Айбат » Автандил Кулбараков: “Кылган ишимди меценаттык деп айтпайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Автандил Кулбараков: “Кылган ишимди меценаттык деп айтпайм”

Автандил КулбараковСДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, коомдук ишмер Автандил Кулбараков менен маектешип, анын балалыгынан баштап ийгиликке кантип жетишкендиги туурасында да кенен сҮйлөштҮк. Автандил Илдузович кыргыз элине жардамга муктаждарга кол сунуп, колунан келген жардамын аябаган инсан. Бир топ жетим-жесирлерге, оорулууларга, спортчуларга, алдыңкы окуучуларга, таланттууларга акча каражаты жагынан жардам берип, көптөгөн коомдук иш-чараларды өткөрҮҮдө демөөрчҮ болуп келет.

- Сиз өзҮңҮздҮн атыңызды чыгаргыңыз келбеген меценатсыз. Биз да сизди маекке араңдап атып макулдаштык. Бир жагынан бул жакшы деңизчи. Сиз айтканга караганда, көп жакшы нерселерди жасайсыз. Бирок, башка жагынан алганда – өлкө өз баатырларын билбей калып жатканында?..

– Менимче, мен ушундай тарбияланып калсам керек. Ооба, мен адамдарга жардам берем, бирок, эң биринчи бул ишти өзҮм ҮчҮн жасайм. Себеби, мен кимдир бирөөгө жардам берип, кандайдыр бир деңгээлде пайда алып келгеним ҮчҮн кубанам. Мен бактылуумун. ӨзҮңдҮн кайрымдуулук иштериңди элге жарыялабай эле койгонго болот. Ошон ҮчҮн интервьюларды көп бере бербейм. Мен кимге жардам берээримди жардамга муктаж адамдар гана билишет, а калгандарына билҮҮ зарыл деле эмес (кҮлҮп).

- Меценатчылыкка кантип келип калгансыз?

– Мен кылган ишимди меценаттык деп айтпайм. Бул абдан катуу сөз. Сиз билесизби, тоталдык атеизмдин доору бҮткөн, адамдар Кудайга ишенип калышкан. А Кудайдан корккон элдер бири-бирине жардам берҮҮгө умтулушат. Кудай көрҮп турат, Кудай – тараза.

- Ошентсе да, кайрымдуулук иштеринде кандайча жетишкенсиз? Негизи, адамдар туруп эле жардам бере  калбайт, кандайдыр бир мезгилде жардам бере турганга даяр экенин билет…

– Учурунда мен жҮк ташуучу болуп иштегем. Бир сменада 20 тоннага чейинки жҮктҮ ташучумун. Менде да оор мезгил болгон. Андан кийин бакыт келди! Кээ бирлер колго келген бакытты кармап калса, кай бирлер учуруп жиберишет. Мен аны кармап кала алдым Мен эмгектендим, ишендим, кыялдандым, алдыга койгон максатыма умтулдум. Анан өзҮмдҮ бактылуу сезип, башкаларга өзҮмдҮн бакытыман бөлҮшҮҮнҮ туура көрдҮм.

- Менимче, сизге көптөр жардам сурап кайрылышат болуш керек. Сиз тандап туруп жардам берсеңиз керек? Сизге жаккан тармактарга жардам берип, жакпаган тармактарга кызыкпайсызбы?

– Эч кандай суроосуз, талаш-тартышсыз эле картайган аталарга жардам берем. Жалгыз бой карыларга эч ким жардам бербейт. Андайларга акыркы акчамды берем. Жаштардын арасында да жардам бере тургандар бар. Албетте, алдамчылар да болот. Мага келишет, ар кандай долбоорлорун сунушташат, жыйынтыгында менден акча албай кайтышат. Мындайлардан алысыраак болгум келет. Мектептерге рахаттануу менен жардам берем, себеби, мен да окуучу болгом. Эмне жетишпесе ошону алып берем. Конкурстарды, олимпиадаларды өткөрҮҮгө жардам берем.

- Американын комикстеринде Бэтмен деген баатыры бар. КҮндҮзҮ – меценат, ТҮндөсҮ – баатыр. Менимче Жумгал менен Нарынга сиз чыныгы Бэтмен болушуңуз керек? (КҮлҮп).

– (КҮлдҮ).

- Чынында, балдарга жардам бересиз, китеп чыгарып бересиз, хоккейди өнҮктҮрҮҮгө жардам бересиз…

– Хоккейди мен өнҮктҮрбөйм, региондун бардык ишкерлери өнҮктҮрҮҮгө жардам беришет. Биз биригип профессионалдуу муз аянтчасын тургуздук. Бул биринчиден. Экинчиден, эгер биз өзҮбҮздҮн жерибизди көтөрбөсөк, башка эч ким биздей көтөрбөйт. Четтен эч ким келип, биздин шаарыбызды мыкты кылып бербейт. Баарын өзҮбҮз кылышыбыз керек, келечегибизди өзҮбҮз тургузушубуз керек. Биз өзҮбҮз Кыргызстанды көтөрө алабыз. Калганын бизнес кылат.

- ӨзҮңҮз Нарындан чыгып, туулган жериңизге, анда жашаган элиңизге жардам берип жатканыңыз кандай жакшы…

– Ар жума сайын Жумгалга барып турчумун, акыркы убактарда кичине жетишпей калып жатам. Дайыма Жумгалдын жаш муундарынын жаркын келечеги ҮчҮн ар кандай олимпиадаларды, спорттук мелдештерди, жаш таланттарды өткөрҮп келем. Айылдагы балдарды райборборго спорттук мелдештерге алып барам, тҮшкҮ тамактарын уюштурам, андан сырткары жеңген окуучуларга баалуу белектерди берип, спортко шыктандырам. Ошондой бир спорттук мелдешке миң бала катыша турган болсо 1 000 000 сомдун тегерегиндеги акча каражаты керектелет. Мектепте отличник окуган окуучуларга стимул болшуш ҮчҮн ай сайын стипендия берип турам.  Бир жолу айылда кетип баратсам кичинекей балдар топ ойноп жатышыптыр, абдан тердеп да алышыптыр. Алардан кызыгып “Эмне кылып жатасыңар?” – десем, спортакиадага даярданып жатканын айтышты. (КҮлҮп)

- Нарында жашоо жакшы окшойт (кҮлҮп). Албетте сиздин кандай темп менен алдыга жылып, өзҮңҮздҮн туулган жериңизге жардам бергениңизди эске алганда, жакынкы аралыкта ички миграция Нарында айрыкча токтосо керек? Эгерде жашыруун болбосо, орточо кайрымдуулук иштерине канча акча сарптайсыз?..

–  Бул жылы азыркы убакка чейин 4 000 000 сом сарптадым.  Сиз айткан ички миграцияны токтотуш ҮчҮн бир нече ишкер жигиттер менен сҮйлөшҮп, долбоор иштеп чыгып, Нарында бир канча ишканаларды ачып, ал ишканаларда жергиликтҮҮ элдер иш орундары менен камсыз болсун,  дегенбиз. Алардын айлык акылары жогору болуп, жумушсуздук жоюлмак. Бирок, ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңип, биздин долбоордун ачылышына революция тоскоол болду. Ошондон бери ал долбоор кыймылдабай турат. Эмнеси болсо да ал долбоорду баштайбыз деген оюм бар.

- Сиздин долбооруңуздун негизинде Нарындын окуучуларына китеп чыгарып бересиз, анан англис тилиндеги китептерди да чыгарып бергениңиз кызык болуп жатат…

– Мурун мен өзҮмдҮн атымдан жардам берчҮмҮн. Бир жолу мага таанышым келип китеп чыгаруумду сунуштады. Ал китепти чыгаруудагы кызматын сунуштап менден болгону каржылоомду суранды. Азыр болсо дагы башка инвесторлорду тартсакпы деп турабыз, мҮмкҮн чет элдик инвесторлорду да тартабыз.

- Сиздин мектеп окуучулары ҮчҮн чыгарган англис тили китебиңизден улам, Кыргызстандын жаш муундарынын чет тилдерди ҮйрөнҮҮдөгҮ келечеги кандай?

– Кыргыз тили – эне тилибиз болгондуктан, тилибизди ар бир жаран билиши зарыл. Бирок. Бир эле эне тилди билҮҮ менен алыска узай албайсың, ошондуктан чет тилдерди да ҮйрөнҮҮ керек. Эгер Кыргызстандык Россияда иштей турган болсо, орус тилин билиши керек. Башка чет мамлекетти айтпаганда, бирок, эгер башка өлкөдө иштей турган болсо минимум англис тилин билиши керек. “Канча көп тилди билсең, ошончо байсың”, – дегендей, көп тилди билген балдардын дҮйнө таанымы кенен, гумандуу, сабаттуу, алар өз ордуларын оңой табышат. Ал эми китептерди чыгарууну жаңыдан баштадык, эми чет тилдер боюнча китептерди, манастаануу жана тарых боюнча китептерди чыгарууну да пландап жатабыз. ӨзҮбҮздҮн баатырларды,  эгемендҮҮлҮгҮбҮздҮ кантип алганыбыз тууралуу билҮҮлөрҮ абзел. ӨзҮнҮн тарыхын билбеген балдар, эне тилин толук кандуу билмек беле?

- Ата-бабалардан Наалы эжеге өзгөчө кызыгам. ӨзҮнөн тукум уланган жалгыз аял. Бирок, ал жөнҮндө маалымат жок…

– КөрдҮңҮзбҮ. Бирок, анын элге кылган кызматы, эмгеги зор. Бизде өзҮнҮн өткөн кҮнҮн эч ким деле эстебейт. Алсак, ошол эле Тайлак баатыр кыргыз эли ҮчҮн аябагандай чоң иштерди жасаган. Өз учурунда биздин кыргыздар Кокон хандыгына салык төлөп турушкан. Салыкка алар биздин чҮрөктөй сулуу кыздарыбызды алышкан. Жалгыз Тайлак баатыр бул салыкка каршы болуп чыккан. Тайлак баатырга окшогон баатырларыбыз толтура, тилекке каршы Кыргызстандыктардын көбҮ өздөрҮнҮн баатырлары жөнҮндө азыраак билишет. Бул адамдар Кыргызстандын территориясынын сакталып калуусу ҮчҮн кҮрөшҮшкөн, эгерде биздин мурдагы Президенттерибиз ушул баалуу, кымбат байлыгыбыздын кандай оор жол менен сакталып калганын билгенде, андай соодалашуу жолдоруна эч качан барышмак эмес.

- А сиз өзҮңҮз тегиңизди жакшы билесизби? Үй-бҮлөлҮк легендаларыңыз бардыр, же сиз да баатырдын тукумунан болуп жҮрбөңҮз?

– Айтасыз да (кҮлҮп). Байзак жана Мырзабек, Тайлак баатырлардын урпактарынан болом. Биздин тукумда Айт баатыр деген да даанышман башкаруучу болгон. Мен ошол Айт баатырдын  балдарынын тукумдарынанмын. Тагыраагы Шаботонун тукумунан тараганбыз.

- Көптөр саясатка коомчулукка жардам берҮҮ ҮчҮн эмес, өзҮнҮн топтогон байлыгына байлык кошуу максатында барат. А өз учурунда сиз саясатка эмне ҮчҮн баргансыз?

– Мен негизи көбҮрөөк жардам берем го деген ой менен баргам. Жумгал районуна жардам берген менен бҮткҮл Кыргызстанга жардам бергендин айырмасы болсо керек.

- Бутуңуздан кантип тургансыз?

– ЖҮк ташуучу, кийин прораб (кҮлҮп). Кийин камсыздагыч болуп иштедим, андан кийин инженер болдум. ӨсҮп отуруп коммерциялык директорлук кызматка чейин жеттим.

Андан кийин өзҮмдҮн фирмамды ачтым. Азыр болсо ар кайсы тармакта бир канча компаниям бар. КөмҮр казуу, куруу жана айыл чарба тармагында десем болот.

- СССР убагында 5 бала абдан аз болгон болсо, азыр беш балалуу көп балалууга кирет. Сиздин беш балаңыз бар, көп балалууга киресиз да…

– Бул жактан сизге кошула албайм. Беш бала 90-жылдарда эгемендҮҮлҮктҮ алган жылдарда, эл кыйналып турган убакта көп балалууга кирген. Азыркылардын баарынын 2-3 же 4-5тен балдары бар.

- Муну менен Кыргызстан оор кырдаалдан чыкты десек болобу? Себеби, жарандарыбыз көп балалуу болгондон эч коркушпайт, канча баласы болсо ошончосунун келечегин куруп, окутканга кудуреттери жетет…

– Албетте, мыкты жашашат. Анан өзҮнҮн келечегин мыкты көрҮшөт.

- Мурун балдарды Үйгө жардамчы болот деп көптөн төрөгөн болсо, азыр тарбияны ойлонуп, окутууну, дарылардын кымбаттыгын ойлонуп бир гана бала төрөгөндөр бар. Муну менен балдар “кымбат рахаттануу” болуп калды десек болобу?

– Азыр учур кайрадан өзгөрдҮ. Балдар да кайрадан жардамчы боло баштады. Студенттер иштеп, ата-энесине жардам берет, алардын моюнунда отурушпайт.

- Муну менен жашоо жакшырды дегиңиз келип жатабы?

– Ооба.

- Альтуризм жана муктаж адамдарга кайтарымсыз жардам бергендер бизде  көп кезикпеген көрҮнҮш, бирок, кээде андайлар да бар, көңҮл жылыйт.

– “Бир колуң менен бересиң, башка колуң менен аласың”, – деген сөз бар. А иште бир колуң менен берсең, экинчи колуң менен иштейсиң.

- Дагы бир алаканыңды ачык койсоң, кудай ачык алаканга дагы ырыскы берет экен. МҮмкҮн сиз ошон ҮчҮн бактылуу болсоңуз керек.

“One Magazine” журналы.

которгон ТөлөбҮбҮ Касымалиева

 

 

Кылган иштери:

2001-жылдан тарта “Алдыңкы мугалим” жана “Алдыңкы окуучу” аттуу конкурс, сынактарды өткөрҮп, өз чөнтөгҮнөн байгелерин чыгарып келет.

Жыл сайын мектептер аралык спорттук мелдештерди уюштуруп, ыгым-чыгымдарын жана байгелерин өзҮ каржылап келет.

Республика алкагында футбол боюнча кыздар курама командасын уюштурган. Жылына бир жолу өтҮҮчҮ мелдештердин ыгым-чыгымына жана байгелерине кеткен каражатты өзҮ чөнтөгҮнөн чыгарат.

Жумгал районунун борбору Чаек айылына Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерҮҮ урматына орнотулган эстелик-монументке 300 000 сом акча каражатын жумшаган.

Байзак айылы менен Көлмө жайоосунун аралыгындагы 27 чакырым жолду жана жети көпҮрөнҮ оңдоо жумуштарына 2 миллион каражатын сарптаган.

Көлмө жайлоосундагы мал сарайга айланып, таланып-тонолгон 70 орундуу эски пионер лагери толугу менен оңдолуп, калыбына келтирилген.

Чаек айылындагы “Балдар ҮйҮндөгҮ” жетим жана майып өспҮрҮмдөрдҮ тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо жумуштарына жардамдашып турат.

Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектептин жылуулук тҮйҮндөрҮн оңдоо жана жаңыртуу жумуштарына 50 000 сом бөлгөн.

Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалуу драма театрына УАЗ ҮлгҮсҮндөгҮ автоунаа сатып берген.

Чаек айылындагы Маданият ҮйҮнө “Ямаха” ҮлгҮсҮндөгҮ музыкалык аппарат сатып берген.

Бишкек шаарында “Куйручук” театры жаңы уюшулганда (2000-жылы, жетекчиси Борончу Кудайбергенов) ар тҮрдҮҮ музыкалык аспаптарды жана жабдууларды толугу менен сатып берген. Аппараттар эскиргенде кайра жаңыдан сатып берип турат.

Жумгал-Ата мазарына кҮмбөз салдырткан жана мазарга келҮҮчҮлөр ҮчҮн турак-жай салдырган.

1998-жылы “Жумгал-Ата” марафонуна он миң доллар кошкон.

2005-жылы райондун борборундагы “Жеңиш” аянтынын курулушуна 50 000 сом ыйгарган.

2002-2015-жылдар аралыгында Улуу Ата Мекндин катышуучуларына 2000 сомдон  акчалай белек тартуулап келет.

Бишкек шаарындагы элдик төңкөрҮш учурунда курман болушкан 7 Жумгалдык эр жигиттин Үй-бҮлөлөрҮнө 5000 сомдон акчалай жардам көрсөткөн.

Жазуучу Эркалы Өскөналы уулунун “Кудай сҮйгөн Куйручук” аттуу китебинин жарыкка чыгышына камкорчулук кылып, басмага 100 000 сом акча төккөн.

2001-2015-жылдар аралыгында мыкты окуучу аталган жҮздөн ашуун балага 500 сомдон стипендия, грамотасы менен, жылдын алдыңкы мугалими деп 50гө чукул мугалимге 1000 сомдон сыйлык өлчөмҮндө грамотасы менен, ошондой эле тамак жана концерт коштолуп, сыйлыктары тапшырылып турат.

2003-2015-жылдар аралыгында райондук мектеп аралык спортакиадага футбол боюнча балдар арасында, волейбол, баскетбол боюнча кыздар жана балдар арасында өткөрҮлҮп келет. ЖеңҮҮчҮлөргө баалуу сыйлыктар, медалдар, кубоктор, грамоталар тапшырылып турат. Райондун борборуна спортакиадага катышууга келген миңден ашуун окуучуга 2 кҮн 2 маалдан ысык тамак берилип, кайра ҮйлөрҮнө жеткирилет. Бул иш чарага жыл сайын 2 000 000 сом сарпталат.

Ар жылы Жумгал районунда уюшулган “Дан” майрамына – 1 жылкы, Нооруз марамына 1 жылкы, союшка берилип турат. Куйручук атанын 145 жылдык мааркесине жалпы жонунан 30 000 доллар жардам берген.

2013-жылы “Биз Манастын урпактарыбыз” сынагына 1-турда – 400 000 сом, дҮйнөлҮк сулуулар сынагына –  50 000 сом, Байзак атанын наамына арнаган кҮрөшкө – 20 000 сом, К.Акиевдин 130 жылдык мааракесине – 49 000 сом, 9-май согуштун ардагерлерине – 100 000 сом, Жумгал ишкерлерине тамак уюштурууда – 250 000 сом, 1-майга карата ат чабышка – 80 000 сом. Хоккей аянтчасына – 100 000 сом, Шатман, Кызыл-Туу дзюдосуна – 20 000 сом каражат жумшаган.

18-сентябрь 2013-жылы “Биз Манастын урпактарыбыз” сынагынын 2-туруна 120 000 сом жумшаган.

4октябрь 2013-жылы Мугалимдер кҮнҮнө карата арналган майрамга – 25 000 сом.

24-октябрь 2014-жылы милиция кҮнҮнө – 50 000 сом.

1-февраль 2014-жылы хоккейге – 65 000 сом.

13-февраль 2014-жылы дизайнерлер аралык конкурска – 12 000 доллар.

21-апрель 2014-жыл ТаттыбҮбҮ Турусунбаеванын 70 жылдык мааракесине 50 000  сом.

30-апрель Жумгал жаштары уюштурган концертке 30 000 сом.

21-июнь 2014-жыл малчылардын тоюна 700 000 сом.

7-июль 2014-жыл Ж.Токоевдин китебин жазууга 125 000 сом.

9-июль 2014-жыл Тайлак, Байзак, Куйручук баатырларга жазыла турган китепке – 65 000 сом.

15-июль 2014-жыл Нарын облусу боюнча Соң-Көлдө уюушулган малчылардын тоюна – 550 000 сом.

12-июль 2014-жыл ТаттыбҮбҮ Турсунбаева атындагы театрдын ачылышына ТаттыбҮбҮнҮн курбу-курдаштарын алып барып келгенге – 40 000 сом.

13-август 2014-жыл Жумгал райондук Ички иштер бөлҮмҮнө автоунаа – 300 000 сом.

13-август 2014-жыл автоунаа жабдуулар – 45 000 сом.

20-октябрь райондун 70 жылдыгына – 100 000 сом.

29-ноябрь 2014-жыл районго көмҮр менен 1000 тонна, Байзак орто мектебине – 20 000 сом кошумча көмҮр менен 120 000 сом.

25-декабрь 2014-жыл Панфилов райондук ички иштер бөлҮмҮнө автоунаа – 265 000 сом.

31-январ 2015-жыл Жумгал хоккейине 350 000 сом.

21-март Ноорузга карата – 80 000 сом.

7-апрель 2015-жыл Миң-куштагы болуп өткөн кҮрөшкө – 56 000 сом.

9-май 2015-жыл Согуш ардагерлерине – 27 000 сом, улак тартышка – 60 000 сом.

9май 2015-жыл Нарын ат оюндарына машина – 330 000 сом.

14-май 2015-жыл Миң-Куш кыздар футболуна – 14 000 сом.

16-май 2015-жыл Райондун футболдук формасына 40 000 сом

23-май 2015-жыл Миң-Куш футболго 86 000 сом.

27-май 2015-жыл М.КҮрөңкеев атындагы окуу жайдын 75 жылдыгына 50 000 сом.

27-май 2015-жыл Опера балет группасынын визасына – 30 000 сом.

28-июнь 2015-жыл Композитор М.Бегалиевдин 60 жылдыгына 110 000 сом.

Дарика Жалгасыновага жардам – 140 000 сом.

Жумгал райондук өрт өчҮрҮҮ коопсуздугуна – 40 000 сом.

8-июль 2015-жыл Райондогу орозо кармагандардын оозун ачууга – 310 000сом.

9-июль 2015-жыл Миң-Куш айылындагы балдар уландар спорт мектебине – 40 000 сом

10-июль 2015-жыл Жумгал районундагы Жумгал айылынын бала бакчасына – 80 000 сом.

Байзак айыл өкмөтҮнҮн өздҮк салымына пресс-подборщикке – 250 000 сом.

Байзак айылынын бала бакчасынын полун ремонттоп берҮҮгө – 170 000 сом жана ошондой эле ушул эде айылдын ички жолдорун оңдоп-тҮзөөгө – 40 000 сом жумшады.

ТҮгөл-Сай айыл өкмөтҮнҮн прессподборщигине – 250 000 сом.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru