Айбат » Дөөлөткө карай узак мээнет – Чыныбай Турсунбековдун саясий бейнесине сүртүмдөр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Дөөлөткө карай узак мээнет – Чыныбай Турсунбековдун саясий бейнесине сүртүмдөр

“Мээнеттен күчтүү дарман жок,
Мезгилден күчтүү балбан жок”
(“Манастан”)

 

Жан-Булактык “вундеркинд”

Чыныбай Нарын районунун Жан-Булак айылында 1960-жылы 15-октябрда тракторчунун үй-бүлөсүндө бешинчи бала болуп туулган. Көп бүлөлүү бардык кыргыз үй-бүлөлөр сыңары эле кол араага жараганы калган кичүүлөрүнө баш-көз болуп, андан тышкары эшик-ээликтеги жумушту жасачу. Балдар чоңойгондо сураганы да көбөйөт эмеспи, атасы маянасы көп деп, тракторун таштап чабандыкка өтөт. Кышы-жайы дебей ата-энесине каралашып жүрүп чоңойду.

Турсунбеков Чыныбай АкуновичОкууга да тирикарак экен, класста балдардын алды болду. Адабият жагынан гана эмес, математика сабагынан да эсепти мыкты чыгаргандыктан, эжеси Чыныбайга өзүнөн 2 класс жогору окуган окуучулар менен бирге текшерүү ишин бергенде да, алардан биринчи болуп чыгарып бергенин класс жетекчи эжеси Ибраева Шарапат эмгичекти айтып келет. “Мен 5-класста экенимде биздин класс менен 7-класстын окуучуларынын деңгээлин салыштырышпайбы. Текшерүү ишти мен 30 мүнөт ичинде туура чыгарып, чыгып кетипмин. Ал эми 7-класс дагы эле чыгара албай, кала берген. Айрыкча адабий китептердин сазайын бердим, китепканадагы китептердин баарын калтырбай окуп чыккам. Өзүм да 5-класстан тарта ыр жазып баштагам”, – деп эстейт каарманыбыз бала чагын.

 

Калыңды өзү камдаган

Нарындык мотурайган улан 1978-жылы ошо кездеги Мамлекеттик университеттин кыргыз тили жана адабият факультетине өтүп кетет. “Билеттеги суроолордун баарына жакшы жооп берсем да, эмнегедир  үч коюп салышкан. Ошондуктан, 1-курста алты ай стипендия алган жокмун. Бирок андан кийин окууну бүткүчө жогорулатылган стипендия алып окудум. Ошол эле учурда макалаларым, ырларым тынбай гезиттерге жарыяланып, арты-артынан гонорар келип турду. 3-курстан баштап ВЛКСМ фабрикасына кароолчу болуп иштедим. Ошентип, стипендиямды, гонорарды, кароолчулукту кошкондогу акчам ошол кездеги мугалимдердин тапканынан да жогору эле. Акчам көбөйгөн соң ызы-чуудан арылбаган жатаканадан батирге чыгып кеттим”, – дейт каарманыбыз.

Чыныбай окууну кызыл диплом менен бүттү. Тырмак алды “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу ырлар жыйнагы, анан “Ала-Тоо” журналына көлөмдүү  макаласы жарыяланды. Бул деген кыргыздын адабий чөйрөсүнө алгачкы, бирок ишенимдүү кадамы эле. Алган гонорары жакшы эле акча болгон окшойт, чети оюла электе үйлөнүп алат. “Аспирантурага тапшыргандан кийин эки жылда кандидаттыгымды жаздым. Кандидаттыгымды жактап жатканда Улуттук университеттин адабият кафедрасынын ошол кездеги башчысы Качкынбай Артыкбаевге жаккан окшойм. Ал кишинин чакыруусу менен университетке мугалим болуп кирдим. Үч жыл ичинде кафедра башчысынын орун басарлыгына чейин жеттим”, – деп кебин улады Чыныбай.

 

Түркия. Бизнеске жол

90-жылдардан тарта заман кескин өзгөрдү, эгемен Кыргызстан өз бетинче сыртка чыга баштады. 1992-жылы кыргызстандык миңге жакын окуучу жана студент Түркияга билим алууга үчүн бет алды. Чыныбайды билим берүү министрлиги атайын өкүл кылып кошо жөнөтөт. Кийин иш мөөнөтү аягына чыккан ал өлкөдө эл аралык бизнес сырларын үйрөндү.

Ошентип, түрктөр менен макулдашып, 1995-жылы Кыргызстанга ун чыгаруучу чакан тегирмен, наабайкана жөнөтөт. 1997-жылы мекенине кайтып келип, фирма ачып, 91-жылы көзү өткөн атасынын урматына “Акун” атап, мурдагыдан чоң тегирменди ишке салат. “Бул ишканалар кредиттин, туугандарымдын күчү менен тургузулду. Агамдын, бажамдын үйлөрүн, өзүмдүкүн күрөөгө коюп, Европалык банктан 170 миң доллар кредит алдым. Бул эбегейсиз чоң акча эле, ошондуктан, туугандарым коркуп, кыйылып жатып араң беришкен. Алардын ишеничин актайын деп күнү-түнү уктабай иштеп, үйлөрүн да кайтарып бердим, жыл сайын бирден ишкана да ача баштадым. “Бара-бара кеңири журтка таанылдык, – деп сөз учугун улады “Акундун” ээси. – “Дөөлөтүңө ишенбе – мээнетиңе ишен” деген накыл кептин чындыгы ушул болсо керек”.

 

Эгер сен саясатка барбасаң – саясат сага өзү келет

“Таза жана ийгиликтүү бизнесмен, Кыргызстан ишкерлер жамаатынын лидери болгонум үчүн 2010-жылы саясатка чакырышты. Алмазбек Шаршенович Атамбаев: “Чыныбай, өзүбүздү эле ойлой бербей, элди да ойлойлу, чогулап кризистен чыгаралы” деп жүрөккө тийген сөздөрдү айтканда макул дедим. Мурдагы эки бийлик тең мага ар кандай жогорку кызматтарды, даяр депутаттык орунду сунуш кылышкан. Анда макул болгон эмесмин. Анткени, бардык бийлик бутагы бир гана президентке иштеп жатканын мектеп окуучусу деле билчү”. Бул Чыныбай мырзанын чоң саясатка кантип келип калганы тууралу мындан беш жыл мурда берген маегинен үзүндү.

2010-жылы Атамбаев СДПК лидерлигин саясатта али белгисиз Ч. Турсунбековго ыраа көрдү. Ошентип, бизнестин “тишин” чага баштаган адам чоң саясат мейкиндигине бой урду.

 

Ким элек, ким болдук?

“Беш жыл илгери ушул маалды эстейличи. Апрель жана июнь окуяларынын кесепеттери менен алпурушуп, эптеп эле тынчтык болсо деп ар бирибиз көксөп турган чак эле. Туш тараптан эксперттер менен керек болсо килеңдеген мамлекет башчылары Кыргызстан мамлекет болуудан калды, жакында ыдырап жок болот деп, биздин аймакты бөлүштүрүп башташкан. Бирок 2010-жылы биз бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруу менен Кыргызстаныбызды сактап калдык. Ошондуктан, 5 жылдын негизги жетишкендиги – өлкөдө тынчтык менен туруктуулук орноду. Биз соңку 5 жылда колдон келчү гана долбоорлорду жарыялап, өтөөсүнө чыктык. Жалган атак-даңктын артынан кубалаган жокпуз, чуулуу маселелерди көтөрө калып, элдин кулагына жаккан, бирок түбү барып мамлекеттин өнүгүшүнө пайда алып келбеген, популисттик кадамдардан алыс болдук, олуттуу, токтоо иш жүргүздүк деп ойлойм. Кыскасы, өлкөдөгү жоопкерчиликтүү партия деген атыбызды актай алдык” – СДПК фракциясынын башчысы Ч. Турсунбековдун партиялык съездде сөзүнөн үзүндү.

Чынында эле СДПКнын түптөөчүсү Президент Алмазбек Атамбаев айтмакчы, бийликтер уурдаганын токтотуп, ачык жана акыйкат саясат жүргүзсө, нааразылыкка шылтоо өзүнөн өзү жок боло баштайт экен. Анын үстүнө тынымсыз тополоңдор, жол бөгөмөйлөр жамандыктан башка пайдасы жок экенине көпчүлүктүн көзү жетти, айрым саясатчылар жеке кызыкчылыгы үчүн айдактап жатышканын акыры түшүнүштү окшойт. Анткени, элибизге келечек шооласы көрүндү, эми алар балдарына сапаттуу билим берүү, саламаттыгын чыңдоо, сырт дүйнөнү көрүү сыяктуу максаттар менен алпуруша башташты.

Айланабызга сереп салсак, соңку 5 жылда ким ирденип, ким жардыланды? Албетте, жашоосу көз көрүнөө оңолгондор көп. Алар маңдай тери менен бардарчылыкка жетишип жатат. Шаарларда эле эмес, айылдарда да кабат үйлөр көтөрүлүүдө, даңгыл жолдор салынууда, автоунаа болсо чоң калааларды кой, райондук борборлордо орун талаша баштады. “Көч бара-бара түзөлөт” деген ушул эмеспи.

 

Өлкөнү өзгөрткөн 5 жыл

Тынчтык менен туруктуулуктун артынан өнүгүү жышанасы көзгө урунат. 2010-жылы СДПК Кыргызстандын ички дүң продуктусун (ИДП) эки эсеге өстүрөбүз деп сөз берген. Ал убада аткарылды: 2009-жылы ИДП 201 миллиард сом болсо, 2014-жылы 390 млрд сомду түздү, 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 400 млрд сомдон ашат. Жалпы кирешелер 2009-жылдагы 48 млрд сомдон быйыл 105 млрд сомго чыгып, 2,5 эсеге өстү.

  • 2014-жылы “Кыргызстан – кедей өлкө” деген көп жылдар бою бетибизге чиркөө болуп келаткан жаман аттан арылды. Дүйнөлүк банк өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр катарына киргизди.
  • Энергетикалык көз карандысыздыкка жетиштик. Датка – Кемин электр линиясы ишке берилди. Баткенде узактыгы 142 чакырым келген Айгүл-Таш – Самат электр чубалгысы курулуп бүтүп, эң четки дубаныбыз Тажикстанга энергетикалык көз карандылыктан чыкты. Нарында жаңы ГЭСтердин курулуш башталды.
  • “Жолу оңолгондун иши оңолот”, стратегиялык да, ички да жаңы жолдор салынып, эскилери түп-тамырынан оңдолуп жатат. Ош –Сарыташ – Эркечтам, Ош – Баткен – Исфана, Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолдорунун алды бүтүп, арты аяктоо алдында, чек араларды айланма жолдор салынууда. Түндүк – Түштүк кошумча кан жолунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Келаткан жылы Евразиялык мейкиндикке чыйыр сала турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун, Ысык-Көлдү айланта жолдун курулушу башталат. Бир катар кен жайлар иштей баштады, бир катары жакын арада ишке берилет.
  • Беш жылда аскерлерибиз башка болуп калды. Миллиард доллардан ашык каражатка жаңы куралдар келип жатат, мамлекет башчыбыздын жеке көзөмөлү, керек болсо каржылоосу аркылуу үйлөр, жатактар салынууда. Армияга барбагандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт деп мыйзам кабыл алдык, ошондуктан баары аскерге аттанып жатышат.
  • Беш жыл мурда СДПКнын негизги ураандарынын бири “Биз таза шайлоого жол ачтык!” деп айтылчу эле. Эми биометриялык добуш берүү аркылуу андан да таза шайлоону камсыз кылабыз. Жаңы система бир шайлоочу – бир добуш принциби менен иштейт. Мындан ары добуш баракчаларын күрү менен урнага таштап жиберүү мүмкүн болбой калат.
  • Президенттин жарлыгы менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынды, аны СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жетектейт. Быйыл бул максатка мамлекеттик казынадан 243 млн сом бөлүндү. Тарыхта буга чейин мынчалык ири каражат каралган эмес! Кыргызтест системасы иштей баштады. Ага ылайык бардык мамлекеттик чиновниктер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш.

 

Нарын облусунда аткарылган иштер

СДПК партиясы 5 жылда Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин көмөгү менен облуста бир катар максаттарды, жемиштүү долбоорлорду ишке ашырууга катышты. Алсак:

– Облуска капиталдык салымдар боюнча 2010-2015-жж. бөлүнгөн каражаттын жалпы өлчөмү – 755 461 млн сомду түздү;

– Түрткү берүүчү гранттан 2010-2014-жж. бөлүнгөн каражаттардын жалпы өлчөмү – 209 498 млн сомго барабар;

– 2015-жылы Нарын облусу боюнча түрткү берүүчү грантка 28 объект киргизилген.

– 2015-жылы кошумча каражаттардын эсебинен 5 объект капиталдык ремонттон өтөт, реконструкцияланат, бекемделет.

– Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадындагы курулуш иштерине жергиликтүү жумушчулар тартылды;

– 2009 – 2014-жылдары облустагы шаар жана айыл округдарынын жергиликтүү бюджеттери 207 млн сомдон 608 млн сомго (дээрлик 3 эсеге) өстү;

– Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу курулууда. Анын көп бөлүгү Нарын облусу аркылуу өтөт;

– Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоого 20 млн франк бөлүндү.

 

Жалпы Нарын облусу боюнча курулуп, ишке берилген объектилердин саны:

  1. Мектеп – 8
  2. Ирригация жана таза суу (каналдарды, суу топтогучтарды куруу, реконструкциялоо, ремонт) – 13
  3. Автожолдор – 154,7 км
  4. Көпүрөлөр – 7
  5. Социалдык объектилер (бала бакча, клуб, окуу борбору, актовый зал ж.б.) – 14
  6. ФАП – 11
  7. Күнөскана – 20дан ашык
  8. Спорт аянтчалары – 4
  9. Уюлдук байланыш жабдууларын орнотуу – 5
  10. Электр энергетика тармагына байланыштуу – 7
  11. Бассейн – 1

 

Облуста 2015-жылы курулуучу объектилер:

1.Нарын шаарындагы оорукананын неврологиялык бөлүмү – 1;

  1. Мектептер – 17 (мунун ичинен 7 мектепти 2015-жылы пайдаланууга берүү болжонууда).

– Ж.Шералиев атындагы музыкалдык мектептин тизмеге кириши;

-Нарын району боюнча бир да мектеби жок Алыш айылынын мектебин тизмеге киргизип,  курулушун көзөмөлдөө.

  1. Спортзал, спорткомплекс – 6
  2. Бала бакча – 2
  3. Райондук архив – 1
  4. Клуб – 1

 

СДПК фракциясынан көрсөтүлгөн жардамдар:

-Жарандарга 1 млн 600 миң сомдон ашык жардам көрсөтүлдү;

-Мектептерге 30дан ашык персоналдык компьютерлер белекке берилди;

Убадалар боюнча аткарылган иштер:

– Бишкек – Нарын – Торугарт стратегиялык автожолунун курулушу аяктап калды. Жол аймактагы туризмдин, соода-сатыктын, айыл чарбасынын, жалпы эле экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу таасир этүүчү инфратүзүм;

– Жалпы наркы 62,6 млн сом турган облустук оорукананын неврология бөлүмүнүн имаратынын курулушу жүрүп жатат. 2015-жылга 13,7 млн сом бөлүү белгиленген;

– 275 окуучулук орунга эсептелген Баетов айылындагы Карасартов атындагы мектепке жанаша курула турган  имараттын болжолдуу баасы 59,9  млн сом деп эсептелип, 2015-жылы 10 млн сом бөлүнгөнү турат;

– Жалпы наркы 14,5 млн сомду түзгөн Ат-Башы районунда Жумамүдүн Шералиев атындагы мектепти куруу титулдук тизмеге киргизилип, 2015-жылы анын 12,45 млн сомун бөлүү белгиленүүдө;

– Жумгал районундагы Ак-Татыр орто мектебинин курулушуна жумшалуучу каражат 72,8 млн сомду түзөт. 2015-жылга мектеп курулушуна 10 млн сом бөлүү пландаштырылууда;

– Жумгал районунун Кызарт айылындагы 225 окуучуга эсептелген А. Мамбеталы орто мектебин куруу үчүн 10 млн сом бөлүнүүдө;

– Жумгал районунун Баш-Кууганды айылына 74,4 млн сомго мектеп курулуп жатат. Бүгүнкү күндө 7 млн сом бөлүнгөнү турат;

– Кочкор районунун Ак-Жар айылындагы жараксыз болуп калган мектептин ордуна жаңы мектеп куруу белгиленген. Анын сметалык наркы 60 млн сомду түзөт. 2015-жылга 10 млн бөлүнөт;

– Кочкор районунун Кашат айылындагы мектептин курулушун аягына чыгарууга 24,2 млн сом талап кылынат. 2015-жылга 5 млн сом бөлүнүүдө;

– Нарын районунун Жан-Булак айылындагы 150 орундук спорт клубунун курулушун аягына чыгаруу үчүн 2015-жылга 10,86 млн сом бөлүү пландалган;

– Нарын районунун Таш-Башат айылына “Хьюмен Эппиел Интернешнл” фондунун жардамы менен 4,5 млн сомго ФАП курулду;

-Нарын районунун Алыш айылында мектептин курулушу аяктоо алдында турат;

-Нарын шаарында Ж.Шералиев ат. музыкалык мектептин курулушуна каражат бөлүнүп, иштер быйыл башталмакчы

– Нарын шаарындагы РТС ишканасын ремонттоого 3,5 млн сом, ал эми насосун алмаштырууга 300 миң сом бөлүндү;

– Нарын районунун Казан-Куйган айылындагы клубдун курулушу жүрүп жатат. Жалпы сметалык наркы 15,8 млн сомду түзөт. Курулуш башталгандан бери 11 млн сомго каржыланды.

“Негизи эле өткөн беш жылдагы ийгиликтерин айтсак эле СДПК энчилеп алдыңар деп жатышат, – дейт Чыныбай Турсунбеков. – Ооба, бул жалпыбыздын ийгилик. Ага тынчтык, туруктуулук болгон үчүн жетиштик, ал эми тынчтыкка Президентибиз, ага тирек болгон СДПК данакер болгонун ким танат? Беш жылда ич ара ынтымагын сактаган, ырылдашып-чырылдашпаган  бир гана СДПК болду. Башкалары ыдырады, партиялаштар бири-бирин сатты. Шайлоо алдында ары-бери курула калган партия шаша-буша тургузулган үйдөй кулап калаарын көрдүк. Дал СДПК туруктуулукка данакер болду, анын аракети менен коалиция сакталды. Мына ошол аракеттин аркасы менен азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш мөөнөтүнүн соңуна чейин иштеп отурат”.

 

Ырыс алды – ынтымак

“Азыркы тынч турмуштун түркүгү бекем деп айтуу али эрте. Президентибиз Алмазбек Шаршенович айтмакчы, азыр дүйнөдө, ушул эле тегеректе кандай кыйратуучу окуялар болуп жатканын күн сайын көрүп жатпайбызбы. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер бүлүнүп жок болуу абалына кептелди. Мындай жагдайда биз азыркы негизги олжобуз болгон тынчтык менен ынтымакты туу тутууга тийишпиз. “Үйүндө ыркы жоктун сыртта сыйы жок” дегендей, ич ара ынтымагыбыз жок болсо, бири-бирибиз менен жакалашып турсак, бөлөк-бөтөнгө сөз, душманга таба болобуз, мамлекетибиздин келечегине балта чабабыз” – деп баса белгиледи Чыныбай Турсунбеков.

СДПК алдыга бир катар албан максаттарды койду. Мисалы, коррупция менен күрөштү улантуу максаты. “Эгер акыркы беш жылда коррупция менен аёосуз күрөшүүгө эркибиз жетерин далилдесек, алдыдагы беш жылда коррупциядан тазаланган коомго айланабыз. Кыргызстанда жемкорлуктун айынан жылына 30 млрд сом жок болот. Мисалы, Кытайда коррупционерлерди атып жатышат, бирок тамыры кыркылып калган жок, жылына жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер атылат, бирок майнап аз. 2012-жылдан бери Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттарына карата 20дай, ал эми министрлер менен орунбасарларына, башка мамлекеттик мекеме жетекчилерине байланышкан 20дан ашык кылмыш иши козголду. 2012-жылдан бери антикоррупциялык иш чаралардан 3 миллиардга жакын сом мамлекетке кайтарылды. СДПКнын демилгеси менен “Таза ком” долбоору ишке салынууда. Анын маңызы – коррупциялык тобокелдиктер бар кызматтардын баарын автоматташтыруу, электрондук кызматка өткөрүү.  Керектүү иш кагаздарын, ар кандай маалыматтарды,  шашылыш керек документтерди алуу, төлөмдөрдү төлөө, деги күнүмдүк турмушуңа керектин баарын эч жакка барбай эле үйүңдө чай ичип отуруп эле алеки заматта бүтүрүп алсаң болот. Бул ишке аша турган жомок” – Ч. Турсунбековдун СДПКнын XIV съезддеги сөзүнөн.

 

Ак ийилет – сынбайт

Жаңы парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер тизмесин Чыныбай Турсунбеков баштап баратат. Саясат деген – чоң сыноо, эгер саясаттын туу чокусунда жүрсөң, жакшы-жаман сөз артыңан ээрчийт. Ошонун баарына чыдаш керек. “Мени кандай гана каралап жатышат? Ликер заводу боюнча эмнелерди гана айтышпады? Биринин артынан бири келип текшерди, мыйзамсыз эчтеме таба албагандан кийин тынчып калышты. Эми “Капитал” банкы боюнча ушактарды таратышууда. Сотко кайрылдык, эми жалган маалыматтары үчүн жооп беришет. Эми саясатта көрө албастык катуу өркүндөгөн. Мен окумуштуу катары да, ишкер катары да адал ишим менен абийир тапкам. Саясатта да беш жыл ичинде кыйла тажрыйба топтодум, партиялык ишти өздөштүрдүм. Мен өзүм жаратылышыман таза иштеген, калыс жүргөн инсанмын. Бул касиетимин партияма, өлкөмө пайдасы тийет деп ишенем”, – дейт Чыныбай мырза.

Ч. Турсунбековду студент кезинен билген филология илимдеринин доктору Абдыкалык Дунканаевдин баасына кулак салалы: “Ак эмгеги менен байыган адамдардын кулачы жайылган сайын, же кызмат мартабасы улам арткан сайын башкалардын ичин тарытат окшобойбу. Же өзү байый албайт, же өзгөнүн байыганын  көрө албайт, же эл кызматын аткара албайт, же эл кызматын аткаргандарды көрө албаган айрым шордууларга Чыкебиз «ит үрө берет, кербен жүрө берет» принцибинде мамиле жасады. Анткени, Чыныбай Турсунбеков – мыйзамдын сыйлаган, жалаң адал эмгегинен баар тапкан инсан. Алтынды канчалык көөлөсөң  да, баары бир жалтырап тура берет эмеспи. Чыныбай чынында эле чыныгы бай инсан”.

Жакшыны жакшыга улайбыз!

“Карт тарыхка көз чаптырсак, кыргыздар эң байыркы элдерге кирет, ата-бабаларыбыз убагында Евразиянын көз жеткис мейкиндигин ээлеп, күчтүү мамлекет түзүшкөн. Мына ушул тарыхый эстутум элибизге кайтып келүүдө. Ошентип, мындан беш жыл мурда “Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп табалаган “көз ачыктардын” тилеги таш капты. Кыскасы, Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды. Кыргызстандыктар өз жаныбызды өзүбүз бага аларыбызга, мамлекетибиздин жана эгемендигибиздин түркүгүн бекемдей аларыбызга, ушул Ала-Тоо жергесинде гана улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, тилибизди жана ата-бабалар мурасын сактап жана өркүндөтө аларыбызга көзүбүз жетти” – Президент А. Атамбаевдин Кыргызстан Эгемендигинин 24 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн сөзүнөн.

“Алмазбек Шаршенович таасын белгиледи. Кыйынчылыктар калкыбыздын эркин бекемдеди, кайратын арттырды, оорчулуктарда бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара аларыбызды көргөздү. Алдыдагы ааламдашуу, технологиялык доордун сыноолорунан да намыс менен чыгабыз деп ишенем. Биз азыр бай мамлекет эмеспиз, бирок кедей да эмеспиз. Биздин көкүрөгү эркин, акылы тунук, дайыма жакшылыкка умтулган элибиз бар. Бизде мунайзат сыяктуу бат бутка тургузган байлык жок. Бирок жоктон барды жасаган, караңгыда жол тапкан чыйрак жана сергек адамдарыбыз көп. Алдыда максаттарыбыз айкын. Биздин тирегибиз – дили таза, ак ниет адамдар” – деп алдыга ишеним жаратуу менен сөзүн аяктады Чыныбай Турсунбеков.

Курманбек Рыспаев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru