Айбат » Дүйшөн Ирсалиев Кара-Суу айылында болуп кайтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дүйшөн Ирсалиев Кара-Суу айылында болуп кайтты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына СДПК партиясынан талапкер Дүйшөн Ирсалиев Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы шайлоочулары менен жолугушту. Жолугушууда ар кандай маселелер, айыл көйгөйү боюнча сүйлөшүп, шайлоочулардын көбү өздөрүн тизмеден таппай жаткандыктарын жана айыл жаштарына спорт залынын жоктугун айтышты. +з кезегинде Дүйшөн мырза шайлоочулардын тизмеси боюнча айыл өкмөт  тарабынан такталаарын жана спорт залдын курулуусуна жардам берээрин айтты.  Д. Ирсалиев: «Азыркы учур Кыргызстан үчүн эң бир өнүгүүгө кадамын таштаган учур. Биз эң биринчи кезекте Датка Кемин чордону аркылуу электр энергия тармагынан көз карандыздыкты алдык, экинчиден, тышкы саясатыбызды ирээтке келтирдик. Буга мисал Президентибиз А. Атамбаев араб мамлекеттери менен алака түзүп, бүгүнкү күндө алардын элчиликтери Кыргызстанда өз ишмердиткерин аткарып жатат. Ошону менен бирге Кыргызстандын аймагын тагыраак айтканда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу курулуп жатат. Бул иштерди аткаруу менен элдин аз да болсо бейпил жашоосуна шарт түзүп жатабыз. Эми биз бул жазалган кадамдарды токтотпостон алга жылдыруу керек. Ошого мамлекеттин Президенти аткарып жаткан ишин дагы улантышы үчүн СДПК партиясына добуш бериңиздер. Биз буюрса сиздердин үмүтүңүздөрдү актайбыз»

Сапаров Сайырбек



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru