Айбат » Дүйшөн Ирсалиев: “Ленин заводу кайра ишке киргизилип, 1200 жумуш орду түзүлдү”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дүйшөн Ирсалиев: “Ленин заводу кайра ишке киргизилип, 1200 жумуш орду түзүлдү”

2015-жылдын 23-сентябрында КР Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дүйшөн Ирсалиевдин Кочкор районундагы Кара Күнгөй айылынын тургундары менен жолугушуу өттү. Шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Д. Ирсалиев: «Кыргызстан өнүккөн  мамлекеттердин катарына кирүүгө толук 100% мүмкүнчүлүгү бар. Биздин жердештерибиз башка мамлекеттерге барып иштеп жатышат. Биз буюрса аларды жумуш орундары менен камсыздап өз өлкөбүздө эмгек кылууга шарт түзүп  беришибиз керек. Буга чейин Ленин заводу СССР убагында 30 миң жумуш орду менен камсыз кылып келген. Кийин аны талап-тоноп, калганын мамлекетке кайтарып, азыркы тапта 1200 жумуш орду түзүлдү. Ошону менен бирге дүйнө жүзүнө “Калашников” автоматынын огун чыгарып жатат. Буга чейинки менчиктештирилип кеткен 100дөн ашык бала бакчаларды мамлекеттин балансына кайтарып алдык. Мындайынан алып келгенде мамлекетибиздин потенциалы күчтүү өнүгүп кетүүгө жана элибизди туруктуу айлык маянасы жогору жумуш менен камсыздоодо. Биз, СДПК партиясы ушул маселени чечебиз, жердештерибиз сыртка, башка өлкөгө барып иштебей, өзүбүз үчүн, өзүбүздүн  мамлекет үчүн эмгек кылышат» – деди.

Ленин заводу



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru