Айбат » Рустам Жунушалиев, “Аруу Эл Инвест” компаниясынын жетекчиси: “Шайлоого жумшачу акчабызга Кыргызстанда 20 завод ачууну пландап жатабыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Рустам Жунушалиев, “Аруу Эл Инвест” компаниясынын жетекчиси: “Шайлоого жумшачу акчабызга Кыргызстанда 20 завод ачууну пландап жатабыз”

Рустам Жунушалиев- Рустам мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого өзүңүз жетектеген “Аруу Эл” партиясы менен аттанганы жакшы камылга көрүп келип, эң акыркы учурда шайлоого баруудан баш тартып койгонуңуздун себеби эмнеде?

– Партиянын башкы максаттарынын бири катары кыргыз экономикасын көтөрүү жагын кабыл алганбыз. Экономикасы күчтүү мамлекет бул алдыңкы, күчтүү мамлекет болуп эсептелет. Шайлоого катышууга бел байлаганыбыздын себеби дагы экономика багытын көтөрсөк деген максат болгон, бирок тилекке каршы шайлоонун башталышы аябай ыплас башталды. Азыркы убакта биз шайлоого чыкпайбыз деген чечимди кабыл алганыбызга өкүнгөн жокпуз. Себеби азыр биометрикалар дагы даяр эмес экенин өкмөт өзү мойнуна алып жатат, ошондуктан бул шайлоо таза өтөт дегенден алыспыз. Шайлоого деп камдаган тыйындарыбызды элдин, жердин, Кыргызстандын керегине жараталы деген чечимге келип шайлоого баруудан баш тарттык.

- Партиянын түзүлүш тарыхына токтоло кетсеңиз…

– Биз дагы катардагы жаштардай эле учурунда чоң саясатчылардан тажрыйба алалы деп алардын жанында жүрдүк. Элге кызмат кылсак деген аракетибиз ишке ашып, колубуздан келгенин жасадык. Бирок 2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Убактылуу Өкмөтпү, же кандайдыр бир күчтөрбү, жаштарга итке сөөк ыргыткандай мамиле жасап, Жаштар министрлигин түзүп, ага жарыбаган 50 миллиондун бюджетин ачып берип, эми өзүңөр кирише бергиле деп таштап койгону өтө бир кыйын акыбалга алып келди. Министрликтин түзүлүшүндө жүрдүк, катышып көрдүк. Жыйынтыгында партияны түзгөнүбүздүн башкы себеби-жаштар саясатынын артта калып калганы болду. Жаштар биригип, партия түптөлгөндөн бери чогуу келе жаткан жарандарыбыздын, башка өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин башын бириктирип “Аруу Эл” жаратманчылардын партиясы деп баш байлап түзгөнүбүзгө эки жылдын жүзү болуп калды.

- Жаштар коому, жаштар партиялары бар, негизи эле баардык жаштар чогулуп, бир пикирге келе алышабы?

– Жок, жаштар бир пикирге келе алышпайт, себеби ар кимисинин өз амбициясы, жеке кызыкчылыктары бар. Жаштар бир идеяга келиши өтө оор болуп калган, анын үстүнө жаштардын биригиши мамлекетке дагы керек эмес. Жаштарды башын бириктирбей, бөлүп-бөлүп башкарган пайдалуу болуп бийликпи, же башка күчтөрбү бөлүп-жарууга чейин алып келип коюшту. Негизи алар бириксе абдан чоң күчкө айланат. Жаштардын өзүнө болгон сүйүүсү дагы ар башка. Билими жок адам деле депутат, лидер болуп, эл башкаргысы келет. Албетте, ар бир адам багыты боюнча өзүнчө лидер, бирок элдин жашоосун жакшыртып, көтөрүп кетүүсү өтө оор жана жооптуу.

- Эл арасында бир пикир бар, бир учурда жетекчи улуу муундан болсо орун басары жаштардан, жетекчи жаш болсо орун басары улуу муундун өкүлү болушу керек деген идея болуп, бирок бул ишке ашпай калган. Анын себеби улуулардын жаштардын тазалыгына багына албаганы, алардын тажрыйбалуу ичип-жеген көз боёмоочулугу себеп болгон дешет…

– Бул ар бир адамдын өзүнө байланыштуу. Жетекчиликке жаш барабы, кары барабы, негизгиси барган кызматынын максатын мыкты билген адам болушу керек. Улуу муундун өкүлдөрүн четке чыгарып койгонубуз туура эмес. “Карысы бардын-ырысы бар”, – деген элибизде жакшы кеп бар. Алардын жакшы жагын үйрөнүп, тажрыйбасы менен бөлүшүүбуз керек, ага өзүбүздүн жаңы идеяларды жуурулуштуруп алып чыксак реформа жасоого жол ачылат. Улууларды аралаштырбай жетекчиликке жаштар келе берсе тажрыйбанын жоктугунан иш алдыга жылбайт. Бир мисалды айтсак болот, 2010-жылы 7-апрелден кийин Балкычы шаарынын мэрин алмаштырып, жаш жигитти алып келип коюшту. Мен өзүм Балыкчыдан болом, ошондуктан бул окуя мага тааныш. Ал жаш жигит мэр болуп келди, ары жакта иш токтоп калды. Себеби шаардык бюджет кай жактан кирээрин эч ким билбейт. Эмне себеп, кайсы ресурстардан шаарга киреше кирээрин билишпей, иш алып барууну билбегендиктен иш жүрбөй калган. Ошондуктан жаштар улуулардын жанында жүрүп, жакшысын алып, баарыбызда кемчилик бар, жаманын албай, тажрыйба үйрөнүшү керек деп ойлойм.

- Коррупция тармагында эмгектенип кетипсиз, өлкөдөгү коррупция көйгөйүн айта турган болсок коомчулуктун пикиринде коррупциянын үстү гана алынып, түбүнө чөгүп кеткен катмары ошол бойдон кала берип жатат дешет. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

– Коррупция менен күрөшүүнү ушундай көрүп жатса, демек алардын көз карашы ошондой. Бирок коррупцияны жеңиш үчүн биздин партияда жакшы программабыз бар, ал программа-автоматташтырууну киргизүү. Кыргызстандын аласа-бересесин азайтыш керек, эки адамдын колмо кол берүүсүн токтотуп, автоматташтырууга өткөргөндө өлкө ичинде такташтыруу дагы жүрөт. Мамлекетибиздин ичинде эмнебиз бар, эмнебиз жок экенин эч ким билбейт. СССР талкалангандан бери так маалымат бир дагы райондо, айыл өкмөтүндө жок, баары болжолдуу түрдө жазылат. Ал эми автоматташтырууну киргизип, Кыргызстандын бүт системасын автоматташтырууга алып келе турган болсок ошондо коррупция 80-90га азайышы мүмкүн, ошондо деле толук жоголуп кетет деп кепилдик берүү кыйынга турат. Автоматташтырууну киргизүү боюнча башка мамлекеттерде болуп, окуп, үйрөнүп, автоматташтыруу каражаттарын кайсы компаниялар берээри жөнүндө дагы ооз эки келишим түзүп келдик. Ошонун баарын буйруса алдыда ишке ашырсак, коррупциянын түп-тамырынан жоюуга алып келет деген ишеничтебиз.

- Силердин компания инвестиция тартуу менен иш алып барат экенсиздер, кандай иштерди жасадык деп баса белгилеп айта аласыздар?

– Инвестиция менен үстүбүздөгү жылдын башынан бери абдан киришип иш алып бара баштадык. Европа биримдигинин өкүлдөрүнөн, Россиядан, жакынкы мамлекеттерден элүүгө жакын инвесторлорду алып келгенбиз. Булар азыркы тапта Кыргызстан менен тыгыз байланышып иштеп жатышат. Инвестиция тартууда биздин эң башкы максатыбыз-инвесторлор менен идеясы, ишке ашыраар ою бар биздин жарандардын жолугушуусуна шарт түзүп беребиз. Ал адам идеясын толук түшүндүрүп бере ала турган болсо анда инвесторлор менен түздөн түз байланышып иштешет. Антип иштеп жаткандар бар, биринчи Болгариядан, Германиядан келген ишкерлерибиз адамдын оюна келбеген металлдарды жаңы түрүн чыгарып, металлургиялык цех иштетип жатышат. Өзүбүз дагы долбоор жазып таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу завод салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Бажы биримдик маселелерин өкмөт чечип бере турган болсо таштандыларды пайдалуу иштетүү жүзөгө ашат. Кыргызстанга абдан чоң пайда алып келе турган болот. Саатына 10 мегаВатт энергия бөлүп чыгарат. Экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк жаралат, газ чыгат. Таштандыларды кайра иштетүү өлкөгө көп пайда алып келет. Бул тууралуу өкмөткө кайрылып жатабыз. Андан тышкары дагы долбоорлорубуз көп, Бажы союзу менен кызматташсак дагы болот, андан сырткары Голландиядык компания менен келишим түзүп эл аралык нормага жооп бере турган эт комбинатын, жанына лабораториясы менен кошо куруп, ишке киргизүү планы бар. Жайгашуучу орунун сүйлөшүп жатабыз. Айыл чарба, мал чарбачылыгы боюнча кирешелүү болот, анткени бул Бажы биримдигиндеги өлкөлөргө гана эмес дүйнөлүк аренага чыга турган лаборатория болуп эсептелет.

- Инвестицияны кабыл алып, аны туура багытта колдоно ала турган деңгээлге жетиптирбизби?

– Ири мамлекеттердин баары жаңыдан бутунан туруп келе жатканда бизде болуп жаткандай баскычтарды басып өтүшкөн. Биздин мамлекетти жаман деп айткандан алыспыс. Сингапур, Малайзиялар учурунда бизден жаман абалда турушкан. Бирок туура реформа жүргүзүп, туура долбоорлорду кабыл алып бутунан туруп кеткен. Түштүк Кореяны эле ала турган болсок 30 жыл мурунку абалы менен бүгүнкү күндөгү абалын салыштырып болбойт, учурда өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Бизге инвестиция менен иштөө сөзсүз керек, потенциалы буйруса жакшы, инвесторлорду алып келе турган болсок Кыргызстандын келечеги абдан эле жакшы болот. Россияда Менделеевдин таблицасындагылардын баары бар десе, бизде анын жарымынан көбү бар. Доор алмашып жатат. Доор алмашкан сайын адам баласынын колунан келе турган нерселер дагы алмашууда. Мисалы алмазды бир учурда жерден казып чыга турган болсок бүгүн аны замандын жаңы талабы менен жасап жатышат. Демек, эртеңки күнү биздин кен байлыктар дагы кереги жок болуп, бир тыйынга арзыбай калгыча учурунда мамлекет үчүн иштетип калыш керек. Тышкы саясатты карап көрө турган болсок Россиянын президенти 250 жылда иштете турган нефтини 12 жылда иштетип койду. Абдан туура кылды, себеби учурда суу, электр тогу менен жүрө турган техникалар жаралып, нефтинин кереги жок экенин тастыктай баштабадыбы. Алр өз учурунда потенциалын колдонуп алышты. Биз дагы баа болуп турган учурда колдонуп алышыбыз керек. Жаш муундарга жаркын келечек калтырышыбыз керек, заман ылдамдык менен өнүгүп улам жаңы нерселер пайда болуп жатат. Эртең алтындын баасы кандай болорун ким билет. Инвесторлорду чочутуп алуудан алыс болушубуз керек, ал үчүн биздин мамлекетке туруктуулук керек, митинг, бөлүнүү-жарынуунун кереги жок.

- Жакшы иштерди жаратып, жаш болсоңуздар дагы билекти түрүп иш жасап жатыпсыздар, бирок ушул жаатта кезигип калчу көрүнүштөрдүн бири болгон кимдир бирөөлөрдүн өз кызыкчылыктарын жогору коюп бут тосуулары ишиңерге тоскоолдуктарды жараткан жокпу?

– Баардыгы бир Кудайдан дейт, тагдырдын буйруганы болот, бирок тагдырда бурулуштарды жасоого дагы өзүң себепкер боло аласың. Чоң иш баштап, мамлекеттин, элдин алдында чоң милдетти моюнга алып аттангандан кийин ар кандай тоскоолдуктардан чочулап баш тартып кете турган болсоң эл үчүн жасайм деген максаттуу ишиңди жүзөгө ашыра албай каласың. Албетте, мамлекет тарабынанбы, башка тараптанбы, кыйынчылыктар кезигет, анын жолун таап чыкканга аракет кылабыз.

- Мезгил талабына ылайык ой жүгүртүп, жоопкерчиликтүү иштерди моюнга алып, окуп, үйрөнүп тыным албай аракеттенип келесиз. Мунун баарына күчтү, энергияны кайдан аласыз?

– Адамдын өзүнүн аракетинен, дээринен болот. Издендик, чет жактан окудук, Кыргызстанга пайда алып келээр иш жасасак экен дедик. Куру намысы таштап, чоң адамдардын жанында машинасын айдап болсо дагы кошо жүрүп, мамлекет үчүн иш жасоону үйрөнүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Аракетибиз ишке ашып үйрөнгөн мезгил келди. Кыргызстандын ичинде жүргөн адам башка өлкөлөргө чыкканда көп нерсени үйрөнөт. Мен дагы сыртта окуп келдим, менин дагы өлкөм ушундай болсо экен, ал үчүн эмне кылыш керек тынбай ойлондум. Бизде Кудай берген көп керемет жерлерибиз бар, ошону туура пайдаланып, алдыга жылууга аракеттенсек алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бар. Биздин элдин бир нерсени нерсени бат үйрөнүп, өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү абдан жогору турат. Муну дүйнөлүк окумуштуулар айтып чыгышкан. Биздин алдыга алып чыккан урааныбыз “Сөздөн ишке өтүү”. Жаштарга чакырык таштап, чоң саясатчылардын колундагы камчы болуп чабылбай, чогуу отуруп идеяларды бөлүшүп, талкуулап, Кыргызстанга пайда алып келчү үчүн жасалчу чоң иштерге кадам таштасак дээр элем.

- Жаштарды чоң саясатчылар өздөрүнө тартып, келечекке жол көрсөтүп жаткандары деле бир чети туура, бирок аларды пайдаланып, терс жактарын кошо үйрөтүп коюу коркунучу дагы болушу мүмкүнбү?

– Партиялардын астында жаштар канаты деп ачылып жатканы учурдун ачуу чындыгы. Бул деген орой айтканда “айдап кел, байлап келдер” болуп калат. Бир чоң саясатчынын жасап жаткан иштерин жанында туруп үйрөнүп, өз алдынча келечекке көз карашын жүргүзө албагандары Кыргызстандын эртеңки келечегине балта чаап коюшу мүмкүн. Саясатчыларыбыздын туура эмес жол көрсөткөн учурлары дагы жок эмес. Мурунку парламенттин 92 депутаты кайра талапкер болуп шайлоого аттанып бара жатат. Мындан эмнени күтсө болот? Эч өзгөрүү жок. Жаңыча кадам жасалат деп ишенгенге болобу. Саясатчылардын атын атап жаман дегенден алысмын, ошентсе дагы Кыргызстандын келечегин ойлогон адам башкаларга жол бериши керек го деп ойлойм. Катка туура жооп жазып бере албаган адамдар жетекчиликте отуруп жатышат, сабатсыз министрлерибиз бар. Андайлар болбош үчүн “менин агам, тагам, акем” деген түшүнүктөн алыстап чыгышыбыз керек.

- Азыр жаштар арасындагы көйгөйлүү маселелер-жумушсуздук, ичкиликке аралашуу, же болбосо таптакыр баарын четке кагып динге катуу берилип кетүү болуп жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Ичкилик мурункуга салыштырмалуу азайды. Динге берилип, айт намаз, жума намазга баргандарды карасак көпчүлүгү жаштар, ыйман жолун тандап жатышат. Бирок бул жерден дагы сабатсыздык тууралуу кеп кылып кетпесек болбостур. Динди туура эмес түшүнүп, ал багытта сабаты жоктугунан көп адамдар запкы жеп жатат, туура эмес түшүнүктөн улам адашып Сирияга кетип калып жаткандары буга мисал боло алат. Ислам дининен салттуу динибизди алып калышыбыз керек. Дин маселеси мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетти. Биздин Кыргызстанда учурда Исламдын 73 агымы тең бар. Он жылдан бери намаз окуйм, мурда каалаган мечитке, намазканаларга кирип намаз окуй берчүмүн. Азыр антпейм, мечиттер дагы суниттердики, шейиттердики, дагы башкалардыкы деп бөлүнүп калды. Ошону менен катар бизде Теңиризм дагы күч алды. Эртеңки күнү ушулардын ортосунда руханий согуш болуп кетүү коркунучу бар. Руханий согуш граждандык согуштан дагы коркунучтуу. Граждандык согуш бир адамдын максатын көздөсө, жандүйнөнүн согушун эч ким токтото албайт. Биздин атайын кызматтарбы, же мамлекетпи, муну тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Бизде салттуу ислам калсын, беш маал намаз оку, шариятта айтылгандарды жаса, бирок 73 агымдын бизге кереги жок.

Жумушсуздук боюнча айта турган болсок, иштейм деген адамга жумуш дайыма бар, жер казса дагы иштейт. Чет жерлерде мигрант болуп бирөөнүн жерине иштеп жүрүшөт, өзүбүздүн деле жерден ошол ишти жасаса андан эки эсе көп акча табат. Эмне деген жерлерибиз иштетилбей турат. Мамлекетибиз жардыраак, элден алайын десе элибиз ызы-чууга жакыныраакпыс, эртеңки күнү аягы митинг, революцияга чейин жетип кетет. Ажобуз өзү айткандай баш кийимин сунуп алып ар кайсы жерден тыйын сурап жүрөт. Негизи элдин аң-сезимин өзгөртүшүбүз керек. Ал үчүн ар бир адам мен элим үчүн, Кыргызстан үчүн, эртеңки балдарымдын келечеги үчүн эмне кылдым деп өзүнө суроо бериши керек. Эртең балам менден “менин келечегим үчүн эмне кылдың?” деп сурай турган болсо мен ошого жооп бере ала тургандай болушум керек. Биз дагы калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду даярдап бүтүп калдык, болжол менен 2 айдын ичинде шайлоого чыга турган акчабыздын эсебинен түштүк жакка 10 завод, түндүк жакта 10 завод ачалы деп пландап жатабыз.

Айбат гезити №146




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru