Айбат » Топчубек Тургуналиев: “Кыргызстан” партиясынын сепаратисттер менен жолуккан талапкерлерин сот жообуна тарттырыш керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Топчубек Тургуналиев: “Кыргызстан” партиясынын сепаратисттер менен жолуккан талапкерлерин сот жообуна тарттырыш керек”

Топчубек Тургуналиев- Топчубек мырза, эркин гезиттердин бири “Кыргызстан” партиясынын лидерлери өзбек сепаратисттердин жакындары менен жолукканын жазып чыкты. Андагы маалыматка таянсак 23-августта “алко магнат” Шаршенбек Абдыкеримов баштаган партия лидерлери сыртта качып жүргөн сепаратисттердин жакын санаалаштары менен жолугуп, колдоо сураган экен. “Кыргызстан” партиясынын мындай аракетин кандай баалайсыз?

– Дегеле сепаратисттер менен жолугушуу, мамиле куруу, бийликке аралаштыруу мыйзамга каршы келет. Ошондуктан мындай талапкерлерди БШКдан чыгарттырып, соттош керек. Элдин келечегин ойлобой, сепаратисттер менен жолугуп, мамиле кургандардын өздөрү дагы сепаратист. Ошондуктан, тез аранын ичинде чара көрүү зарыл. Аталган партияны “клон” партия деп айтмакмын. Анткени кыргыз менен өзбекти чабыштырган чыккынчылар менен жолукканы, клондук иш деп түшүнүшүбүз керек. Булардын эң биринчи максаты: өзбек улутундагы электоратты алуу болуп, мамлекеттин кызыкчылыгын унутта калтырууда. Булардан эч жакшылык күтүп болбойт.

- Ошондой эле басылма жазгандай Ш. Абдыкеримов Өзбекстандын “мыйзамдагы уурусу” атыккан Салимбай Абдувалиев (Салим байбача) менен түштүктө бизнес кылууну пландап жатыптыр. Парламентке аттанып жаткан саясатчынын мындай аракети Кыргызстанга коркунуч жаратпайбы?

– Ооба. Сөзсүз коркунуч алып келишет. Анткени, мыйзамдагы ууру атыккандар, криминалдар мамлекетке башынан чоң коркунуч алып келишкен. Ошондуктан, кеч боло электе токтотуу зарыл. Анткени андай адамдар менен мамиле түзгөн талапкерлерден баарын күтүүгө болот. Буларың биздин элибизди, жерибизди ойлошпойт окшойт.

- Мындан сырткары алар өзбек өкүлдөрүн дагы жогорку кызматтарга тартаарын убада кылып, шайлоодон жеңип чыкса 400төн 1600гө чейин ар кыл деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарды алышаарын, анан аларгада ошол кызматтарды ыйгарууну убада кылыптыр. “Кыргызстан” партиясынын мындай планы кайра эле улут аралык жаңжалга себеп болбойбу?

– Бул жагдай Акаевдин учурунда эле калыптанган эле. Өзү барып алып ашын жеп, добуш алуу үчүн ар кандай кадамдарга барган эле. Дал ошол көрүнүш биздин азыркы талапкерлерде да байкалууда. Алар үчүн мамлекет жана элдин кызыкчылыгы роль ойнобостон, кантип добуш алып, кантип парламентке өтөм деген ой менен жүрүп калышты. Ошондуктан ыплас адамдар бийликке баратканына тиешелүү органдар, БШК бөгөт коюуусу абзел.

Айбат гезити №147



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru