Айбат » Дүйшөн Ирсалиев: “Келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Дүйшөн Ирсалиев: “Келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу”

«Эгерде кайсы бир партиядан чыккан талапкер өз чөнтөгүнөн акча чыгарып жолго асфальт төшөп берсе, бул жалган сөз. Булар шайлоонун убагы келгенде ар кайсыны жазадык деп жатат. Бирок андай эмес. Мунун баарын мамлекет жазап жатат. Жолдорду, мектептерди мамлекет жазап жатат. Азыркы келаткан партиялар мамлекеттин ырыскысын жеп, эми силерге чачып, силерди сатып алып жатат. Алган акчаңар күнүмдүк. Бирок алар 5 жыл бою өз кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ошого сиздерден бирден бир сураанарым алданбагылачы, келечегибизди кенедей тыйын үчүн сатууну токтотолу» – деди Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районуна караштуу Семиз Бел айылынын шайлоочулары менен жолугушуу учурунда. Жолугушуу учурунда суроолор берилип, Семиз Бел айылында бала бакчасынын жоктугу да айтылды. Андан сырткары жаштарга спорт зал керектигин шайлоочулар айтышты. Дүйшөн Ирсалиев өз кезегинде колунан келгне жардамын аябаарын айтып кетти.

Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Семиз-Бел айылында Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 2



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru