Айбат » Эмил Алымкулов: Иште талапты катуу койгон жетекчи

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эмил Алымкулов: Иште талапты катуу койгон жетекчи

Алымкулов ЭмилбекАлымкулов Эмил Абдыраимович СДПК партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатат. Анын кылган иштерин Нарын эли жакшы билет. Өзүнүн баштаган ишинин аягына чыккан, кесипкөй мырзаны барган жерде сый-урмат менен кабыл алышат. Талапкердин балалыгынан тарта, азыркы жараткан ийгиликтери жөнүндө жазууну туура көрдүк.

 

Балалыгы

Эмил Абдыраимович Нарын районунун Оттук айылында төрөлүп, балалыгы ошол айылда өткөн. Бала кезинен эле зирек, бир нерсеге жөндөмдүү, айткан нерсени бат илип алган жигит болгон. өзү теңдүүлөрдөн ошондо эле айырмаланып мектепти алтын медаль менен аяктаган. Билимин андан ары улантуу максатында Фрунзе шаарындагы Айыл чарба институтуна тапшырып, 1988-жылы аталган университетти артыкчылык диплому менен аяктаган. Андан ары Москвага аспирантурага бараарда атасы Абдраим уулунун Москвага кетишине каршы болуп, айылга алып келген.

Үлгүлүү үй-бүлөөнүн уулу

Атасы  Абдыраим ата  Ленин”, “Октябрь революциясы”, “Ардак белги” ордендеринин ээси, Куйбышев, Жданов колхоздорунда, азыркы Миң-Булак, Чет-Нура айылында көп жыл башкарма болуп, эл баккан, эл сыйлаган кадыр-барктуу адам болгонун,  апасы Табылкан апанын колунан көөрү төгүлгөн уздугун, сөз багып – ыр жазгандыгын эстешип,  айылда улуу-кичүү дебей  астыларынан кыя өтпөй сыйлагандыктарын айылдаштары эскерип айтышат. Эмил Алымкулов ушундай үлгүлүү үй-бүлөнүн баласы болуп, атанын атын булгабай, “Атанын уулу” деген сөздү ыйык тутуп, бул сөздүн канчалык бийик экендигин дайыма жүрөгү менен сезип, татыктуу болууга аракет кылып келди. Каарманыбыз  үйдө да камкор ата, 2 уул, 2 кызды жубайы Анара менен татыктуу тарбиялап өстүрүшүп, үлгүлүү үй-бүлөөлөрдүн катарын толуктап келишет.

 

Алган наамдары

Жер айдап фермер болуусу да айылдын, айыл чарбанын шартын жакшы билгенге түрткү берип, айыл чарба багытында көп алгылыктуу иштери жүргүзө алды. Анын натыйжасында Нарын облусунун, Нарын районунун “Ардактуу Атуулу”, “КР Айыл чарбасынын мыкты кызматкери” наамдарынын ээси болду.

Эмгек жолу

Эмил Абдыраимович эмгек жолун Тянь-Шань колхозунда  зоотехник адистиги менен баштаган.  1988-2007-жылдары  Тянь-Шань районуна караштуу Комунизм колхозунда башкы зоотехник,  облус боюнча “ТАСИС-3” эл аралык долбоорунда консультат, Тянь-Шань асыл тукум заводунда директор, “Улар” фермердик чарбасынын жетекчиси болуп эмгектинип келген. “Аккан арыктан суу агат” – дегендей 2007-2009-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 2009-2010-жылдары Ак-Талаа райондук  администрациясынын башчысы-аким, 2010-2014-жылдарда Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп, учурда “Жогорку-Нарын-Каскады” ЖАКда аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жатат.

Саясатка болгон кадам

2007-жылы Бакиевдин учурунда айрым чиновниктер эмес карапайым элдер СДПКсынын атын атагандан коркуп турган кезде эле партияга мүчө болуп кирип, партиянын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүп, облустук конференцияны өткөрүүгө  катышкан. Э.Алымкулов бардык тармакта иштин көзүн билген, акыйкат, адилеттүү иштеп, дасыккан кадр катары таанылып,  элдин оозуна алынды. Аны иште талапты катуу койгон жетекчи, өз учурунда суу өтүктү кийип сугат сугарган дыйкандын түйшүгүнөн баштап мамлекеттик саясий кызматчынын түйшүгүн жана жоопкерчилигин  терең түшүнгөн кызматкер, ошо менен эле катар адамкерчилиги бийик, дайым түз жүрүп, чындыкты сүйлөгөн таза адам экендигин чогуу иштеген кесиптештери, жердештери дайым айтып келишет. 2010-жылдагы  Апрель окуясы Нарын жергесин да козголтуп турганда,  Э.Алымкулов губернатордун биринчи орун басары болуп бийликте турганына карабастан,  эл аны кетирген жок.  Себеби, эл анын ак, таза экендигин билишчү.

“Жогорку-Нарын-Каскады” ЖЧКда иштеп жатып, жергиликтүү  эл менен “РусГидро”  ишканасынын ортосунда көпүрө болду

Дайыма чындыкты сүйлөгөндүгү, кайсы тармак болбосун иштин көзүн билгендиги, убаданы бек туткан, сөзгө бек жана ошол эле учурда жөнөкөйлүгү жана элдин ишенимине киргендиги  менен  Теңир-Тоо элинин сыймыктанган уулу. “Жогорку-Нарын-Каскады” ЖЧКда иштеп жатып, жергиликтүү  эл менен “РусГидро”  ишканасынын ортосунда көпүрө болуп, жерге байланышкан бир топ маселелерди элге туура түшүндүрүү менен мыйзамдуу чечүүгө салым кошуп келет. Аталган ГЭСтердин Теңир-Тоо, Кыргызстан үчүн мааниси зор экендигин жердештерине түшүндүрүүдөн тажабайт. Ушундай алгылыктуу иштердин натыйжасында ГЭСтер курулуучу жерлерди жергиликтүү эл бөлүп берди. Ошол эле учурда, СДПКнын Нарын облустук штабын жетектеп, ЖК депутаттыгына талапкер болду. СДПКнын идеяларын ишке ашырууда өз салымын кошуу үчүн ушул партиянын мүчөсү болуп жүргөндүгүн айтып, “…Кыргызстандын өнүгүшү үчүн биз СДПК күчтүү партия болуп, бул шайлоодо парламентке көпчүлүк добуш менен барышыбыз керек. Ошондо Президентибиздин реформаларынын тезирээк ишке ашышына чоң түрткү беребиз”,- деп өз оюн билдирип келет Эмил Алымкулов.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru