Айбат » Канчалык ызы-чуу болбосун алтын кени мамлекеттин капчыгын толтуруп жатат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Канчалык ызы-чуу болбосун алтын кени мамлекеттин капчыгын толтуруп жатат

АлтынПарламенттик шайлоо старт алып өлкөдөгү бир катар ызы-чуу коштолуп келген маселелер тынчый түшкөндөй болду. Алардын катарында “Кумтөр” алтын кени да бар. Негедир беш жыл мурда эл алдында “Кумтөр” маселесин чечебиз деп убада берген партиялар бул жолу унчукпайт. Мүмкүн беш жыл парламентте аны ары бери тартып чече албай койгонунан уялып жаткандыр.

“Кумтөр” алтын кени айланасында канчалык ызы-чуу болбосун ишкана өз ишин токтотпой, мамлекетке миллиондогон кирешелери алып келүүдө. Тилекке каршы, 5-чакырылыштагы парламент 5 жыл бою дал ушул “Кумтөр” маселесин ары тартып, бери тартып отуруп чече алышкан жок. Албетте буга биринчи кезекте депутаттар өздөрү күнөөлүү. Жогорку Кеңештин депутаттарынан кайсы бир тобу улутташтыруу деп төш какса, дагы бир топ депутаттар “тартып алыш керек” деп жатты. Бирок, инвесторлор менен тил табышып, өлкөнүн да, инвесторлорун да кызыкчыгын коргогон чечимге келе алышпады. Кыскасы беш жыл бою дал ушул парламент “Кумтөр” боюнча бир пикирге келе алышпай койду. Кандай болгон күндө деле “Кумтөр” кени күпүлдөп иштеп мамлекеттин бюджетин толтурууда. Мисалы, 2015-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ишкана республикалык бюджетке салык катары 4 миллиард 332 миллион сом төлөгөн.

Өлкөнүн каржы министрлиги “Кумтөрдөн” түшкөн каражаттын суммасы көп маселени чечерин айтып, кийинки жылы салык дагы көбөйө турганын билдирди. “2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда “Кумтөрдөн” алынчу дүң кирешеге салыктын суммасы 5 миллиард 363 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда”, – деп айтылат аталган билдирүүдө. Чындыгында “Кумтөр” алтын кенинен түшкөн киреше Кыргызстандын бюджетинин түркүгү деп айтсак болот. Бул кен иштебей калган учурда республикалык бюджетке 2,8 млрд сом түшпөй калат. Бирок бул толук сандар эмес, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна, Соцфондго чегерүүлөрдү да эске алыш керек.

Жалпы сумманы эсептегенде жыл сайын бул кенден 5 млрд. сомдон ашуун пайда түшөт. Мындан сырткары, 1,5 миң жумушчу, ага кошумча тамак-аштарды жана башка каражаттарды жеткирген ишканаларда да миңдеген адамдар эмгектенет.  Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп, акыркы беш жылда демократияга багыт алды. Өлкөдө сөз эркиндиги орноп, өнүккөн мамлекеттердин жолуна түшүп баратабыз. Бирок, саясий багытыбыз туура баратканы менен экономикалык жактан дагы деле аксап жатабыз. Жакында Жер үй кени ишке киргени турат. Бирок, ага да айрым саясатчылар тымызын бут тосуп, иштетпөөнүн айласын издөөдө. Кыргызстан алдыга карай өнүгөм десе, жарандар бакубат жашоону кааласа инвесторлорго бут тоспой алар менен тил табыша иштөөнү үйрөнүшүбүз керек. Мисалы азыркы учурда “Кумтөр” боюнча келишимди жокко чыгып, анын иши токтой турган болсо өлкөнүн экономикасы кескин төмөндөйт. Өнөр-жайы 50 пайызга, экспорт 50 пайызга, жана ички дүң продукция (ИДП) 11 пайызга кыскарат. Дефолт деген балээ дал ошондо башталат. Ошондуктан биз кандай болгон күндө да тоо кен тармагына мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мына, 3-4 айдан бери ызы-чуусу жок эле “Кумтөр” казынага миллиондорду которуп күпүлдөп иштеп жатат. Ишканалардын иштеп турганына эмне жетсин.

Айбат гезити №147




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru