Айбат » Алыкулга кат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Алыкулга кат

Алыкул Осмонов(Б.Сарногоевдин «Мидинге кат» деген сатирасынын үлгүсүндө жазылды. Катта Алыкулга теңтуш катары эле мамиле жазалат)

 

Көрүнбөй кетти карааның

Алыке кандай абалың?

Бир дагы жолу татпадык

Бул жактын тамак, шарабын

Алалбадым өзүңдөн

Куйкум сөз ырдын сабагын

 

Бир кездерде Байдылда

Сыр катын жазган Мидинге

Мен дагы жаздым сыр каты

Умтулуп жүрүп илимге

Ким жазды экен деп чочубай

Бир Айбек деген иним де

 

Кат жаздым атың белгилеп

Жетеби аны ким билет

Почтоочун болсо бермекмин

Бул каты Алыкеме деп

Курдашым жазды эле

Райканга бир кат энчилеп

Эки жыл өтсө да арадан

Бирок бир дагы жооп кат келе элек

 

Телефонуң жок чалганга

Кабарлашып алганга

Адресиңди билбеймин

«Гүл азык» арнап салганга

Кат жазат ко деп күтчү элем

Өзүм жаздым талганда

 

Кетирбей мезгил убагын

Бир азга кеп сөз курайын

Жазганга «мешать» болбосун

Теленин үнүн бурайын

Айта көр мага Алыке

Ал жактын

Абалын өзүңдөн сурайын

 

Жазарда мага жооп катын

Сөзсүз жаз көчөңдүн атын

Айбекке деп белгиле

Унута көрбө ал жагын

Телефонуң номерин

Катыңа жазбай калбагын

 

Өзүңдүн кандай абалың?

Өлгөндө уктум кабарың

Өзөктү өрттөп кетти, эй!

Өзүңдүн кетип калганың

Издейбиз дале болсо да

Арада жүргөн карааның

 

Ырларың окуп каныга

Отурам князь тагына

Талаттуу акын элең го

Кыргыздын таалай-багына

Ысык-Көл жатат чайкалып

Карааның издеп сагына

 

Артыңда калган ырларың

Билесиң укмуш буларың

Ыр жаздыңбы жаңыдан?

Ушул да менин сурарым

Жазганың салып жибергин

Китепке топтоп турамын

 

Бейишке чыкмак деди эле

Ал жакка чыгып кеттиңби?

Жазуучалар союзуна

Ак дилиң менен өттүңбү

Жетпеген аруу максатка

Алыке

Ал жактан эми жеттиңби?

 

Баштаган ырың бүттүнбү?

Жаштаган ыйың сүрттүңбү?

Бул жактан мейли болбоптур

Ал жактан бир жар күттүңбү?

Же келечек күнүңөн

Таптакыр үмүт үздүңбү?

 

Балталап чаппай бактыңды

Ал жакка өзүң жактыңбы?

Көңүлдү жүрүп дайыма

Ооз тийип шарап таттыңбы?

«Ысык-Көл» көлгө окшогон

Сырдуу дос издеп таптыңбы?

 

Ал жактын кандай талабы?

Аткан таң, кечки караңы?

Баардыгы кенен болгон соң

Жок чыгар адам сараңы

Капкагын бурап бөтөштүн

Болобу жаңы жыл дагы?

 

Кыргыз, өзбөк, казак деп

Биздего баштан бөлүшөт

А силерде адамдар

Кандайча жашап жүрүшөт?

Туугандар болсо ал жактан

Көрүшөт бекен, көрүшөт

 

Молдо Нияз атабыз

Жүрөбү деги капасыз?

Үйүнө барсаң ал киши

Кетирчи эмес батасыз

Ал жакта кандай турду экен

Өзүң айт сөздү катасыз

 

Абдрахманов Байымбет

Поэма жазган көп ирет

Кагылайын кыргызым

Тоголок Молдо деп билет

«Үрпүкан», «Кемчотойуна»

Кайсы чыгарма тең келет

Кабарын айт атамдын

«Жашоосу мына мындай», деп

 

«Бүркүттүн тою», «Будайык»

Турмушка даана ылайык

Молдо Кылыч атанын

Абалын азыр сурайык

Турмушун айтып бер мага

Кулакты төшөп турайын

 

Шаркырап ташып аккан суу

Бардык жанга жакан суу

Ээн жаткан талаа токойго

Ардактап орден таккан суу

Кыргыз элге белек деп

Жеңижокту тапкан суу

 

Өтө аба

Төкмөчүлүк башчысын

Ал жактан ээлеп алгандыр

Кымызды ичип дайыма

Бир азга толуп калгандыр

Маянаны көп алып

Эки этаж үйдү салгандыр

 

Кубаттаса эл деми

Унутуп коюп мени

Дагы да айтып жатабы

«Аккан суу» деген термени

Салдыртып жибер жазганын

Адамдардан

Бул жакка болсо келгени

 

Токомдун кандай турмушу

Кыргыздын эле булбулу

Токомдо толуп турчу эле

Төкмөлүк ырдын куржуну

Жолукту бекен акынга

Топчубай деген тун уулу?

 

Оозго алып бүтпөз термени

Кыдырып эчен жерлерди

Дагы эле жактап ырдайбы

Жашоосу начан кемдерди?

Айтышам деп Токомо

Кайсы акын ага тең келди?

 

Кандай аял тууду деп?

Токомдой алтын уулду деп?

Таңданып кана турабыз

Жаралбайт андай болду деп

Айтып кой Токо абама

Эстелик сага курду деп

 

Кыргыздар акын калк эле

Кыргыздын анык алпы эле

Чымчыгын жанда сайраткан

Белгилүү акын Барпы эле

Сиңип калган түбөлүк

Акындын алтын баркы эле

 

Биз дайым эстеп жүрөбүз

Абамда эстеп жүрөбү?

Ырларын абдан сүйөбүз

Согобу биз деп жүрөгү?

Күнөөбүз жокто күлөбүз

Барпы абамда күлөбү?

 

Осмонкул менен Калыкем

Эшмамбет менен Алыкем

Дүркүрөй түштү дүнүйө

Ырдаса эгер бары тең

Жашоосу кандай алардын?

Кимиси бай, кими кем?

 

Кылганы адам таң калткан

Аллахым өзү жараткан

Телегей апам жүрөбү?

Моюн бербей мал жактан

Дагыда медаль алдыбы?

«Баатыр» деп колхоз тараптан

 

Рекордту коюп пахтадан

Өлмөскан апам аманбы

Ак алтын кылып салдыбы

Бош жаткан токой таланы

Пахталар күлүп калаттыр

Көрүнсө апам карааны

 

Кыргызча айтсам белгилеп

Кыргыздын баардыгы билет

Тилчи, акын, чоң ишмер

Тыныстан уулу Касымбек

Жүрөбү агаң камданып

Силерге

Жаңы алфавит жазам деп?

 

Айтып кой Касым акеме

Бары жакшы биерде

Алфавит, тамга, тыбыш бар

Кайгырып капа жебе де

Калтырган бизге сабагы

Барктуу болгон

Малыбай ушак жемеге

 

Уруштун басып чатыгын

Ким билбейт агаң атагын

Кишини жазап таш менен

Айтынын уулу Гапарың

Улантып ишин жүрөбү

Ал жактын оюп таштарын

 

Баарыңы жазап таш менен

Баарыңа берип саттыбы?

«Мега скульптор» аталып

Пачкалап акча таптыбы?

Деги эле мындай суроо бар

Агаңдын дени жакшыбы?

 

Баялинов

Агамын кандай абалы

Болдубу бейиш жараны?

Калк боздоп ыйлап ийеби

Көрүнсө агам карааны?

Камынып жазса чыгарма

Көп кылчу эле тапааны

 

Окудум кечөө «Ажарды»

Көргөндө өлүм ажалды

Көзүмө алып мөлтү жаш

Көңүлүм ыйга камалды

Өлтүрүп салгым келди эй

Андагы карышкырларды

 

Аралап Россей жергесин

Арашан акын деңгели

Аалыке Токон уулу деп

Ардактап сүйөт эл жери

Акындын жүзүн ачыптыр

«Өктөбүрдүн келгени»

 

Лидерди алып колуна

Талантты салып жолуна

Ой менен сүзүп барчы эле

Проза, поэзия боюна

Чакырдыбы силерди

Токсон жылдык тоюна?

 

Лидерди колго илгени

Ал жакта сыйлуу жүрөбү?

Же …

Алдырып ийип лидерди

Ыйлуубу соккон жүрөгү?

Жогорудай иш болсо

Ачыгын айт ким күнөлү?

Касымалы Жантешев

«Каныбектин» атасы

Ал жакта жашап жүрөбү

Эч болбой кайгы капасы

Кечирип кой Аллахым

Бар болсо бир аз катасы

 

Атагы чыккан «Каныбек»

Аны жазган жазуучунун жаны бек

Айтып койчу жолуксаң

«Каныбек»тин двасын

Жазсынчы эми эртээрек

Күтүп калды кыргыз эл

«Каныбек» два, два деп

 

Эсен деп айтып сурайын

Элебай уулу Мукайын

«Заарыгам» деп айтчу эле

Сурасаң турмуш, үй жайын

Ажыратып жаза алган

Кедейин кембагал, байын

 

Кармаса калем колуна

Куш конуп алчу жолуна

Бош кетчүү эмес максаты

«Жазам» сөз түшсө торуна

Бирок

Жете албай кетти окшойт

Келечек күндүн соңуна

 

«Күч бирдикте достор» деп

Темикең жар салабы?

Жаштарга таалим болгондур

Агаңын Берген сабагы

Катыңа жазып жиберчи

Мага бар болсо саламы

 

Чоң кызматка кондубу

Поэма, ырды жондубу?

Ал жакта баары таныган

Авторитеттен болдубу?

«Современникти» ээлеп

Бир азга агаң толдубу?

 

«Эненин» баркын билебиз

Жузуп ага турганда

Бапестеп багып сүйөбөз

«Эне» деп маек курганда

Редактор болуп калгандыр

Ал жакта чыккан журналга

 

Кан күйгөн согуш талкалап

Жарадар кылган агамы

Ошондо да

Турбастан башын калкалап

Алгалап жүргөн кадамы

Унутулбайт эч качан

Кыргыздын мындай адамы

 

Урматтуу агаң устатың

Бөкөнбай уулу Жоомартың

Жүрөбү айтып силерге

Алкышын менен санатын

Учкандыр жазган ырлары

Алыска кагып канатын

 

Драмасы «Алтын кыз»

Билебиз аны баарыбыз

Театрга коёбуз

Урматтап туруп жалпыбыз

Жолугуп калсаң агаңа

Унутпайт де

Кыргыз калкыңыз

 

Бир чети досуң курдашың

Жаныңда жүргөн сырдашың

Ал жакка дагы койдубу

«Шахтердун кызы», «Алмашын»

Укпасаң Кукем кабарын

Билесиң көңүл канбасын

 

Биринчи барган күндөрү

Кайгырып коюп жүрдүбү?

Андан соң чыгып күлгңнү

Ал жактын сырын билдиби?

«Балбайды» жазып бүткөн соң

«Шабданды» жазып кирдиби?

 

«Азаматтар» повести

Кыргызга айтып жар салган

Күчтүүлөп жанган аракетти

Чындыкты сууруп жалгандан

«Жигиттерди» жазсынчы

Деги эле дүйнө таң калган

 

Сыдыкбек уулу Түгөлбай

Эл баалайт сөздүн кенчи деп

Сурагын эгер жолуксаң

Айбекти тааныйсыңбы деп

Тааныса берип жиберсин

Мага бир повесть энчилеп

 

Көлкөңбай агаң аманбы?

Менден айт ысык саламды

Айыктырам дечү эле

Кургак учук жараңды

Кесибин улап ал жактан

Жаздыбы жаңы романды?

 

Сүйүү деп соккон жүрөгү

Райкан акем жүрүбү?

Салып жибер катыңа

Сатира жазса күлөлү

Айтчы эле дайым жаштарга

Жүргүлө дайым түгөлү

 

Ал дагы кетти жашынан

Кубалап бөтөш артынан

Бирок жазган ырлары

Түшүрбөйт акын баркынан

«Жинди суу» деп айткан эле

Себеби андан жалкыган

 

Турмушу кандай болду экен

Насиридин Байтемировдун?

Тарттырып бүттүңөр бекен

«Жылдыз хандын» киносун?

Эрчитип бирге жүрөбү

Курбу, жолдош жоросун?

 

Өлмөскан апага жолугуп

Алкышын алып калдыбы?

«Ырахмат» сөзүң көп угуп

Жүрөгү деги кандыбы?

Сыйлайбы Наси, Наси деп

Ал жакта

Жазуучу, акын бардыгы

 

Мидикем аман жатабы?

Кетирбей куру катаны?

Алиги көнгөн адаты

Шараптан бир аз татабы?

Же ант берип ичпейм деп

Көтөрүлдүбү атагы?

 

Байдылдадан кат алып

Калгандыр жаны жанданып

Ал жакка көнүп калган соң

Жүрөбү

Роман жазам деп камданып?

Жазганын мага салып Ий

Байдыкем турсун таңданып

 

Танбаса кыргыз качан деп

Атагын билдик «Кычан» деп

«Акышын» айтып балдарга

Эсепсиз салган эчен кеп

Ал жакка кандай жүрдү экен

Кыргыздын уулу Шүкүрбек?

 

Кыргызга атып чыкса деп

Жүрдү эле мында сантилеп

Мына эми чыгып атагы

Кабылды анда бар тилек

Сурапкой эгер жолуксаң

Кетпеппи

Бул жакка сактап өчпөз кек?

 

Алыке чыксаң бейишке

Көңүлдө жок анда кейишке

Кубанып бизда калабыз

Жүргөсүп сезип бейиште

Так секирип киришем

Поэма деген бир ишке

 

Башта бар дечи бир өлүм

Аларды жакшы билемин

Өтсөң да өзүң турмуштан

Унутпай эстеп жүрөмүн

«Жеңишбекти» окусам

Эс ала түшөт жүрөгүм

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Озондоп шамал зыркырап

Айтылуу кабар жеткенде

Ысык-Көл калды чыркырап

Көктөмдө турган жылдыз да

«Алыкем, ай» деп кыйкырат

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Кайран эл турду кайгырып

Кылымдар бою табылгыз

Акынынан айрылып

Көзүнөн аккан мөлтүр жаш

Дүйнөлүк жерге жайылып

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Досторуң калды артыңда

Жете албайт дечү баркыңа

Мейли алмаз, мейли алтын да

Бул жактан күлбөй кеткен соң

Ал жактан эми жаркылда

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Өзөктү өртөп кетти дейт

Орошон болуп булуттар

Ошондо жашын төктү дейт

Жалооруп , сыздап кайың да

Жашоодон көрбөй көптү дейт

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Ата журт калды кан ыйлап

Мен үчүн ооруп кетти деп

Өзүңдү издейт карайлап

Унута алчудай эмеспиз

Мейли өтсө күндөр, жыл айлап

 

Өзүң бир өтүп кеткенде

Тал чырпык калды ийилип

Сай сөөккө кабар жеткенде

Жалбырак бактан күбүлүп

Тизесин бүгүп ырларың

Артыңда калды жүгүрүп

 

«Ким болду экенди?» окушуп

Кыргызым күлөт баары тең

Дайыма сурайт Ысык-Көл

Кайда деп менин Алыкем?

Мына ушундай жашоого

Бир гана жүргөн жаның кем

 

Бул жактын айтсам кабарын

Бүркөбөс ачык кабагың

Бардыгын издеп табасың

Бирдемке болсо аларың

Жакшысын айтып берейин

Сол жакка таштап жаманын

 

Адамдын өрчүп акылы

Жоголуп элдин жакыры

«Интернет» деген шумдук бар

Силерге барар акыры

Чыкпады бирок бир ирет

Өзүңдөй кыргыз акыны

 

Жашообуз жыргал жайнаган

Эч ким жок оозду байлаган

Кыргызда өтүп эчен той

Казанда эттер кайнаган

Өзүң бар болсоң жакшы эле

Бирок

Жаралбайсың кайрадан

 

Отпуска алсаң келип кет

Коноктоп тосуп алабыз

Белегиң болсо берип кет

Музейге коё салабыз

Бир көрсөк ага жүзүңдү

Айыгар эле жарабыз

 

Бул жактын сонун заманы

Көрүнбөй кайгы жаманы

Арадан алып салабыз

Көрүнсө бөтөш карааны

Жылгансып эле баратат

Кыргыздын алга кадамы

 

Зымы жок чыгып телефон

Замандын күч алганы

Убакыт өтпөй окшошкон

Кызыктуу

Күндүн чыгып кайра батканы

Өзүңө айтып баргандыр

Бул жакты көрүп тапканы

 

Журналдар, гезит жайнаган

Китептер чыкты сандаган

Көрүнбөс болуп кете албйт

Качкынчы үнкүр жандаган

 

Кош колун сунган поэзия

Келечек акын тандаган

Чече албай келген суроого

Мына азыр жооп табасың

Кубалап салдык бир азга

Кыргыздын кайгы санаасын

Көзүнөн байкап коёбуз

Куу жандын жапкан жаласын

 

Эмнелер жок дейт билимде

Умтулуп жүрүп илимге

Кат жазып мында отурам

Ойлонбой Айбек иним де

Өзүңө айтып берейин

Болгонун менин күнүмдө

 

Өзүмдүн айтсам кабарым

Ыр жазуу менин талабым

Душмандар келсе кол салып

Тайманбай тике барамын

Эрмектер менен досторум

Кагазым менен каламым

 

Өзүмдүн айтсам абалым

Ырларым менин карааным

Көп түндөр бою иштенип

Кат жазууга араң жарадым

Жетсе экен менин саламым

Ушул ай менин кааларым

 

Лермонтов, Пушкин ырларын

Кез-кезде окуп турамын

Которуп көрсөм кичине

Окшошпойт деги буларым

Канткенде жакшы котором

Өзүңдөн ушул сурарым

 

Шекспир, Шота ураанын

Жашымда чалган кулагым

Дайыма жүрөм тиленип

Улантсам деп ыр булагын

Өзүңдө бөлөп ойлонсоң

«Окуу»деп жүргөн чынарың

 

Терисин сыйрып жолборстун

Тариэль болсоң шерденип

Достукка дайым жол болсун

Автандил болсом эрденип

Тинатин менен Нестаның

Айтылбайт беле элимде

Экөөбүз сүйгөн кыз делип

 

Сүйүүнүн билип атагын

Хосров болуп жаркылда

Мен басып уруш чатагын

Ромео болсом артыңда

Джульетта менен Шириниң

Экөөбүз сүйгөн кыз делип

Айтылбайт беле калкымда

 

Апанын билип атагын

Ар күнү ырдап жатамын

Азына деле карабай

Ай өтсө бир ыр жазамын

Айталбайм бар деп поэмам

Анткени кайдан табамын

Тарынбасын туугандар

Сурабай калсам абалын

Өзгөртө албайт экенбиз

Турмуштун бизге талабын

 

Жетсе эгер менин саламым

Калат экен жооп аларым

Кеңири айтып Бере көр

Ал жактын укмуш кабарын

Колдон келсе салып жибер

Көрөйүн тамак, шарабын

 

Ойлонуп жүрдүм миң ирет

Отуруп көпкө кайгы жеп

Акыры жаздым мындай деп

Туурабы аны ким билет

«Мергенчи Осмон уулуна

Аларча көрүстөнү»деп

 

Айбек Эмилбек уулу

Айбат гезити №146




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru