинет. Элибиздин деле эсинен кете элек болсо керек, Акаев доорунда бийликтин шаштысын кетирип турган жападан жалгыз басылма Эшимкановдун «Асабасы» болчу. Мына ошол маалда президенттин айлана-тегерегиндеги болуп аткан окуялардын көпчүлүгү эле аталган басылмада жарк эте чыгып калчу эле да. Мунун «сырын» ошондогу бийлик көпкө түшүнбөй жүрүп, акыры түшүнгөн экен. Көрсө Каныбек мырза күндүзү кечке Акаевдин жанында жүрүп, анын ким менен кандай мамиледе болуп атканын, ким менен канча жолу стакан кагыштырганынан өйдө өз көзү менен көрүп, анан түн ортолоп калганда Мелис Эшикановдун короосуна баш багып, болгонун болгондой «төгүп» берчү экен. Муну билип калган Акаев акыры «оозу бош» маалымат катчысын жанынан алысыраак кармаш үчүн «Учкун» акционердик коомуна директор кылып коет. Анын Ак үйдүн 7-кабатынан «Учкун» концернине түшүп калышынын дагы бир себеби – Ак үй ичиндеги интригалардын, бири-бири менен чабыштыруулардын башкы «режиссеру» болгондугу болгон. Бирок ага  жаңы кызматы майдай жагып, беш жыл ичинде бир нече мамлекеттик мүлктү өз адамдарына мыйзам бузуу жолу менен ит бекер менчиктештирип алат. Мисалы, азыркы тапта миллиондогон доллардын башын чапчый турган «Эркин Тоо» басмаканасын 20-30 миң долларга эле менчиктештирип алган. Ал эми анын жүздөгөн чыныгы акционерлери өздөрүнүн үлүшүн алдырып, чыркыраган боюнча кала беришкен. Аталган басмакананын негизги байлыгы болуп борбор калаабызда жайгашкан 2 гектар жер тилкеси болуп саналган. Демек, аны ит бекер баада алган деп айтсак ашыктык болбойт. Баарынан кызыгы кийинчерээк ошол 2 гектар жер тилкесин белгилүү эле бир депутатка бир нече миллион долларга пулдаган. Ошондо Каныбек Капашович мамлекеттин мүлкүн алып сатар болуп атабы?

Дагы бир кызык жагдайды кошумчалай кетели. Каныбек Иманалиев «Учкун» АКсын жетектеп турган мезгилде анын имаратынын жанындагы жер тилкеси да кытайлардын менчигине өтүп кеткен. Азыркы тапта ал жерде чоң курулуш иши жүрүп атат. Мына ушундайча ал ишин «ийгиликтүү» жасап атканда 2005-жылдын 24-мартында  Акаевдин бийлиги оодарылып түшөт. Анан анын былык иштери чекесинен чууруп чыга баштайт. Тактап айтсак 2006-жылдын 26-февралында «Эркин Тоо» басмаканасын мыйзамсыз менчиктештирилген деп ага карата кылмыш иши козголот. Көрсө кептин төркүнү мындай болгон экен: «Эркин Тоонун» 40ын менчиктештирүү программасын Жогорку Кеңеш кабыл ала электе эле Каныбек мырзанын жакындары ит бекер баада менчиктештирип алышкан экен. Ал эми аукционго коюу маселесин да жалпы коомчулук укпай калган. Себеби ал аукцион тууралуу маалымат мамлекеттик гезиттерге чыгышы керек болгон. Бирок анын көрсөтмөсү менен аукцион тууралуу маалымат аз сандагы гнезиттерге гана жарыяланып, ал эми калган нускаларына ал маалыматтын ордуна башка маалымат басылып, кайра чыгарылган экен. Мамлекеттик гезиттерге мына ушундай көрсөтмөнү Каныбек Иманалиев бергендигин убагында тергөө да аныктаган. Ошондо аны «укмуштуудай көз боемочу» деп атай берсек болобу?

Кырдаалды илгиртпей түшүнгөн, ашкере митаам Каныбек мырза көз алдына темир тордун сүрөтү тартылып калганын жакшы түшүнүп, ошол убакта күчтүү болуп турган оппозициянын катарына бир күн кошула калып, кайра эртеси күнү эле  Бакиевдердин «короосуна» кирип барат. Анын кызмат сурап Бакиевдердин эшигин каккылап жүргөнүн көргөндөр көп эле болгон. Ошентип жүрүп акыры КРСУнун проректору кызматын сурап алат. Бул жактагы коррупциялык ишмердүүлүгү тууралуу өзүнчө узун сабак сөз кылса болот. Ошентип Бакиевдердин кол алдындагы кызматкерге айланган Иманалиевге карата ачылган кылмыш ишинин изи сууп калат. Азыркыга чейин ал кылмыш иши эмне болгону белгисиз.

Каныбек Капашович болсо дагы деле чагымчылдык, интригандык иш-аракеттерин улантып келет. Мисалы, 2010-жылы «Ар-Намыс» партиясынын катары менен парламентке келип, дароо эле фракция ичинде өзүнүн интригандык иш-аракеттерин баштайт. 10 депутаттан турган топту уюштуруп коалицияга кире качып, Куловду лидерликтен түшүрүү аракетин көрөт. Бул жолу ойлогону ишке ашпаган соң, ошол эле жылдын сентябрында 15 депутат болуп Камила Талиеваны лидерликке шайлашат. Каныбек мырзанын башына эмнеге мынчалык күч келгенин түшүнүп болбойт. Болбосо анын парламентке келишине Кулов башкы себепчи болбоду беле? Эми алдыдагы шайлоо жакындап калганда Каныбек мырза адегенде «Замандаш» партиясына кире качып, бирок ал жакта көпкө байыр албай, жаңыдан түзүлгөн «Кыргызстан» партиясына секирген. Өзү эле кетпей «Замандаштан» бир топ белдүү мүчөлөрүн кошо ээрчите кетип, мурдагы салмактуу партиянын шайын бир топ кетирип койду. Анан «Кыргызстан» ичинде да интригаларды уюштура коюп атып, «Ата-Мекен» партиясынын катарына кирди. Демек, анын акыркы кадамдары эле саясаттагы туруксуздугун далилдейт. Анан ушундай талапкери менен Текебаев кандай кадыр-барк табышы мүмкүн?




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru