Айбат » Таалим тарбия: адам бололу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Таалим тарбия: адам бололу

асманАДАМ БОЛУУ

Адам баласы ким жана канткенде адам болот?

Бир даанышманга: “Канткенде адам болобуз?”,-деп сурашыптыр.

“Үч кадам таштоо менен”,- деп жооп бериптир даанышман.

“Эң башта, сага жамандык кылгандарга жамандык кылгың келбесе, демек бул адам болууга таштаган биринчи кадамың. Сага жамандык кылгандарга жакшылык кыла баштаган болсоң, экинчи кадамды таштап, чыныгы адам боло баштаганың. Акырында, сага жакшылык жасагандар менен жамандык жасагандардын ортосунда айырма билбей турган абалга келгениңде – адам болгонуң ошол.”

 

МУХАММЕД АЛИНИН КЫЗДАРЫНА НАСААТЫ (Баалуулук)

Бул окуя Мухаммед Алинин кыздары анын үйүнө өтө ачык кийим кийип келгенде болгон.  Анын кыздарынын бирөөсүнүн айтып берүүсү боюнча окуя төмөнкүдөй болгон:

Биз акыры атам жашаган үйгө жеткенде, айдоочу сиңдим Лейла менен мени атамдын квартирасына чейин узатып чыкты. Ал бизди чочутуу үчүн, ар дайымкысындай, эшиктин артына жашынып күтүп туруптур. Бири-бирибизди болушунча бекем кучактап өптүк. Атам бизге жакшылап көз жүгүртүп карады да, анан мени тизесине отургузуп, мага мен өмүр бою унутпай турган бир сөз айтты.Көздөрүмө тике карап: “Хана, Кудай бул дүйнөдө баалуу кылып жараткан нерселердин баары катылуу жана кол жеткис. Алмазды кайдан табасың? Жердин түбүнөн жабык жана катылган абалда. Берметти кайдан табасың? Океандын тереңинде, кооз кабыктын ичинен. Алтынды кайдан табасың? Терең шахталарда кабат-кабат аска, таштын арасынан. Аны алуу үчүн катуу иштеш керек”. Анан ал мага олуттуу көздөр менен карады да: “Сенин дене-мүчөң да ыйык. Сен алмаз, берметтерден да баалуусуң. Сен да жабынышың керек, кызым!”,- деди.

 

ӨМҮР НАМАЗСЫЗ АЗАН МЕНЕН АЗАНСЫЗ НАМАЗДЫН ОРТОСУНЧАЛЫК

Небереси ак сакалы жайкалган, нур жуздүу чоң-атасына суроо салат:

-Чоң-ата, адам өмүрү канчалык?

Чоң-ата жылмайып:

-Азан менен намаздын ортосунчалык.

-Кандайча? Өмүр ошончолук кыскабы?-, дейт анда небереси.

-Ооба, балам. Өмүр намазсыз азан менен азансыз намаздын ортосундагы убакытчалык.

-Намазсыз азан менен азансыз намаз дегениңизди түшүнбөдүм, чоң-ата. Түшүндүрүп берсеңиз.

Чоң-ата мээрим толо небересин колунан кармап:

-Кулак сал, балам. Өткөн күнү кошунабыз балалуу болду. Ал наристенин кулагына азан окулду, туурабы? Ал азандын намазы окулдубу? Жок окулбады. Ошол намазсыз азан болчу. Адам көз жумганда окулган жаназа намазынын азаны болбойт. Мына ошол азансыз намаз. Чын-чынына келгенде, ал намаздын азаны адам жарыкка келгенде кулагына окулган азан. “Эй, адам баласы! Төрөлдүң, бирок өлөсүң. Өмүр бат эле өтүп кетет. Убактыңды туура пайдалан, бекер өткөрбө!”-дегенди билдирген азан болот ал. Көрдүңбү, балам, өмүр ошон үчүн намазсыз азан менен азансыз намаздын ортосунчалык.

 

БИР ЧАКА АЛМА

Бир киши бакчасы бар кооз, жаңы, чоң үй сатып алат. Жанындагы эски үйдө кызганчаак кошуна жашачу. Ал жаңы кошунанын көңүлүн ооруткусу келип, анын эшигинин алдына таштандысын таштап кетип, же дагы башка жаман нерселер жасап турчу. Бир күнү жаңы кошуна эрте менен жакшы маанайда уйкудан туруп, үйүнүн алдына чыкса, бир чака жугунду турат. Ал чаканын ичиндегисин төгүп, чаканы жылтырата жууп, ичине бакчасындагы алмалардын чоң-чоң, бышкандарынан толтура терип кызганчаак кошунасына барат. Эшигинин кагылганын уккан кызганчаак кошуна: “Акыры тажаткан экемин, э?!”,-деп табалап жылмаят. Азыр чыр болот деген үмүттө эшигин ачса, кошунасы бир чака алма сунат да:

-Ким эмнеге бай болсо, ошонусу менен бөлүшөт-,дейт.

 

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКЫТ

Бир кичинекей шаарда эки үй-бүлө кошуна жашайт. Бир үй-бүлөдөгү жубайлар дайыма бири-бирин күнөөлөп, ким туура экенин аныктамай менен убараланып, чырлашып жашайт. А, экинчи жубайлар эч кандай уруш-талашсыз ынтымактуу жашашат. Терс кыялдуу кожойке кошунасынын бактысына таң калат. Кызганат. Анан күйөөсүнө:

-Тиги кошуналарды барып байкачы, кантип аларда дайыма баары жакшы, баары жайында-дейт.

Күйөөсү келип кошунанын ачык терезесинин түбүнө жашынып, кулагын салып, байкап отурат. Кожойке үйүн жыйнап жаткан болот. Кымбат вазанын чаңын сүртүп жатканда, телефон чалып калат да, алаксып кетип, вазаны столдун чет жагына кулап кете тургандай кылып коюп койот. Ошол учурда күйөөсүнө бир нерсе керек болуп бөлмөгө кирип калат. Байкабай вазаны түртүп, сындырып алат. Сыртта байкап отурган кошуна: “Азыр эмне гана болор экен?”,-дейт ичинен. Аялы келип, өкүнүү менен үшкүрүп, күйөөсүнө:

-Кечир, жаным. Мен күнөөлүмүн. Вазаны туура эмес коюп коюптурмун.

-Койчу, сүйүктүүм. Мен күнөөлүүмүн. Шашкалактап жатып вазаны байкабай калыптырмын. Э, мейличи, башы-көзүбүздөн садага,- дейт.

Сыртта кулак салып отурган кошунанын жүрөгү “тыз” дей түшөт. Үйүнө капалуу келсе, аялы:

-Эмне мынча жоголдуң?! Байкадыңбы?

-Ооба!

-Анан, аларда кандай экен?

-Аларда баары күнөөлүү. А, бизде баары туура экен.

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru