Айбат » Азамат Арыков, режиссер: “Кино тартууда лирикалык драмада өзүмдү сынадым…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Азамат Арыков, режиссер: “Кино тартууда лирикалык драмада өзүмдү сынадым…”

Азамат АрыковАкыркы жылдары Кыргызстанда кино жанры өзгөчө нукта өнүгүп жатканы көӊүл кубандырат. Кино жаатында жаӊы багы, жаӊы көз-караштагы режиссёрлор ишмердүүлүгүн көрсөтүп да келе жатышат. Бул каарман кинодогу образдарды гана катыра аткарбастан, режиссёрдук жаатта дагы өзүн мыкты көрсөтө алды.

- Бул суроо сага тааныш болсо да, балалыктын бал татым көз ирмемдеринен баштасакпы деп турам. Балалык-кантсе да өмүрдүн башаты эмеспи…

–Жумгалда төрөлүп, 6 жашка чейин чоң атам Шаршен  жана чоң энем Кусордун  колунда чоңойдум. 7 жашымдан баштап ата-энем таалим-тарбия берип чоңойтушту. Биздин бала чак жомоктогудай болгон. Ар бир жаш баланын тилегиндегидей мен дагы  балалыктын асманында калгым келчү. Космонавт, учкуч болууну самачумун. Бирок азыр алдыга койгон максаты бар, чыгармачыл инсанмын.

- Кесип сени тандадыбы же сен кесипти тандадыңбы?

– Кесипти мен тандадым деп кесе айта аламын. Өз кесибим дизайнер, чыгармачыл жагындагы бир кесип. Атам Мырзабек менден чыгаан сүрөтчү чыгат деген ойдоп, Сүрөт Академиясына тапшырткан. Талант ташты да жарып чыгат дегендей, кийинчерээк негедир кино тармагына арбалып кеттим. Быйыл  кино чөйрөсүндө жүргөнүмө 15 жыл болот. Б. Бейшеналиева атындашы Искусство университетинин кино-драма факультетинде сырттан окуп жаткан учурум. Канткен күндө да бул олуттуу  кесипти тандаган соң, билимимди тереңдетүүнү чечтим.

Квентин Тарантино Голливуддун ишенген режиссёру. Укмуштуудай фильмдерди жаратып келет. Мыкты актёр мыкты режиссёр боло алат деп улуу актёрлорубуздун айткандары бар. КРнын Эл артисти Э. Бекболиев, «Дем» театрынын актёрлору:Н. Меңдибаиров, М. Козукеев, жакынкы эле актёр С. Искеналиев актёр болушуп, режиссёрдук тармакта дагы аты таанымал. Ушул агаларыбыздын жолун улай мен дагы режиссёрдукту жок жерден тандап албадым.

- Мүнөз кесиипке карата калыптанабы же кесип мүнөзгө каратабы?

– Негизи мүнөз кесипке карата калыптанат. Эң ириде мен актёрдук жол менен бул чыгармачылыка баш бактым. Андан соң, режиссёр болууну самап, ага болгон көксөөдөн мүнөзүм дагы түп тамыры менен өзгөрдү.

- «Ак Илбирс « киносыйлыгы тууралуу сенин оюңду уксак…

– Мен бир дагы «Ак Илбирс» сыйлыгын ала элекмин. Эгер кандайдыр бир сын айта турган болсом, мышык майга жетпей сасык дептир деген сыяктуу болуп калаар. Буюрса, ошол сыйлыкты ала турган татыктуу тасмаларды жаратуу биздин милдет.

Кыргызстанда жакынкы аралыкта кино жаңыча формада  өнүгүп келе жатат. Ошондуктанбы  бул сыйлыктын уюшулушу дагы мезгил талабы деп ойлойм. Калыстар тобунун курамында чыныгы профессионалдар бар экендиги, бул сыйлыктын татыктуу түрдө өз ээлерине тапшырылаарына ишенем.

- Тасмада жараткан эң алгачкы ролуң…

– Эң алгачкы жараткан каарманым С. Искеналиевдин «Селкиге» аттуу клибине тартылгам. Ошол күндөн тарта, тасмага тартылуу кумар сыяктанды да калды.

- «Аят» тасмасы криминалдык жанрдагы тасма болуп саналат. Өзүңдү башка  жанрда дагы  сынап көргүң келеби?

– Албетте. Ушул кесипти тандап алган соң, ар кандай жанрда тасма тартуудан өзүмдү сынап көргүм келет.

Чыгармачыл инсан үчүн эң татаал маселе өз убактысын үнөмдөө ошондуктан убакытты туура пайдаланыш керек. Мен бул нерсени тереҢ казып чыгып өзүмдүн жыйынтыгымды чыгаргам. Бардык жанрдан кино тартууну көздөгөн соң, ага болгон убакытты туура пайдаланганым дурус.

- Бир кездерде обончу Таалай Бектургановдун жаркын элесине арнап фильм тартууну көздөп жүрдүң эле…

– Ооба. Таалай Бектургановдун эч кимге окшобогон өзгөчө таланты бар эле. Обондору дагы мукамдуу бир башкача. Т. Бектургановдун элеси экранда жашап калса деп, музыкалык жанрда  тасма тартсамбы деген көкүрөктө ой уялап жүргөн. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, ортодо бирин-экин адамдардын кийлигүүсү  менен тасма тартылбай калды.

- «Ишен» фильмди тартууда кыйынчылыктар болбой койбогондур…

– Бул тасма лирикалык драма. Кыйынчылыкты дагы сезген жокмун. Бир чети табигаттын кооздугун учурунда тартып алуу дагы бизге бир топ жеңилдиктерди алып келди. Нурлан Мамакеев менен биргеликте акыл калчап, жараткан тасма болду. КРнын Эл артистери: М. Алышбаев, Т. Актанов, Чэ Дубанаев  жана башка биздин көрүнүктүү актёрлорубуз аткарышты. Мен ушундай залкарларыбыз менен иштешип калганыма териме батпай кубанып турамын.

- Өзүң күбө болгондой ар ай сайын жаңы кинонун премьерасы болууда. Муну менен кайра эле кино тармагын аксатып албайбызбы?

– Философияда «сандан-сапатка» карай деген мыйзам бар. Азыркы кыргыз киносу да бара-бара иргелишине көзүм жетет.

- Бирок, кыргыз тасмалары «керемет» деп аталып дүркүрөп турган жылдары дээрлик ар бир тасма зор резонаснс жаратып турган…

– Ооба, кереметтүү кинолордун жаралышына социалисттик экономиканын дүркүрөп өнүгүшү, чыгармачыл адамдардын социалдык жактан бийлик деңгээлде камсызданышы, таланттуу инсандардын жаралышы жана да жалпы кыргыз маданиятынын XX-кылымдагы резонансы себеп болду.

- Сенин жашоодогу кредоң?

– «Корксоң баштаба, баштаган соң таштаба» деген Чыңгызхандын сөзү.

– Үй-бүлө кичинекей мамлекет дешет. ..

– Жаркылдаган жубайым Бегай, балдарым: Азман, Фатима жана Төрөгелди опол-тоодой байлыктарым.

- Максат токтогон жерде жашоо дагы токтойт эмеспи, алдыда койгон максаттарың туурасында бөлүшө кетпейсиңби?

– Туура. Адам алдыга койгон максаттар аркылуу жашоонун кадырын сезет. Режиссёрдук  жумушубуз кадр артында болот. Кесибибиздин өзгөчөлүгү ушул. Өз кесибим менен сыймыктанам.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №146



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru