Айбат » “Ата мекендеги” “чоң муштумдар”: Мырзакматов качып кетсе Мырзамаматов бар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Ата мекендеги” “чоң муштумдар”: Мырзакматов качып кетсе Мырзамаматов бар

Мырзакматов МелисОшто Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда анын санаалаштары ойда-а чартаңбай тээп, экинчи борборду каалагандай калчаган. “Улуттар Биримдигине” мүчө болгон партияларга өзгөчө артыкчылыктар тынбай берилип турган. Тилекке каршы Мырзакматовго кылмыш иши козголуп 7 жылга сыртынан кесилсе да анын көздөй адамдары Ошто каалаганын кылып жүрөт.

Жакында эле Ош шаардык кеңешинин депутаты, “Улуттар Биримдиги” партиясынын активдүү мүчөсү Рыспек Мырзамаматов менен карапайым үй-бүлөнүн ортосунда чыр чыккан. Бул чырга Оштун четиндеги эски айыл-чарба аэродромундагы курулуштун жүрүшү себеп болгон. Апрель айынын башында Р.Мырзамаматов эч кимди көзүнө илбей стратегиялык маанидеги жайдагы бактарды кыйып, курулуш ишин баштаган. Ызы-чуудан жана бактардын кыйылышына чыдабай жакын турган жарандар жетип барган.

Аталган аймактагы Ишкаван айылынын тургуну Зульфия Таирова курулуш жүрүп жаткан жерге барып курулушка ким уруксат берди деп сураган. Бирок, ал жерде Рыспек мырза айбат көрсөтүп манжаларын сындырып коюуга чейин барган. “Курулуш жүрүп жаткан жерге барып эмне кылып жатасыңар деп сурадым. Мага Рыспек дегени атырылып, сен колуңдан эмне келет деп жооп берди”, – дейт ал.

Көп өтпөй эле ортодо чатак чыгып Р.Мырзамаматов тараптагылар күч колдонуп баштаган. “Менин кызым болуп жаткан окуяны телефонуна тартып жаткан. Муну көргөн алар энесин түшүрүп сөгүп менин колумду кайрып кирди. Ал аз жерден колумдун манжаларын сындырып сала жаздады. Мен кызыма тийбегиле деп кыйкырдым”, – дейт З.Таирова.

Бул окуяны далилдеген сүрөттөр да бар. Мырзамаматовдун мындай зөөкүрдүгүнө таң калып турабыз.

Ушул эле айылдын тургуну Алима Таирова Рыспек мырзанын оройлугуна таң калып, өзүн селсаяк атаганына ичи күйөт. “Мен эмне окуя болуп жатат деп чуркап барсам “сага бок барбы” деп мага атырылды. Анын оозунан орой сөздөр чыгып мени селсаякка теңеди. Энемди кошуп сөгүп, айтпаганды айтты. Көрсө ал Ош шаардык кеңештин депутаты экен. Мандатына чиренип карапайым элге ушундай зөөкүрдүк кыла береби”, – дейт ал.

Чындыгында Р.Мырзамаматовдун бул жер боюнча жасаткан кызыл китеби мыйзамсыздык менен алынган. Аны айыл жетекчилери да билдирүүдө. Айыл башчысы Шарабидин Капаров кызыл китепти кайдан алганын билбейт.

Кыскасы Оштун четиндеги Ишкаван айылынын тургундары “Улуттар Биримдиги” партиясынан шаардык кеңешке депутат болуп шайланган Рыспек Мырзамаматовдун аракетине нааразы жана анын зөөкүрдүгү боюнча арыз жазган.

Ош шаарында жерге муктаж адамдардын саны өтө көп. Бирок, алар айлап-жылдап зар какшаганы менен 4 сотых да жерге жетпейт. Ал эми Мырзамаматовго окшогон чириген байлар канча жесе да тойбой, карапайым элди тепсеп кетүүдөн да кайтпайт.

Эң кызыгы бул Мырзамаматов учурда парламенттик шайлоого аттанып жатат. Болгондо да “Ата мекен” партиясынын тизмесинде 20-орунду ээлеп, депутат болом деп көзү кызарып турган чагы.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №146




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru