Айбат » Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча өзүнүн версиясын билдирди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча өзүнүн версиясын билдирди

границаӨзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин басма сөз кызматы кыргыз-өзбек чек арасында болуп өткөн окуя боюнча өзүнүн версиясын билдирди.

Рodrobno басылмасы кечээ, 20-июнда Өзбекстандын УККнын алдындагы Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча комитетинин маалыматын таратты.

Ага ылайык, 19-июнь күнү саат 23:50лөр чамасында Фергана облусундагы Гүлпиян айылынын «Охунхожи» көрүстөнүнүн аймагындагы бакчада мамлекеттик чек араны бузуп, 3 автоунаа турганы байкалган.

Чек арачылардын токтотуу боюнча талабын алар укпастан Өзбекстандын аймагына кирип кете берүүсүн уланта беришкен. Андан соң аларды токтотуу максатында чек арачылар эскертүү ирээтинде асманга ок атышкан. Эскертүү берилгенине карабастан, чек ара мыйзамын бузгандар жүрүшүн андан ары улантып, изин жашырып кетүүгө аракет кылышкан.

Бул учурда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери аларды кармоо максатында автоунаага атууга мажбур болушкан.

Андан кийин унаалардын бири, мамлекеттик номери О 0053 М болгон «Фольксваген» унаасы токтогон. Калган экөө Кыргызстандын аймагы көздөй качып кетишкен.

Бул учурда окуя болгон жерде Кыргызстан тараптан 30га жакын белгисиз адамдар пайда болуп, өзбек чек арачыларына таш менен ургулап киришкен. Жыйынтыгында Өзбекстандын чек ара кызматынын аскери ар кандай оор жаракат алган.

Андан пайдаланып чогулган тарап жаракат алган аскерди Кыргыстандын аймагына алып кетүүгө аракет кылышкан.

Абалдан пайдаланып, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу белгисиз адамдардын жашыруусу менен кир жуучу порошок, самын, шампунь жүктөлгөн автоунаасын таштап Кыргызстанды көздөй кеткен. Алынган маалыматтар боюнча, ал алган жаратынан улам Кыргызстан аймагында каза болгон.

Окуяны тактоо максатында аталган аймакта эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуулары уюштурулду

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru