Айбат » ДҮйшөн Ирсалиев – эл камын ойлогон элдин уулу!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » ДҮйшөн Ирсалиев – эл камын ойлогон элдин уулу!

Дүйшөн ИрсалиевСДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Ирсалиев буга чейин кыргыз эли үчүн бир топ жакшы иштерди жасады. Мамлекетттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп турганда бир топ бут тосуулар болуп, Кумтөр маселеси боюнча ошол убактагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен пикирлери келишпей ал кызматтан элдин убалына калып калбаш үчүн өз арызын жазганга туура келген. Себеби, Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине чет элдик адистерди киргизе турган кагазга кол коюусун талап кылган.

Мына мындай мыйзамга каршы келген көрүнүштөргө жини келген Дүйшөн Ирсалиев бул кызматта иштегенде бут тосуулар дагы далай болоорун эске алып, кыргыз элинин эртеңкисин ойлоп, келечекке балта чаап албас үчүн, Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине каралган талапкерлерге макул болбогондугу жана ал кагазга кол койбой тургандыгы тууралуу премьер-министрге айтып, өз арызын жазган. Албетте, эгер Дүйшөн мырза өзүнүн бүгүнкүсүн ойлоп кол коюп сала турган болсо, элдин келечегине балта чабылып калмак. Оторбаев сунуш кылган чет өлкөлүк жарандардын артында Жорж Сорос менен Максим Бакиев турушу мүмкүн деп шектенип, “Келгиле, адегенде алардын ким экенин  шашпай иликтеп чыгалы?” десем, өкмөт унчукпай койду, анын үстүнө бирин да тааныбагандыгына карабастан Оторбаевдин аларды күйүп-бышып коргоп чыкканы мени шектентти. Үч күн чакырып, коркутуп да, кыстап да, айтып да, телефондон чалып да жатты. Айлам кеткенде СМС жөнөттүм: “Жоомарт Кайыпович, мен сизди сыйлайм. Бирок мен кол кое албайм” деп. “Анда орунбасарың кол койсун?” деп чыкты. “Жаш балдардын тагдырына балта чаап эмне кыласыз?” дедим», – дейт Дүйшөн мырза. Албетте, чындык чыркырайт бирок чындык акыры жеңет эмеспи. Ушундай чынчылдыгынан, акыйкаттыгынан жазбаган Дүйшөн мырза ушул парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, депутаттык мандатын алып калса, кыргыз эли үчүн абдан жакшы болмок. Себеби, элдин камын ойлоп, алардын көйгөйүн чечип бергендер бизде саналуу гана. Алардын бири – Дүйшөн Ирсалиев демекчимин.

 

Бейшенбек Ишенов, профессор:

“Дүйшөн Ирсалиев Ленин заводун кайра мамлекеттик мүлккө айландырды”

- Дүйшөн Ирсалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп турганда Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине каралган талапкерлерге макул болбогондугу жана ал кагазга кол койбой тургандыгы тууралуу премьер-министрге айтып, өз арызын жазган. Анын бул кадамы туура болду деп ойлойсузбу?

– Дүйшөн Исмаиловичтин бул кадамы абдан туура болду. 21 жылдан бери Мамлекеттик мүлктү башкарган чиновниктер уурдап-сатканга жардам беришкен. Бир гана Дүйшөн Ирсалиев Мамлекеттик байлыкты саткандын ордуна бул элдики деп чыныгы жүзүн көрсөтүп, “чет өлкөлүк бизнесмендерге бергендин ордуна мен кетип калганым жакшы”, – деп, кызматын өткөрүп кетти. Мындай нерселер биздин кийинки тарыхта боло элек болчу. Себеби Мамлекеттик мүлк – бул элдин байлыгы, мамлекетке тиешелүү нерсе. Аны сатып, чинониктер өзү байыганга акысы жок болчу. Бирок, ушуга чейин  ал фондду башкарган чиновниктер байып келишкен. Бир гана биздин азаматыбыз Кумтөр элдики деп, элдин байлыгын сактап калды. 20 жыл бою биздин мамлекеттик фабрика, заводдордун баарын тең чет өлкөлүк программаларга кошулуп алышып, аны сатып, менчикке чыгарып келишкен. Дүйшөн Ирсалиев болсо биздин өнөр-жайыбыздын алдыңкы флагманы болгон  Ленин заводун кайра мамлекеттик мүлккө айландырып, бир жарым миң киши иштеген заводду ордуна калтырды. Бул чоң эрдик. 20 жыл бою бөлөк мамлекеттик мүлктөн бизге дивиденд түшчү эмес. Түшсө дагы эптеп эле берип койчу. Дүйшөн мырза 20 жылда берилбеген мамлекеттик дивидендди 6 айдын  ичинде чогултуп берди. Бул эрдик эмеспи? Элдик бала, элдин байлыгын сактаган бала. Мындай жигиттерди бүткүл эл колдоп бериш керек.  Дүйшөн мырзаны Кыргызстандын кайсы жерине барбасын эл абдан жакшы кабыл алып жатышат. Мугалим, доктур гана эмес карапайым эл да жакшы түшүнүп калды. Бул шайлоо башка шайлоолордон таза өтөт деп ишенем. Элдин деңгээли өсүп-өнүгүптүр. Дүйшөн Ирсалиевдей жигиттерди колдойбуз, – деп баары батасын берип атышат.

 

Карыбек Байбосунов, окумуштуу, коомдук ишмер:

“Дүйшөн Ирсалиев Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» иштери боюнча өз позициясынан кайткан эмес”

– Дүйшөн Исмаилович Ирсалиев кыргыздын мыкты  жигиттеринин бири. Мындай адамдарды «кыраан» деп коёт, себеби, көрөгөчтүгү, иш билгилиги жана көз карандысыз мүнөзү менен, демилгелүү, иштин көзүн билген кесипкөйлүгү бар. Кичинесинен эмгекчил, өткүр бала болуп чоңойду. Элпектиги менен өжөрлүгү айкалышып, Дүйшөн окууну да жакшы окуп, СССР кулай электе комсомолдук, партиялык кызматтарды аркалаганга үлгүрдү. Билимге тойбогон Дүйшөн үч жогорку окуу жайларын ийгиликтүү аяктап, тилчи, экономист жана юрист деген кесиптердин ээси болуу менен, эл үчүн кызматка келген азамат. Азыр баралына келип, каруу-күчү толуп, турмуштук тажрыйбасы мол жигит, жең түрүнүп иштөөгө даяр. Ушундай адамдар Парламентке келсе, мыйзам чыгаруу тармагынын канаты жайылып, элибиздин мүдөөлөрүнө кызмат кылуучу мыйзамдар жазылып гана тим болбостон, аткарылып да тураарына толук көзүбүз жетет. Анын кесипкөйлүгү менен катар принципиалдуулугу да мактоого татыйт. «Субординацияны бузду, баш ийбей койду» деген формулировка менен мамлекеттик Мүлк Фондунун жетекчилигинен бир айга кызматтан четтетилиши анын адамдык сапатынан кабар берет. Анткени Дүйшөн Исмаилович өкмөттүн бир катар кемчиликтерин көрүп, туура эмес буйруктарды аткарбай койгон. Мисалы, чыры Чубактын кунундай чубалган «Кумтөр» иштери боюнча өз позициясынан кайткан эмес жана Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн тайбастан туруп берген. КДСП саясий партиясынын атынан талапкер Дүйшөн Ирсалиевди колдоп берген шайлоочулар таптакыр уттурбас.

 

 Өмүр кемеси

Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович Кочкор районунун Ара-Көл айылында 1963-жылы төрөлгөн.

1985 – жылы мугалим адистиги боюнча орус тили жана адабияты педагогикалык институтун бүтүргөн.

1985-1987 – жылдары Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы кызматын ээлеген.

1989-1991 – Кыргыз Республикасынын комсомолдук органдарында иштеген.

1991-1996 – жылдары «Тулпар» ЖЧК башкы директорунун орун басары кызматын ээлеген.

1997-1999 – Бишкек шарынын Биринчи май районунун Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлеген.

2000-2001 – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрдык жана финансы-чарбалык камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги.

2001-2002 – Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин аппаратынын жетекчсиси.

2002-2004 – Улуттук телерадиокорпорациясынын иш башкаруучусу.

2004-2006 – «Винтек» ЖЧК директорунун кызматын ээлеген.

2006-2010 – «Нарын» эркин экономикалык зонасынын башкы директору.

2010-2011 – «Темир» мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

2011-2014 – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргыздипсервис» дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

2014 – Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары.

2014 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

2015 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.

 Төлөбүбү Касымалиева




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru