Айбат » Төрөев Мамарасул, КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык дарт аныктоо борборунун директору: “Химико-токсикология жана вирусология деген 2 бөлүмдү аккредитациядан өткөрдүк”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Төрөев Мамарасул, КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык дарт аныктоо борборунун директору: “Химико-токсикология жана вирусология деген 2 бөлүмдү аккредитациядан өткөрдүк”

Төрөев МамарасулКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык дарт аныктоо борбору Бажы биримдигине кирүүгө 2 бөлүмүн эл аралык деңгээлдеги дүйнөлүк стандартка ээ болгон аккредитациядан өткөрдү. «Эми биз тирүүлөй малыбызды жана малдын этин Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге сата берсек болот. Аталган сертификат Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге гана эмес, башка мамлекеттерге да малдын этин, тирүүлөй маолды сатканга жарайт», – дейт аталган ветеринардык дарт аныктоо борборунун директору Төрөев Мамарасул Сакыевич. Ветеринардык дарт аныктоо борборунун алып барып жаткан иштери жана кышкы ооруларга даярдыктары туурасында аталган ишкананын директору менен маектештик. 

- Бажы биримдигине кирбедикпи. Бул боюнча сиздердин малдын дартын аныктоо борборунда иштин жүрүшү кандай болуп жатат?

- Бажы биримдигине киргенибиз биринчиден Кыргызстан, биздин эл үчүн абдан жакшы болду. Элдин келечеги. Бизде мындан башка жол жок. Бажы биримдигинин артыкчылыктары туурасында Республиканын бардык аймактарын кыдырып, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыктык. Бажы биримдигине киргенде айыл-чарба продукциялары, жер-жемиштердин бардык түрлөрү, мал чарбасынан алынган эт, сүттүн бардык түрлөрү боюнча, бир айылдан башка айылга алып барып сатпай, этти атайын союуучу жайларды уюштуруп (убойный цех) малдарды чогултуп, бир жерге союп, Мамстандартка жооп бере тургандай кылып сактап, чет мамлекеттерге сатсак кандай сонун болоор эле. Буга үйрөнүшүбүз керек. Азыркы турмушта, малды Нарындан Токмокко же, Кочкорго алып келип сатып сүйүнүп атабыз. А Бажы биримдигине киргенден кийин ошол эле малды союп, башка мамлекеттерге экспортко кетирсек кандай деген акчалар түшүп, малчылардын, дыйкандардын эмгеги эки-үч эсе акталып калмак. Кыргызстандын малчыларын Бажы Союзуна кайсы жол менен алып чыгыш керек? – деген маселенин иүстүндө дыкаат иштеп чыктык.

- Бажы биримдигине кирүүдө атайын дүйнөлүк стандартка жооп бере турган сертификат керек болсо керек?

– Албетте керек болот. Союлган малдын оорусу барбы же жок экенин аныкташ үчүн Республикалык Ветеринардык Лаборатория республикаынын бардык облустарында бар. Ошону дүйнөлүк стандартка жооп бере турган аккредитациядан өткөрдүк. Март айында бул чөйрөдөгү Москва шаарынан экспертти чакырып,  Галкин командасы менен келип, биз жасаган иштердин баарын көрүп, бизге эң жогорку баа берип, Химико-токсикология жана вирусология деген 2 бөлүмдү 18-мартта аккредитациядан өткөрдүк. Ал бөлүмдө этти түрү менен союлган эт жегенге  жарайбы, оору жокпу деп текшерип беребиз. Сүттү да текшеребиз. Аккредитация менен дүйнөлүк стандарттка жооп берип, эми этибизди Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге гана эмес Америкага да сата алабыз. Вирусология болсо тирүү малдын ооруларын аныктай турган бөлүм. Биз тирүү малды да Иран, Катарга сыяктуу мамлекеттерге сатып жүрөбүз. Тирүүлөй малдын оорусунун анализин чыгарып беребиз. Эт, сүттү чет жака чыгарыш үчүн биздин анализди бергенден кийин стандарт керек. Ошон үчүн бизге азыр чоң мал союла турган эт комбинаты керек болуп жатат. Элибиз деле барып-барып көнүп калат. Элди сыртка көндүрсөк, элдин бюджетине келечегине абдан пайдасы болот.

- Өкмөт тараптан кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат?

–  Жакынкы аралыкта Россиядан 6,5 млн долларга жаңы жабдууларга келишим түздүк. 3,6 млн долларга Казакстан жаңы жабдуу бермей болду. Буюрса жаңы жылга чейин ветеринардык лабораторияны жаңы жабдуулар менен камсыздап алабыз деп турабыз. Албетте бул келишимди түзгөнгө өкмөттүн бизге берген жардамы чоң. Бул биздин кыргыз Республтикасынын өкмөтүнүн жардамы менен иш алып барып атабыз. Эми бажы ачылды. Жаңы жабдууларыбыз келсе ишибиз илгери жүрүп, малдын дартын аныктоого жеңилдик болот.

- Сиз жогоруда Бажы биримдигине киргенибиздин артыкчылыктарын айтып өттүңүз. Медалдын эки тарабы болгондой эле, Бажы биримдигинин Ветеринарияга тийгизген экинчи тарабы барбы?

– Чындыкта жиптин эки учу болот. Бир оорчулук болот. Экинчиси албетте ал иштин жакшы жагы болот. Кайсы бир ишти баштаганда бир нукка түшүп көнгүчөктү татаал болот. Бажы Биримдигине кирбеген күндө ортодо эле калып калабыз. Эл көнгүчөктү кичине кыйналганыбыз менен, келечек алдыда.

- Кыш жакындап келе жатат. Куш тумоосу ж.б. ушуга окшогон оорулар чыгып калат. Сиздердин кышка даярдыгыңыздар кандай?

– Биздин лаборатория кайсы мезгил болбосун дайым даяр. Оорунну кандай түрлөрү болбосун, ошол замат текшерип беребиз.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru