Айбат » Жаркын Ибраева: СДПКнын идеялогиясы мамлекетибизди алдыга сүрөйт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаркын Ибраева: СДПКнын идеялогиясы мамлекетибизди алдыга сүрөйт

Жаркын ИбраеваЖогорку Кеңештин депутаттыгына кыргыздын дагы бир кыраан, иш билги, кесипкөй, патриот кызы Жаркын Ибраева аттанып отурат. Жаркын айымдын Кыргызстандын жаштарына кылган эмгегин айтып түгөтө албайсың. Анын кыргыз журналистикасына кошкон салымы опол-тоодой десек болот. Азыркы эл оозуна алынып, күйөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон бал тилдүү, интеллекти жогору журналисттердин көбүн Жаркын Ибраева тарбиялап өстүргөн.

 

Балалыгы

Жаркын Ибраева жөнүндө сөз кыла турган болсок, кыргыздын кымыз жыттанган патриот кызы десек болот. Балалыгынын таттуу күндөрү Нарын облусундагы Аксай, Арпа, Карга Жайлоо сыяктуу атактуу жайлоолордо өткөн. Атасы Ыбырай жылкычы, чабан болуп иштеген айылындагы ардактуу аксакалдардан болгон. Бээ, уй саап көмөчкө нан бышырып, кийиз басып, кичинесинен жумушка бышкан каарманыбыз, жылдыздары түндүктөн түртүшкөн керемет жайлоодо атасынын колундагы Сынган кылыч китебин  5 жашында окуп тамганы Алиппе эмес, Сынган Кылычтан тааныган. Мектепти күмүш медаль менен бүтүп, жогорку окуу жайында журналистика боюнча билим алган.

Жаркын Ибраева Нарын шаарына алгачкылардан болуп “Алмаз” радиосун ачкан

2002-жылы Нарын шаарында биринчи жолу көз карандысыз “Алмаз” радиосу ачылып Теңир Тоолук жаштарга биринчилерден болуп сөз эркиндигинин желаргысы согуп, а жаштарга көңүл ачуучу музыкалык радио программалар ачылган. Ошол кездеги Жаркын ачкан радионун артынан бир бүтүндөй муун тарбияланып өстү. Алмаз радиосу Нарын облусун ар тараптуу маалымат менен камсыз кылып турду. Аны менен катар Жаркын Азаттык радиосунун Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеп, кесипкөйлүгүн арттырды десек болот. 2005-жылдагы март окуясында Кочкордогу жол тосууларда, февраль айында Кочкордогу кара суукту элестетип көрүңүздөр ошол учурда кыз башы менен түнкү саат эки үчкө чейин митингчилер менен жүрүп окуяны түз чагылдырып турган. Андан кийин Жумгалда Кара-Кечени басып алганда да ошол жакта жүрдү. Теңир-Тоодогу орчундуу окуяларды туура түз таамай элге жеткирип турду.

 

“Алмаз радиосу, naryn.kg сайты аркылуу Нарынга миңдеген доллар инвестиция тарткан

2007-жылы облуста ЕККУ нун жардамы менен naryn.kg сайтын ачты. Нарын шаарында жаштар журналистикага кызыга башташты. Алмаз радиосу, naryn.kg сайты аркылуу Нарынга миңдеген доллар инвестиция тартты. Ошо жылдары Бакиевдин бийлиги Де-Факто гезитинин ал кездеги редактору Чолпон Орозобекова куугунтук баштап гезитке миллион сом айып салган. Жаркын өзүнүн командасы менен бир сомдон чогулткан акцияны башташып. Ошол кездеги прокуратура милиция УКМК кызматкерлери тарабынан байма бай эскертөөлүрдө алып,  чакыртылып турган.  2010-жылдагы Апрель окуясынын алдында Нарын шаарында электр тарифтеринин кымбатташына байланыштуу алгачкы нааразычылык акциясы 5 миңге чукул элди чогулткан. Ал уюштуруучулардын катарында Жаркын да бар эле. Ошол күн ал митингде жүргөндө бийлик радиосунун кабелин кесип кеткен. Теңир Тоодон чыккан чоң күрөш бөтүндөй республиканы кучагына алды кийин. Ал кездеги бийликке каршы нааразы болгон элдин бараар жери Жаркындын кеңсеси болгон. Бийликтин кысканына карабай ар тараптуу материалдар интернет аркылуу республикага, бүт дүйнөгө тарап турду. Ошол жылы кар белчеден жааган, свет байма бай өчүп, кыжырланган эл лидерлерди өздөрү издеп, эл башында туруп берүүгө чакырышкан. Жаркын облустта журналист болуп иштеп турганда облустун 5 районунда журналистикага кызыккан жаштар гезит, сайт ачышты.

 

Жаркын айым мыкты журналисттерди тарбиялап өстүрдү

Жаркын учурда Бишкекте иштеп жаткан бир топ атактуу журналисттерди тарбиялап өстүрдү, алардын катарында Токтосун Шамбетов, Мирлан Токталиев (Азаттык), Алмагуль Турдалиева (Санжыра), Жанна Усубалиева (ЭлТР), Канат Кадыржан (Миң Кыял). СДПК  катарында Жаркын сыяктуу жер жерлерде активдүү иштеген адамдардын болуусу менен күчтүү. Партиянын идеалогиясы партиянын программасы биздин Кыргызстанды өнүктүрө алат деп ишенген, адамдарданмын, аны аткарылып жаткан иштер аркылуу билип жатам дейт кааарманыбыз өзү.2011-жылы болгон президенттик шайлоодо Нарында Алмазбек Шаршеновичтен интервью алгам. Алмаз Шаршенович ошондо партия курч жаштарга, татыктуу кадрларга жана ишинин майнап чыгарып иштей ала турган амадарга ишенээрин айткан.  Биз партиянын катарына бийликке келүү, мансапка ээ болууу эмес, болуп жаткан тарыхый окуялардын куруучусу, катышуучусу катары калгым келет дейт Жаркын Ибраева.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru