Айбат » Турганбаев туурасын айтты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Турганбаев туурасын айтты

Мелис ТурганбаевАлдыдагы парламенттик шайлоо күнүндө жана андан кийин да коомдук тартипти сактоо үчүн министрлик зарыл болгон бардык иш чараларды көрдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине анын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

“Бүгүнкү күнгө чейин саясый партиялар тарабынан үгүт иштерин жүргүзүү учурунда 20 мыйзамга жатпаган көрүнүштөр катталды. (Үгүт банерлерин айрып кетүү, тигил же бул партиянын таламын талашкандардын өз ара жакалашуусу ж.б.). Булардын айрымдары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми алдыдагы шайлоодо, ошондой эле андан кийинки мезгилдерде коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында 9310 милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштемей болду. Андан сырткары 10 миң жарандык кошундар ишке тартылып, алар атайын желет жана керектүү шаймандар менен камсыз болот”,-деп билдирди басма сөз катчысы.

“Мындан тышкары жер-жерлерде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоонун жүрүшүнө таасир эткени байкалса, ал үчүн ошол райондун же аймактын ички иштер бөлүмүнүн башчысы керт башы менен жооп бермей болду. Бул тууралу ИИМ министри Мелис Турганбаев селектордук жыйында катуу эскертти. Ошондой эле жер-жерлерде, шаарларда, аймактарда шайлоо учурунда мыйзам бузуулар каттала турган болсо, башка күч структуралары, шайлоо комиссиясынын жетекчилери менен бирдикте чукул иликтөө үчүн оперативдүү тергөө топтору түзүлдү. Дегеле, шайлоо учурунда мыйзам бузууга барышса жоопкерчилик катуу болору шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлерине эскертилген”,- деп айтылат билдирүүдө.

“Дагы бир эске албай койбой турган жагдай, шайлоо учурунда диний экстремизмди да көз жаздымда калтырууга болбойт. ИИМ шайлоо мезгилинде бул багытта  да зарыл болгон иш чараларды алып бармакчы. Министрлик өлкөбүздүн башка күч структуралары менен биргеликте алдыдагы шайлоонун жүрүшүндө, андан кийин да коомдук тартипти камсыз кылганга толук даяр”,- деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев кечээ Өкмөттө өткөн Координациялык кеңешмеде шайлоого даярдыктын жүрүшүндө жана шайлоо күнүндө, андан кийинки мезгилде да ар кандай күтүүсүз кырдаалдын чыгып кетпеши  үчүн – өлкөнүн  күч структуралары, жергиликтүү бийлик алдын ала биргелешкен иш аракеттин планын иштеп чыгуусу зарыл экендигин айткан болчу.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №147




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru