Айбат » Каргашалуу сентябрь: Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Каргашалуу сентябрь: Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу

Казат АкматовКыргызды кыргыз кылып ааламга тааныткан  кыргыз атуулу Турдакун Усубалиев атабыздан  7- сентябрда кол үзүп, карегибиздеги жашыбыз кургай электе шум ажал дагы биздин улуттук адабиятын опол тоодой эмгек тартуулаган, көптөгөн окурмандардын сүймөнчүлүгү болгон, кыргыз эл жазуучусу, драматург сценарист Казат  Акматов 14-сентябрь күнү эртең  менен узакка созулган оор оорудан  улам 74 жашында дүйнө салды. Бир гана чыгармачылыктын үстүндө иштебестен мамлекеттик иштерге да жигердүү  иштеп, эки жумушту бирдей алып кеткен инсандарыбыздын бири эле. Казат атабыздын чыгармалары, мекен үчүн кылган иштери биздин жүрөгүбүздөн, элесибизден эч кетпейт. Кыргыздын жүзү болгон Казат Акматов атабыздын эмгек жолу менен тааныштыра кетели деп чечтик.

Казат Акматов 1941 – жылы 23 – декабрында Ысык – Көл областынын Ысык – Көл районундагы Бостери айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган “Казат” деген аттын берилиши да бекер эместир, “ Манаста” жалпы дастандын туу чоку эпизоду “Чоң казат” деген бөлүм бар. Демек “Казат” деген маани душманга каршы урушка, жоо менен согушка чыгуу, майданга аттануу жаңы туулган балага мындай аттын ыйгарылышы казаттын башталышы менен байланыштырылат. Өз атасы Турсунаалы өгөй атасы Акмат согушка аттанып жаш баланы Бурулкан эжеси багат. Согуш жана анын азабы жаш баланы эрте жетилдиргени жаш жүрөгү оор күндөрдүн азабын тартканы айтпаса да түшүнүктүүдүр.

Азыр деле Бостери менен Чолпон – Атанын ортосундагы айтылуу №54 асыл тукум жылкыларды асыроочу жылкы зооту бар эмеспи ал совет учурунда Кыргыз ССРиндеги эң таанымал чарба болгон, анын күлүктөрү эл аралык далай жарыштарда байгелүү орундарга жетишкен. 1958 – жылы орто мектепти аяктаган жаш жигит ошол чарбага жумушчу болуп кирет да эл турмушуна аң сезимдүү аралаша баштайт.  Дээринде лидерлик сапаттарга ээ сүйлөй билген демилгелүү жаш жигит тез эле жетекчилердин баамына түшүп, 1964 – жылы Ысык – Көл райондук нускоочу, 1967 – жылы Ысык – Көл райондук комсомолунун биринчи катчысы болуп эмгектенет. Ошол эле жылдары Кыргыз улуттук университетинде филология факультетинин журналистика бөлүмүн ийгиликтүү аяктайт, андан соң 1970 – 1972 жылдары советтик идеология аябай күчтүү кезде аскерге чакырылып, офицер катары армиялык газетада кабарчылык кесипте да иштейт, бул болсо жазуу маданиятын үйрөтөт, аңгеме – повесттерди жазуу менен чыгармачылыкка такшалат.  Ал адабият чөйрөсүнө  үйрөнчүк катары эмес такшалган калемгер катары киргени да ошондон. Аскерден кийин 1972 –жылы “Кыргызстан” газетасында ага редактор, андан соң башкы редактордун орун басары. 1974 – жылы СССР дин жазуучулар союзуна кабыл алынган ошол эле жылы али эч кимге белгисиз  Акматовдун “Боз улан” деген ат менен алгачкы китеби жарык көрөт. Жаш адамдын коомдо калыптанышы анын оош – кыйышы, жеңиш – жеңилиштери  тууралуу китептин атын алган чакан повестти окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынат.

Ошол эле жылдары Кыргызстан КП БКнын нускоочу , сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары болуп 1983 – жылга чейин эмгектенет. 1983 – 1986 – жылдары кыргыз мамлекеттик телерадио комитетинин улук редактору, 1986 – 1990 – жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы. 1990 – жылы Кыргыз демократиялык кыймылынын КДК уюштуруучусу болгон. 1990 – 1995 – жылдары Кыргыз республикасынын ЖК депутаты, 1998 – 2003 – жылдары президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, 2003 – жылы 16 – сентябрда А. Акаевдин указы менен пенсияга чыккан.

Чыгармачылыгы

Жарык көргөн чыгармалары “Ыйык журт”, “Мунабия”, “Мезгил” , “Күндү айланган жылдар”, 2005 -2007 –жылдары үч томдон турган “Архат” романы жарык көргөн. 2013 – жылы Улуу Британиянын борбору болгон Лондон шаарында “Эрика Клаустун 13 кадамы” аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн. Ошондой эле бир нече роман, повест, аңгемелердин автору.

Маркумдун жакындарына, тугандарына “Айбат” газетасынын жалпы жамааты көңүл айтуу менен бирге кайгысын тең бөлүшөт.

Сталбек уулу Эсенбек

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru