Айбат » Аймактар өнүксө – өлкөдө бакубат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аймактар өнүксө – өлкөдө бакубат

Акыркы 3-4 жылда элдин келечекке болгон ишеними бекемделип калды. Андай ишенимди  СДПК партиясы жаратып берди. Анткени 2010-жылкы окуялардан кийинки  кыйчалыш кырдаалдан чыгууда, парламенттеги ынтымакты кармоодо СДПКнын ролу чоң болду. Өлкөдөгү тынчтык, жакшы өзгөрүүлөр региондорго деле жакшы таасирин тийгизди. Төмөндө ЖК депутаттыгына СДПК партиясынан айрым талапкерлердин пикирлерине орун беребиз.

 

Жылкыбаев УзарбекУзарбек Жылкыбаев:

«Туризмде миллиарддар жатат»

Мен өзүм кеңири аралашып жүргөн туризм тармагын алалычы. Өткөн жылы Көлдө “Көчмөндөр оюндары” өткөрүлдү. 19 өлкөдөн өкүлдөр келишти. Президент өзү башында турду. “Ай, кыргыздар, колуңардан келбейт го?” деп сынап  карап тургандардын тилеги таш капты. Көчмөндөр оюндары күткөндөгүдөн да жакшы өттү. Мына ушул жалпы элдик иш элге дем берет экен. Экинчи жагы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Акыркы жылдары Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракеттери күч алды. СДПК партиясынын демилгеси менен Тоо кластери долбоору иштелип чыкты. Ысык-Көлдө жайкы сезон болгону 2 айга созулат. Ал эми кышкы сезондун убактысы бери эле болгондо 5 ай. Демек, бул жагынан киреше табуунун булагын көбөйтүшүбүз керек. Бир эле “Каприз” лыжа базасынын аркасы менен Кара-Колдо  мейманкана, ашкана, сауна жана башкасы болуп жүздөн ашык ишкана иштеп жатат. Ал эми тоо көп. Лыжа базасын кура турган жайлар мына ушул Ысык-Көлдө эле ондоп саналат. Жалаң эле мына ушул кышкы туризмден канча киреше тапса болот, канча жумушчу орун түзсө болот? Кыргызстанда кышкы туризмдин келечеги кенен.

Туризм тармагы жөнүндө Ысык-Көлдүн кудай берген касиетин толук пайдаланып, көлдө спорт туризмин,  медициналык туризмди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү да өтө кеңири. Туризмдин  өнүгүшү  менен  айыл чарбасы да кошо өнүгө берет. Анткени, өндүрүлгөн продукцияны сатып-өткөрүү рыногу пайда болот.  Канча көп турист келсе – ошончо азык-түлүк керектелет да.

Ошентип, СДПК партиясынын демилгеси менен ишке ашып жаткан иш-чаралардын, ар тармактарда  кабыл алынган программалык документтерди ишке ашыруунун натыйжасы жаман болгон жок.

 

Автандил КулбараковАвтандил Кулбараков:

“Жакшылык жолдору салынууда”

Биз бакубат Кыргызстанды курууну максат кылып жатабыз. Демек, ар бир региондун өнүгүшүн камсыз кылууга тийишпиз. Алыс барбай эле өзүм туулуп өскөн Жумгал районун айталычы. Жумгал айыл чарба району, анын ичинен мал чарбачылыгына басым жасалат.

Бирок, Жумгалда айыл чарбасынан тышкары өндүрүштү өнүктүрүүнүн потенциалы абдан чоң. Запасы жүздөгөн жылдарга жете турган көмүр кени жатат. Башка кендерибиз бар.

Мынакей Түндүк-Түштүк автожолунун биздин район аркылуу өткөнү дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Транзиттик жол жээгинде жайгашкан аймак сөзсүз өнүгөт. Жол жээгинде ар кандай кызмат көрсөтүү ишканалары ачылат, мейманканалар курулат. Жаңы жумуш орундары түзүлөт. Жумгал өрөөнү үчүн дагы бир жакшы жаңылык темир жол келет. ТЭЦ курулганы жатат. Мына ушунун бардыгы жакынкы 5-10 жылда Жумгал өрөөнү мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрөт, өнүгүү жолуна түшөт.

Дагы бир айта кете турган нерсе  тышкы иневстицияга басым жасап эле, ички инвесторлорго анча көңүл бурулбай келатат. Ушул жагын колго алсак жакшы болмок. Ички инвестордун жакшы жери, курган курулушу, тапкан кирешеси кыскасы ошол өндүрүшкө байланышкан бардык нерселери Кыргызстандын ичинде калат.

 

Алтыбаева АйнуруАйнуру Алтыбаева:

“Жаңы жерлер өздөштүрүлөт”

Мен 5-чакырылыштагы ЖК депутаты катары аймактарды көтөрүү маселесин талкууга тынбай катышып келдим. Чынында эле региондор өнүкпөсө өлкөбүз өнүкпөйт да. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн, өз мүмкүнчүлүгүнө жараша  мамлекеттик деңгээлдеги  аракеттерди көрүшүбүз керек. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында мына ушул нерселер камтылган. Каражат табуунун булактары да белгиленген.

Мисалга алсак, Улуттук стратегияда 50 миң гектар жаңы айдоо аянтын пайдаланууга киргизүү деп белгиленген. Бул колдон келчү жумуш. Республиканын аймагында бир катар ири каналдар  казылып, мурда иштен чыгып калган 400 бургу калыбына келтирилет. Демек, миңдеген гектар сугат аянттары пайдаланууга берилет. Агрардык республика болгондон кийин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү ишканаларын курууга басым жасалат.

Эгерде кийинки чакырылышка да депутат болуп калсак, аймактарды көтөрүү багытында иштерди улантам. Инвестиция  боюнча мыйзамдарды кайрадан карап чыгып, ылайыгына жараша өзгөртөө-толуктоолорду киргизүү зарыл.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru