Айбат » Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна жаңы мектеп курулууга жардам берээрин айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна жаңы мектеп курулууга жардам берээрин айтты

СДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун эли менен болгон жолугушуусунда элдин бир топ көйгөйлөрүн укту. Кара Тоо айылынын эли айылдагы мектеп 1950-60-жылдары салынгандыктан, мектептин эскилиги жетип, мектептин имаратын кайра куруу керектигин айтты. Андан сырткары ар бир айылдагы таза суу маселесинин да чечилбей жатканы, айыл эли таза суудан кыйналып жатканын айтышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Дүйшөн Ирсалиев мектеп курууга мамлекеттен акча каражат карала тургандыгын айтып кетти. «Менин колуман келген жардамымды аябаймын. Буюрса жакынкы аралыкта Кочкор районунун бардык жолдоруна асфальт төшөлөт. Мамлекет бул ишти эч кандай кадыр-колкосу жок эле кылат. Быйылкы жылы мамлекет тарабынан 5 миллиард акча каражаты которулду», – деди талапкер.

image-21-09-15-03-13-3



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru