Айбат » Курманбек Байтерековдун былыктары же 380 миң сомго бааланган мейманкана

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Курманбек Байтерековдун былыктары же 380 миң сомго бааланган мейманкана

Экс-Президент Курманбек Бакиевдин учурунда бир топ мыйзамсыз иштердин болгону жаңылык деле болбой калды. Алардын көбүнүн кылмыш иштери ачылганы менен эмгичекти эч кандай чаралар көрүлбөй келгени таң калтырат. Бакиевдин буйругунун негизинде карапайым калктын турмушуна бир топ кедергисин тийгизген кээ бир маселелер туурасында Кочкор эли Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылышкан. Алардын кайрылуусунун бирден-бир себеби Кочкор районунун мурдагы акими Курманбек Байтереков болууда. Курманбек Байтереков Үсөн Сыдыков жана Курманбек Бакиевдин колдоосу менен 2005-жылдан 2010-жылдын кандуу апрелине чейин аким болуп, мыйзамдуу айлык акысын алып турду.

Байтерековдун үйү

Өзү болгону 6-класска чейин гана окуп, мектепти да бүтүрбөй, аттестат эмес, күбөлүгү да жок Байтереков мырза аким болуп дайындалып жатканда, жогорку билимин тастыктаган документ катары, Россия Федерациясынын Тюмень Мамлекеттик университетинин 1988-1993-жылдар аралыгында «Управление материальными ресурсами и организация оптовой торговли средствами производства» адистиги боюнча  окуду деп, № Ш № 468252 дипломун тапшырган. Бирок, Аталган окуу жайдын проректору Потапов В.Н. Курманбек Байтереков алардын университетинде билим алган эместигин жана Кыргыз Республикасындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде Тюмень Мамлекеттик университетинин филиалы болгон эместигин так билдирген. Айта берсек Байтереков мырзанын кылыктары толтура. Кызмат абалынан пайдаланып бир топ кылмыш иштерин жасаганы аз келгенсип, Кочкор районунун элине кылган орой мамилесин эл жакшы билет. Кайсы чогулушка барбасын сөгүнүп, жаман сөздөрдү сүйлөп, олуттуу бир маселени чече алган эмес. Анан эмне кылмак эле, бул жакта бир эмес эки дипломдуулар олуттуу маселени чече албай атканда 6-класс билими менен кайсы көйгөйдү чечип бермек эле. Анысы ал болду. Андан кийинки олуттуу кылмыш иштери туурасында сөздүн жүрүшүндө кененирээк кеп кылалы.

Байтерековдун үйү

Байтереков аким болуп келген күндөн тарта көзүнө көрүнгөн жакшы имараттарды менчиктештирүүгө болгон аракетин жумшап баштаган. Алсак, Кочкор районунун борборундагы 2 кабаттуу өкмөттүк мейманкананы болгону 380 миң сомго  баалатып, мыйзамсыз менчиктештирип алган. Мамлекеттик менчик болгон 2-кабаттуу өкмөттүк мейманкананы эч кандай баалоого уруксааты жок, «Принципы оценки недвижимости» деген тема боюнча гана 10-күндүк курс сабагын алган, Теишова Жылдыз Темиркуловнага баалатып жатат. Ал эми, мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Мүлк Фондусунун макулдугу менен комиссиялык түрдө баалоо жүргүзүлүшү керек эле. Мындан сырткары, 2-кабаттуу өкмөттүк мейманкананы менчиктештирүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын бир дагы талабы сакталган эмес.  Азыркы тапта атап кеткен 2-кабаттуу мейманкананы 150 миң долларга сатуу аракетин көрүүдө.

гостиница

Андан сырткары Кочкор районундагы Улуттук Коопсуздук Кызматынын имаратын аким болуп иштеп турганда 150 0000 (бир жарым миллион) сомго сатып жибергендиги айтылып келүүдө.

2010-жылдын 7-апрелинде жогорку билими жок Байтерековду эл сабап, кубалагандан бери Байтереков мырза эч бир жерде иштебей бош жүрөт. Бирок, эмнегедир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин күбөлүгүн көтөрө чаап,  Жогорку Кеңеште иштейм деп көтөрүп жүргөндүгү таң калтырат. Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн, – деген заман качан калат? Азыркы заман билим, илим жана техниканын заманы болгондуктан, элибиз кудайга шүгүр билимдүү. Бирок, капчыгына таянып алып мындай жосунсуз жоруктарын жойбогон Байтереков мырзанын кылмыш иштери Кочкор элинин кыжырын келтирүүдө.

Буга чейин Курманбек Байтереков коррупциялык жолдор менен үстүнөн жазылган арыздарды улам-улам жаап келген. Мындай акыбалга, Кочкор районунун эли нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевге кайрылуу жөнөтүп, тийиштүү чараны көрүп берүүнү суранышууда. Себеби азыркы тапта Кочкор районунун борбору Кочкор айылында бала бакчалар жетишпей келүүдө!

Бакиев качканча бай манаптык мезгилде жашаган «Куку» 2005-жылкы парламенттик шайлоого ат салышып  акчасын самандай көккө сапырганын элдин баарын жакшы билет эмеспи. Кочкор элин  4 млн сомго сатып алгам «Акыйкатчы» инститтун фирмабы деп дагы оозду ачырган маалыматты ошол кездеги акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу парламенттик жыйында кыйкырып чыкканы бар. 2010-жылдын 7-апрелинде жогорку билими жок Байтерековду эл сабап, кубалагандан бери Байтереков мырза эч бир жерде иштебей бош жүрөт. Байлык дегенде, кара чечекей бир тууганын каматып жиберген адам кантип эл үчүн күйөт. Бирок, эмнегедир  «АКОС» коррупцияга каршы коомдук бирикменин күбөлүгүн көтөрө чаап,  жүргөндүгү таң калтырат. Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн, – деген заман качан калат? Азыркы заман билим, илим жана техниканын заманы болгондуктан, элибиз кудайга шүгүр билимдүү. Бирок, капчыгына таянып алып мындай жосунсуз жоруктарын жойбогон Байтереков мырзанын кылмыш иштери Кочкор элинин кыжырын келтирүүдө.

Сарыбулак

Буга чейин Курманбек Байтереков коррупциялык жолдор менен үстүнөн жазылган арыздарды улам-улам жаап келген. Мындай акыбалга, Кочкор районунун эли нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевге кайрылуу жөнөтүп, тийиштүү чараны көрүп берүүнү суранышууда. Себеби азыркы тапта Кочкор районунун борбору Кочкор айылында бала бакчалар жетишпей келүүдө. Урматтуу кочкор эли! Бүгүн мындай адамдарга жол жок. Уурунун орду түрмөдө болуш керек .

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru