Айбат » Кышкыга икра даярдоо

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кышкыга икра даярдоо

кышкы салатКышкы салаттарды жасоону улантабыз. Өткөн саныбызда (03.09.2015ж) силерге кышкы салаттардын капуста салаттары жана памидор түгөйү аттуу салаттардын рецепттери менен тааныштыра кеткен элек. Бул саныбызда жашылчалардан жасалган икралардын рецепттери менен икраларды жасоону тартуулайбыз. Икра салаттары суу май кошулуп жасалгандыктан алар тоюмдуу келет. Андыктан салаттарды жасай баштайбыз

 

БАКЛАЖАН ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Баклажан – 2 килограмм
  • Болгар калемпири – 1 килограмм
  • Пияз – 1 килограмм
  • Сабиз – 1 килограмм
  • Помидор – 2 килограмм
  • Сарымсак – 3 баш
  • Укроп – 1 боо
  • Өсүмдүк майы – 0,5 литр
  • Татымына жараша туз, кара мурч.

Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз.
  2. Эми баарын (сарымсактан башкасын) чакмак түрүндө туурап, ар бирин өзүнчө идишке сала турабыз. Тууралган баклажанга болсо бир аз туздан себелеп, жарым сааттай тыныктырып коёбуз. Бул ыкма андагы ачуу даамдын чыгып кетишин шарттайт.
  3. Казанга майды куюп ысыган кезде пиязды, сабизди, андан соң болгар калемпирин салып, 10 мүнөттөй кууруп, баклажанды салып аралаштырабыз. Казандын капкагын жаап, жай отто 10 мүнөттөй демдеп коёбуз. Баклажанды саларда колуңуз менен сыгып алууну унутпаңыз!
  4. Белгиленген убакыттан кийин казанга помидорду жана майда тууралган сарымсак менен укропту салып, татымына жараша туз, кара мурч кошуп, отту жайлатып дагы 20 мүнөт кууруйбуз. 5. Баклажан икрабыз даяр. Аны алдын ала бууланган банкаларга салып, оозун беките берсеңиз болот.

 

САБИЗ ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Помидор – 3 килограмм
  • Сабиз – 2 килограмм
  • Сарымсак – 2 баш
  • Өсүмдүк майы – 0,5 литр
  • Кумшекер – 100 грамм
  • Уксус (70) – 2 аш кашык
  • Лавр жалбырагы – 3-4 даана
  • Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап алабыз да, эт туурагычтан өткөрөбүз.
  2. Казанга помидор менен сабиздин аралашмасын куюп, ага өсүмдүк майын, кумшекер, туз кошуп аралаштырабыз. Андан соң жай отто 1 саат кайнатуу керек.
  3. Белгиленген убакыт болгондо майдаланган сарымсакты, лавр жалбырагын жана уксусту кошуп 5 мүнөт кайнатабыз. Икрабыз даяр. Даярдаган банкаларыңызга куюп жаба берсеңиз болот. Эскертүү, икраны банкага куярда лавр жалбырактарын алып салууну унутпаңыз. КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ

 

КЫЗЫЛЧА ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Кызыл кызылча – 1 килограмм
  • Помидор – 2 килограмм
  • Пияз – 700 грамм
  • Сабиз – 700 грамм
  • Сарымсак – 2 баш
  • Өсүмдүк майы – 300 миллилитр
  • Суу – 1 стакан
  • Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

  1. Кызылча, сабиз, пияз жана сарымсакты аарчып, жууп алабыз. Эми буларды жашылча сүргүчтөн өткөрүп, ар бирин өз-өзүнчө идишке салабыз. Помидорду болсо эт өткөргүчтөн өткөрүп же блендерге салып майдалап алсаңыз болот.
  2. Эми жашылчаларды кууруу этабына өтөбүз. Алгач пиязды соолуганча кууруп алабыз да, үстүнө сабизди салып 5 мүнөттөй кууруйбуз. Андан соң кызылчаны жана помидорду салып, 1 стакан суу куюп аралаштырабыз. Табитиңизге жараша ачуу калемпир кошсоңуз да болот.
  3. Татымына жараша туз, мурч кошуп, жай отто 30 мүнөт демдеп коёбуз.
  4. Даяр болгон кызылча икрасын бууланган банкаларга салып, оозун бекитебиз.

 

«АССОРТИ» ИКРАСЫ

Керектелүүчү азыктар:

  • Баклажан – 1 килограмм
  • Кабакча – 1 килограмм
  • Помидор – 1 килограмм
  • Пияз – 1 килограмм
  • Сарымсак – 4 баш
  • Болгар калемпири – 1 килограмм
  • Сабиз – 1 килограмм
  • Өсүмдүк майы – 0,5 литр
  • Кумшекер – 200 грамм
  • Уксус 6 – 1 стакан
  • Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

  1. Жашылчаларды аарчып, жууп-тазалап алабыз. Помидор менен сарымсакты эт туурагычтан өткөрөбүз.
  2. Баклажан, кабакча, сабиз, болгар калемпирин чакмак түрүндө, ал эми пиязды жарым тегерек түрүндө туурайбыз. Эми жашылчалардын ар бирин өз-өзүнчө кууруп алабыз.
  3. Куурулган жашылчалардын баарын казанга салып, тартылган помидор менен сарымсактын аралашмасын куябыз. Үстүнө кумшекер жана татымына жараша туз кошуп, жай отто 30-35 мүнөт кайнатабыз. Эми уксусту куюп, жакшылап аралаштырабыз. Жашылчалардын топтомунан жасалган икрабыз даяр. Банкага жаап, кышкыга сактай берсеңиз болот.


Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru