Айбат » Дүйшөн мырза  – жаштардын ишенимдүү тиреги!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дүйшөн мырза  – жаштардын ишенимдүү тиреги!

Айылчы СарыбаевАйылчы Сарыбаев, КУУнун Экономика жана Финансы институтунун директору:

“Адамкерчиликтүү, эл менен жакшы мамиле кылган жигит”

– Дүйшөн Ирсалиев өзү интеллекти жогору, билими жакшы, адамкерчиликтүү, эл менен жакшы мамиле кылган жигит. өтө жоопкерчиликтүү чоң маселе чечилип аткан мезгилде мамлекеттин мүлкү 500 миллион долларга чейин сатылып аткан учурда, алардын акчасына кызыкпай, ишин таштап, өзүнүн чыныгы мамлекеттик ишмер, саясатчы, Кыргызстандын патриот жигити экенин көрсөңткөндүгү анын чыныгы эрдиги болду десем жаңылышпайм. Ал эми парламентке барып депутаттардын катарында болуп, парламенттин курамын күчөтүүгө, ошолор аркылуу мамлекеттин ири көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылса мактоого таттыктуу болот. Дүйшөн Ирсалиевге келе жаткан шайлоодо ийгилик каалайм!

 

Уран Рыскулов, “Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин тең төрагасы:

“Темир сариев айткан Ленин заводунун ийгилиги Ирсалиевдин эмгеги болгон”

– Дүйшөн Исмаиловичтин кылган иштерин туура деп айта алам. Президенттин аппаратынын жетекчисинин орунбасары болуп иштеп турганда да 3 жыл тыгыз иштештик. Мен “Кырк чоро” коомдук бирикмесинин идеологиялык бөлүмүн жетектеп турганда Дүйшөн мырза  коомчулук менен иштеп турду. “Кишинин айткан сөзүнө ишенбе, анын кылган ишине көз жүгүрт”, – деп бир философ айткандай, Дүйшөн мырзанын жасаган иштерин көрүп ичиң жылыбай койбойт. Ленин заводун менчиктештиребиз дегенде Жогорку Кеңештин депутаттарына каршы туруп, Ленин заводун сактап калды. Бүгүн Премьер-министр Темир Сариев “Ленин заводунда 1500 киши иштейт, биз өндүрүштү колдоп атабыз”, – деп айтып атат. Темир Аргенбаевич айткан Ленин заводунун ийгилиги Ирсалиевдин эмгеги болгон.

 

Эмил ТоктогоновЭмил Токтогонов, спортчу:

“Биздин мекенибизде ушундай адамдар бар экенине кубанам”

– Дүйшөн Ирсалиевди мен кыргыздын патриот инсаны катары билем. Айрыкча өзү өсүп-өнгөн Кочкор жергесине кылган эмгеги опол-тоодой десем жаңылышпайм. Кочкор районунун жаш спортчуларына, маданият кызматкерлерине, таланттарга демөөрчүлүк кылып, колдоо көрсөтүп жүргөнүн райондун эли мыкты билсе керек. Дүйшөн мырза бизге көп жылдан бери спорт буюмдарын, спорт аянтчаларын жасап берип колдоо көрсөтүп келди. Ал эле эмес, дүйнөлүк биринчиликке катышууда да чоң жардам берип, колдоо көрсөтүп турат, азыркыга чейин. Спорт жаатында демөөрчү, колдогон адамдар болбосо чет жактарга чыгыш бир топ эле кыйынчылык болот.  Биз, дайыма ар кандай спорт мелдештерине катышуу учурунда Дүйшөн Ирсалиев мырзага түз кайрылдык, ал киши колунан келген учурда жардамын аябады. Биз Дүйшөн мырзага окшогон чынчыл, элин ойлогон мырзаларыбызды дайыма колдошубуз керек. Буйруса Дүйшөн мырза күзгү шайлоодо парламентке аттанып жатат. Биздин мекенибизде ушундай адамдар бар экенине кубанам. Мындай кишилер келсе, Кыргызстан албетте өнүгөт. Алып барып жаткан ишине ийгилик каалап, депутаттык мандатын колуна алып калуусун тилейм. Ылайым Парламентке Дүйшөн мырзага окшогон эл көйгөйүн мыкты билген жөнөкөй, билимдүү, кесипкөй инсандар келсин!

 

Кубан Атабеков, журналист:

“Спорттук теледолбоордун чыгышына Дүйшөн Исмаиловичтин салымы чоң”

– Дүйшөн Исмаилович 2002-жылы КТРКда Аппарат жетекчиси болуп иштеп жүрчү. Мен, ал кезде жаңыдан телеге келип спорттук долбоор жазасам деп жүрчүмүн. Ал кездеги жетекчиликтерге оюмду жакшы түшүндүрө албай койгом. Долбоорду ишенимдүү коргош да керек. Ал долбоорду алып кетүү үчүн телеге жаңы келгендер эмес, дасыккан журналисттер керек болсо керек. Ошол кезде КТРКда спорттук долбоор жокко эсе болчу. Менин долбоорумду жетекчилер кабыл албай коюшкан. Айлам кетип Дүйшөн Исмаиловичке, акыркы ишенич катары «Ушул кишиге айтып көрөйүн, түшүнсө ушул киши түшүнөт», – деп кирдим. Кабинетине кирип, долбоорумду айтсам, ал киши мени жылуу кабыл алып, «Мен өзүм да спорт мектебинде окугам, спортту жакшы көрөм. Эч ойлонбой долбооруңду жасай бер. Спорттук долбоор КТРКга керек», – деп калды. Долбоорду өзүнүн жоопкерчилигине алып, коргоп берди. Анан «1200 секунд спорт» деген теледолбоорумдун тушоосу кесилди. Ал кишинин арты менен мен да эфирге чыгып калдым.  Учурдан пайдаланып Дүйшөн Исмаиловичке ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Кыргызда «Булак көрсөң – көзүн ач», – деген жакшы накыл сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, спорт жаатындагы бүгүнкү күндөгү жасалып жаткан иштерибизге чоң секирик жасап берди десем болот. Биздин чыгармачылыгыбызга кошкон салымы абдан чоң деп баса белгилеп кетким келет. Долбоор чыккандан кийин, бизге батасын берип, “чындыгында бизден ушундай жогорку деңгээлдеги долбоор болуптур”, – деп абдан ыраазы болгон эле. Кийин 2012-жылы биринчи жолу «Деңиз жылдыздары» деген долбоорду тарталы деп, бюджетин көп жазып алып, акча каражат жагынан кичине кыйынчылыктар болуп, Дүйшөн Исмаиловичке барсак, жарымынан көбүн чечип берген. «Деңиз жылдыздары» долбоорунун эфирге чыгышына түздөн-түз тиешеси бар. Мына күздөгү боло турган шайлоодо Дүйшөн Исмаиловичке окшогон кесипкөй, коомго пайда алып келген патриот инсандар келсе жакшы болмок. Дүйшөн мырзага боло турган шайлоодо ийгиликтерди каалап кетмекчимин.

 

Талгат ЖолдошевТалгат Жолдошев, коомдук ишмер:

“Кумтөр маселеси көтөрүлгөндө да эл тарапта болду”

– Дүйшөн Ирсалив кыргыздынкайсы тармакка барбасын Кыргызстандын келечеги болгон жаштарга колунан келген жардамын берип, аларды колдоп, көмөк көрсөтүп келет.  Анын буга чейинки кылган эмгегин эл өзү жакшы билсе керек. Мурунку кылган эмгектерин эмес, жакынкы эмгектерин айтсам Ленин заводун Мамлекеттик менчикке чыгарып, 1500дөй адамды иш орду менен камсыз болууга жардам берди. Кумтөр маселеси көтөрүлгөндө да эл тарапта болду. Коррупциялык иштерге аралашпаган, өзүн саясатта таза алып жүргөн, иштеген ишинин өтөөсүнө чыккан инсан. Мындай инсандарды парламентте көрсөк, менимче Кыргыз Республикасынын экономикасынын, калктын турмушунун өнүгүшүнө чоң салым болмок. Дүйшөн Исмаиловичке ийгилик каалайм!

 

Съездбек Искеналиев, ырчы:

“Дүйшөн Исмаилович өзүнүн иш тажрыйбасы менен бийиктикке көтөрүлө алган инсан”

– Дүйшөн Ирсалиев туурасында Кочкор районундагы эл арасынан мурун угуп жүргөм. Бирок, расмий түрдө ал адам менен тааныш эмес болчумун. Ал киши менен алгачкы жолу бир жашылыкта таанышкам. “Кочкор” деген ырым жарык көргөн эле. Ал киши менин ошол “Кочкор” деген ырыңды уктум мага жакты жолуга кет бир күнү”, – деп калды. Мен андан кийин эч нерсе оюмда жок эле барсам “чыгармачылыгың өркүндөсүн”, – деп аябай жакшы колдоо көрсөткөн. Дүйшөн мырза чыгармачылыкты баалайт. Ал киши мага жакшы таасир калтырган. Октябрь айында боло турган шайлоого талапкерлигин коюп жатканынан кабардармын. Дүйшөн мырзага ийгилик каалайм.

- Ушундай инсандар бийликке келсе, кандай өзгөрүүлөр болот деп ойлойсуз?

– Дүйшөн Исмаилович өзүнүн иш тажрыйбасы менен бийиктикке көтөрүлө алган инсан. Мындай, мекен үчүн иштеген инсандар албетте ишеничти актай алат деп ишенем. Ушундай агаларыбыз эл арасында көп болсо, Кыргызстан өнүгөт эле. Мен Дүйшөн мырзага ишенем, албетте Жогорку Кеңешке келип, парламентте эл өкүлү болуп иштеп, элдин алкышын алат деп ойлойм. Анткени Дүйшөн мырза кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири. Мындай инсандарды колдон чыгарбашыбыз керек.

Төлөбүбү Касымалиева




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru